Загрузка документа…
КР Президентинин 2020-жылдын 29-сентябры ПЖ № 178 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 21-октябры ПЖ № 211
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жободо:
5-пунктунда:
тогузунчу абзац "аны колдонуу маселелеринде" деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну кошо алганда," деген сөздөр менен толукталсын;
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"статистикалык маалыматты, ошондой эле эсепке алуу бирдигинин деңгээлинде баштапкы администрациялык маалыматтарды топтоо, сактоо, коргоо иштерин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын купуялуулугун сактоо.";
6-пункттун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"статистикалык маалыматты, ошондой эле эсепке алуу бирдигинин деңгээлинде баштапкы администрациялык маалыматтарды бекем коргоону жана сактоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын купуялуулугун сактоо;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |