Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 22-майы ПЖ № 109
Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы ПЖ № 276 ,2016-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 43, 2017-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 130, 2018-жылдын 20-мартындагы ПЖ № 61, 2018-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 140, 2018-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 184, 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 222 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын 2-главасынын 2.4-пунктун жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин 2013-жылдын 14-майындагы чечимин аткаруу иретинде, шайлоо процессин өркүндөтүү жана 2015-жылы парламенттик шайлоолорду жана кийинки шайлоолорду ак ниет жана ачык камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамы (мындан ары - жумушчу топ) ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык бекитилсин.
(КР Президентинин 2018-жылдын 20-мартындагы ПЖ № 61 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Жумушчу топ бардык кызыкдар мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана жарандык коом уюмдары менен кеңири талкуулоонун негизинде 2016-жылдын 1-мартына чейин төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке киргизсин:
1) 2015-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо апробациядан өткөн инновациялык жетишүүлөрдү "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо процессине имплементациялоо;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө аныкталган мүчүлүштүктөрдү, атап айтканда депутаттардын акыркы тизмелериндеги гендердик, этностук жана башка квоталардын кепилдигин мыйзамдык камсыз кылуу бөлүгүндөгү мүчүлүштүктөрдү жоюуга багытталган "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын өркүндөтүү;
3) шайлоо процесстеринин сапатын арттырууга жана жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын реалдуу камсыз кылууга багытталган мыйзамдык, уюштуруучулук жана башка мүнөздөгү башка чараларды кабыл алуу.
(КР Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы ПЖ № 276, 2016-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 43 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. (КР Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы ПЖ № 276 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрин (КБМР) андан ары өркүндөтүү жана аны башка маалыматтар базалары менен интеграциялоо, мамлекеттик башкаруу жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө кеңири жана натыйжалуу колдонуу боюнча чараларды иштеп чыксын жана ишке ашырсын.
(КР Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы ПЖ № 276 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. (КР Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы ПЖ № 276 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Жумушчу топ өз ишине өкмөттүк эмес, эл аралык уюмдарды, эксперттерди, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкарчу органдарынын адистерин тартууга; алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн алардан зарыл болгон маалыматтарды жана дайындарды суратууга жана алууга; каралып жаткан маселелерди талкуулоо боюнча конференцияларды, тегерек столдорду жана башка иш-чараларды уюштурууга укуктуу экендиги белгиленсин.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүм алам.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Президентинин 2018-жылдын 20-мартындагы ПЖ № 61, 2018-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 140, 2018-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 184, 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 222 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, жумушчу топтун жетекчиси; |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Керезбеков Канат Керезбекович | - | Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, "КСДП" фракциясы; |
Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика - Ата-Журт" фракциясы; |
Алимбеков Нурбек Каарыевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" фракциясы; |
Жунус уулу Алтынбек | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы; |
Акматов Алмасбек Жумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Бир Бол" фракциясы; |
Никитенко Наталья Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата-Мекен" фракциясы; |
Исмаилов Анарбек Касымович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; |
Эркимбаев Данияр Жантаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы; |
Боронбаева Дильфуза Салимовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы; |
Бекматов Абдыжапар Гапырович | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары; |
Осмоналиев Кайрат Медербекович | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү; |
Джурабаева Гульнар Курашбековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү; |
Есеналиев Максатбек Кульчороевич | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Шаикова Алина Кавылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Баяманова Зуура Эдуардовна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча); |
Мурзалиева Жыргал Нуржановна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти; |
Абиров Жаныбек Болотбекович | - | Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча) |
Маматов Кайрат Адамкалиевич | - | Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы; |
Мурсабеков Исламбек Муратбекович | - | "Эмгек" саясий партиясы; |
Куренкеев Турсунбек Джусупбекович | - | "Мекен Ынтымагы" саясий партиясы; |
Суранова Перизаткан Юлдашалиевна | - | "Замандаш" саясий партиясы; |
Самаков Бактыбек Таалайбекович | - | "Эгль" КФ; |
Мамытова Канышай Болотбековна | - | "Жарандык умтулуу" КФ; |
Усупбекова Айнура Максатбековна | - | "Жарандык платформа" КФ; |
Осмоналиев Тагир Бахтыбекович | - | "Таза Шайлоо Ассоциациясы" ЮЖК; |
Кочорбаева Зульфия Ирисовна | - | Социалдык технологиялар агенттиги; |
Бит-Аврагим Артур Яковлевич | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мыйзамдуулугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын улук прокурору; |
Пирманов Бегалы Рахманкулович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын контролдоо-методикалык башкармалыгынын окуу-методикалык иштерди уюштуруу жана колдонуудагы мыйзамдарга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги. |