Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 11-декабры ПЖ № 276
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын курамындагы өзгөрүүлөргө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамын жана милдеттерин тиешелүү түрдө түзөтүү зарылдыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Жумушчу топ бардык кызыкдар мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана жарандык коом уюмдары менен кеңири талкуулоонун негизинде 2016-жылдын 1-мартына чейин төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке киргизсин:
1) 2015-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо апробациядан өткөн инновациялык жетишүүлөрдү "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо процессине имплементациялоо;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө аныкталган мүчүлүштүктөрдү, атап айтканда депутаттардын акыркы тизмелериндеги гендердик, этностук жана башка квоталардын кепилдигин мыйзамдык камсыз кылуу бөлүгүндөгү мүчүлүштүктөрдү жоюуга багытталган "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын өркүндөтүү;
3) шайлоо процесстеринин сапатын арттырууга жана жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын реалдуу камсыз кылууга багытталган мыйзамдык, уюштуруучулук жана башка мүнөздөгү башка чараларды кабыл алуу.";
- 3, 5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрин (КБМР) андан ары өркүндөтүү жана аны башка маалыматтар базалары менен интеграциялоо, мамлекеттик башкаруу жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө кеңири жана натыйжалуу колдонуу боюнча чараларды иштеп чыксын жана ишке ашырсын.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |