ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2016-жылдын 18-январындагы ПЖ № 11 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция18.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 18-январы ПЖ № 11

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 18-январынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна:

 

Жоомартов Кумушбек Рысбекович;

Керимкулов Илияс Саматбекович;

Кузьменко Сергей Иванович;

Масыбаев Тилек Төлөнбаевич;

Сайырова Светлана Муканбетовна;

Султаналиева Сеиль Асанкуловна;

- Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна:

 

Абдыкеримова Айгуль Анарбековна;

Тойгонбаев Асанбек Рафикович;

- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна:

 

Рыскулова Айжан Рыспековна.

 

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев