Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 413 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 21-январы ПЖ № 14
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүүнүн, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарын тагынуунун бирдиктүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-пунктуна ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүүнүн, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарын тагынуунун бирдиктүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
1) аскердик кийим формасын кийүүнүн, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарын тагынуунун Эрежелеринин бардык аскер кызматчылары тарабынан катуу сакталышын камсыз кылышсын;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
1. Негизги жоболор
1. Ушул Бирдиктүү эрежелер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүүнүн, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарын тагынуунун тартибин аныктайт (мындан ары - Эрежелер).
2. Аскердик кийим формасын кийүүгө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары, Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин (мындан ары - КУАЛ) тарбиялануучулары, ошондой эле аскердик кийим формасын кийүү укугу менен запаска же отставкага бошотулган аскер кызматчылары, аскерге милдеттүүлөр жана аскердик жыйындарга чакырылган окуу мекемелеринин студенттери укуктуу.
3. Аскердик кийим формасы ушул Эрежелерге ылайык гана кийилет. Кийим формасынын предметтери белгиленген сыпаттамаларга жооп берүүгө, чак келүүгө жана кынтыксыз абалда кармалууга тийиш.
4. Аскердик кийим формасы:
а) өзгөчө параддык (Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардактуу кароолунун жана аскердик-көрсөтмө оркестрдин аскер кызматчылары үчүн);
б) параддык;
в) күнүмдүк;
г) талаалык;
д) атайын;
е) жумушчу болуп белгиленет.
Ушул формалардын ар бири жайкы жана кышкы сезондор боюнча бөлүнөт.
5. Аскердик кийим формасын төмөнкүлөр киет:
1) жогорку офицердик курам, улук жана кенже офицердик курам, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары жана контракттык кызматтын аял аскер кызматчылары:
а) параддык:
сап үчүн - параддарга катышууда; аскердик бөлүктөргө күжүрмөн тууларды жана ордендерди тапшырууда; аскер кызматчыларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда; аскердик антты берүүдө; ардактуу кароолдун курамына дайындалууда; аскердик бөлүктүн жылдык майрам күндөрүндө; Мекенди коргоочунун күнүндө жана башка аскерлердин (кызматтардын) жана аскердик түзүлүштөрдүн кесиптик майрам күндөрүндө салтанаттуу тизилүүлөрдө;
саптан тышкары - параддык эсептен тышкаркы парадга катышуучулар; мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарды алууда; кызматка дайындалууда түздөн-түз зардалга көрсөтүлүүдө; аскердик наамды ыйгарууда; майрам күндөрүндө; салтанаттуу жыйындарда; расмий кабыл алууларда жана жоокерлердин эстеликтерине жана мүрзөлөрүнө гүлчамбарларды коюуда;
б) күнүмдүк:
сап үчүн жана саптан тышкары - күжүрмөн даярдык боюнча сабактарда (талаалык машыгуулардан тышкары); суткалык кезметтин курамында кызматты аткарганда; күжүрмөн нөөмөттөрдө; штабдагы жумушта, башкармалыктарда, мекемелерде; кызматтык кеңешмелерде жана жыйындарда; ошондой эле кызматтык эмес убактарда.
Сапта болуу менен байланышы жок учурларда күнүмдүк кийим формасын саптан тышкары, аскердик бөлүктөрдүн бөлүкчөлөрүндө (мекемелеринде) кызматтык милдеттерин аткарууда, аскердик бөлүктүн (мекемелердин) ичинде орун алган класстык сааттарда, аудиторияларда, лабораторияларда жана аскердик окуу жайлардын (аскердик факультеттерин) устаканаларында кийүүгө уруксат берилет;
в) талаалык:
- окууларда, маневрларда, талаалык чыгууларда, күжүрмөн нөмөөттөрдө; кароолдордун курамында кызмат аткарганда, суткалык кезметтерде, мамлекеттик чек араны коргоо (кайтаруу) боюнча тапшырмаларды аткарууда; окуу борборлорундагы, полигондордогу машыгууларда, ошондой эле аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (зардалынын) көрсөтмөсү боюнча.
Күнүмдүк жашоо-турмушта аскердик бөлүктөрдүн кошуундарга чейинкилерин кошкондо, аскер кызматчыларына талаалык кийим формасын кийүүгө уруксат берилет;
г) атайын (жабдуу ченемдери боюнча кимге белгиленген болсо):
- окууларда, маневрларда; талаалык чыгууларда; атайын тапшырмаларды аткарууда, күжүрмөн нөмөөттөрдө (күжүрмөн кызматта), чек ара кызматын аткарганда, жаратылыштык жана техногендүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө; окуу борборлордо сабактарда, күжүрмөн техникалуу машыгууларда жана техниканы жана куралдарды тейлөөдө; гараждарда, парктарда, устаканаларда, аэродромдордо, лабораторияларда, кампаларда, аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде иштерди аткарууда; спорттук машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүдө (спорттук кийим формасы);
2) мөөнөттүү кызматтын сержанттары, старшиналары, жоокерлери, аскердик окуу жайлардын курсанттары (мындан ары - курсанттар) жана КУАЛдын тарбиялануучулары:
а) параддык:
- параддарда катышууда; аскердик бөлүктөргө Күжүрмөн тууларды жана ордендерди тапшырууда; аскер кызматчыларга мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарды тапшырууда; аскердик антты берүүдө; ардактуу кароолдун курамына дайындалууда; аскердик бөлүктүн жылдык майрам күндөрүндө; Мекенди коргоочунун күнүндө жана башка аскерлердин жана аскердик түзүлүштөрдүн кесиптик майрам күндөрүндө салтанаттуу тизилүүлөрдө; бөлүктүн тескөөсүнөн бошонууда, өргүүдө болуу учурунда жана аскер бөлүктүн (мекеменин) командиринин (зардалынын) көрсөтмөсү боюнча;
б) күнүмдүк:
- окууларда, суткалык кезметтерди аткарганда жана аскердик бөлүк (мекеме) жайгашкан жерде сабактардан бош убакта, аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (зардалынын) көрсөтмөсү боюнча;
в) талаалык:
- күнүмдүк жашоо-тиричиликте, окууларда, маневрларда, талаалык чыгууларда, күжүрмөн нөмөөттөрдө, кароолдордун курамында кызмат аткарганда, суткалык кезметтерде, мамлекеттик чек араны коргоо (кайтаруу) боюнча тапшырмаларды аткарууда, окуу борборлорундагы, полигондордогу сабактарда, аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (зардалынын) көрсөтмөсү боюнча;
г) жумушчу:
- чарбалык жана курулуш жумуштарын аткарууда, ошондой эле техниканы жана куралдарды тейлөөдө;
д) атайын (жабдуу ченемдери боюнча кимге белгиленген болсо):
- окууларда, маневрларда, талаалык чыгууларда, атайын тапшырмаларды аткарууда, күжүрмөн нөмөөттөрдө (күжүрмөн кызматта), чек ара кызматын аткарганда, жаратылыштык жана техногендүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө, окуу борборлордо сабактарда, күжүрмөн техникалуу машыгууларда жана техниканы жана куралдарды тейлөөдө, гараждарда, парктарда, устаканаларда, аэродромдордо, лабораторияларда, кампаларда, аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде иштерди аткарууда, спорттук машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүдө (спорттук кийим формасы);
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардактуу кароолунун жана аскердик-көрсөтмөлүү оркестрдин аскер кызматчылары кийүүчү өзгөчө параддык - жөрөлгөлүк каада-салттарды аткарууда, параддарга катышууда, аскердик бөлүктөргө күжүрмөн тууларды жана ордендерди тапшырууда, ошондой эле салтанаттуу иш-чараларда улук зардалдын көрсөтмөсү боюнча.
6. Аскерге милдеттүүлөр жана аскердик жыйындарга чакырылган окуу жайлардын студенттери аскердик бөлүктөрдө (мекемелерде) жыйындардын өтүү мезгилинде талаалык кийим формасын кийишет.
7. Салтанаттуу иш-чаралар, саптык кароолор, тизилүүлөр жана кызматтык кеңешмелер үчүн кийим формасын ушул иш-чараларды өткөрүп жаткан адамдар жарыялайт.
8. Күзөт кызматын, контролдоп өткөрмө пункттарда нөөмөттөрдү аткаруу үчүн, ошондой эле башкармалыктардын, аскердик бөлүктөрдүн, мекемелердин жана аскердик окуу жайлардын штабдарында контролдоп-өткөрмө кызматын аткарып жаткан аскер кызматчылары үчүн кийим формасын аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) командирлери (зардалдары) жарыялайт.
9. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларын талаалык кийимдеринин өңүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын зардалы аныктайт.
Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларынын талаалык кийимдеринин өңүн Кыргыз Республикасынын аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилери аныктайт.
10. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын жана аскер бөлүктөрүнүн командирлери, мекемелердин, аскердик окуу жайлардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын зардалдары:
- аткарылып жаткан тапшырмалардын жана өтүлүп жаткан сабактардын мүнөзүн эсепке алуу менен кийим формасын аныкташат, ушул Эрежелердин талаптарын аскер кызматчыларынын сактоосу боюнча туруктуу контролду белгилешет;
- аскер кызматчыларына аларды кийүүгө берип жатканда кийим формасынын предметтеринин чак келтирилишин уюштурушат, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына, КУАЛдын курсанттарына жана тарбиялануучуларына дайындалып берилген кийимди колдонуусунда жеке жоопкерчиликтин жоктугуна жол берилбейт;
- бардык бөлүкчөлөрдүн турмуш-тиричилик тейлөө бөлмөлөрүн, кийимди жана бут кийимди кургатуу үчүн кургаткычтар, бөлүкчөлөрдүн мүлкүн жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын, КУАЛдын курсанттарынын жана тарбиялануучуларынын жеке буюмдарын сактоо үчүн кампаларды жабдуу боюнча чараларды көрүшөт. Кийимдин жана бут кийимдин предметтерин өз убагында жууп тазалоону жана оңдоону камсыздашат;
- мезгилдүү, бирок кварталына бир жолудан кем эмес саптык кароолорду өткөрүшөт. Таңкы кароолордо, саптык кароолордо, ошондой эле жайкы (кышкы) кийим формасына өтүүдө бардык тизилүүлөрдө жана сабактар башталар астында аскер кызматчыларынын белгиленген кийим формасын, оңдонууларын жана тышкы келбеттерин, кийим жана бут кийим предметтеринин абалын текшеришет, аныкталган кемчиликтерди жоюуга бардык чараларды көрүшөт.
11. Аскер кызматчыларынын өзгөчө параддык, параддык, күнүмдүк, талаалык кийим формаларын бөлүкчөлөрдө жана кызматтык жайларда шкафтарда сактоого уруксат берилет.
12. Куралдарды жана аскердик техникаларды тейлөө менен байланышкан сабактар жана жумуштар, ошондой эле чарбалык иштер атайын жана жумушчу кийиминде гана аткарылат.
13. Жайкы жана кышкы кийим формасына өтүү, буюм мүлкүнүн предметтерин жазгы мезгилде кийүүнүн башталышы жана күзгү мезгилде кийүүнүн токтотулушу гарнизондордун зардалдарынын буйруктары менен белгиленет.
14. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары кийим формасын жана айырмалоочу белгилерин аскерлер түрлөрү (кызматтары) жана аскердик наамдары боюнча кийишет.
15. Башка мамлекеттик органдарга, жарандык жогорку окуу жайлардын карамагындагы аскер факультеттерине (кафедраларга) жана офицердик курамды өркүндөтүү курстарына аскердик кызматты өтөө үчүн которулган улук жана кенже офицердик курам, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктер, контракттык кызматтын жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамы аскердик кызматты өтөп жаткан ошол аскерлер түрлөрүнүн, мамлекеттик органынын аскер кызматчылары үчүн белгиленген кийим формасын кийишет.
16. Куралдуу Күчтөрдүн аскерлер түрлөрүнүн (кызматтардын) бөлүкчөлөрүндө, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында контракт жана чакыруу боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары ушул аскердик бөлүктүн (аскердик окуу жайдын) белгиленген кийим формасын, бирок погондордо өздөрүнүн аскерлер түрлөрүнүн (кызматтын) эмблемасы менен кийишет.
17. Аскердик окуу жайларында туруктуу курам (контракт жана чакыруу боюнча аскер кызматчылары) ушул аскердик окуу жай тиешелүү болгон аскерлер түрлөрүнүн, аскердик түзүлүштөрдүн (кызматтын) кийим формасын кийишет.
18. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик-медициналык кызматынын жана юстициясынын аскер кызматчылары аскерлер түрлөрү (кызматы) боюнча кийим формасын, бирок погондорунда өздөрүнүн кызматынын эмблемасы менен кийишет.
19. Аскердик автомобилдик инспекциясынын аскер кызматчылары нөөмөт жана кезмет аткаруу мезгилинде алар үчүн белгиленген аскерлер түрлөрү боюнча эмблемасы менен атайын кийим формасын кийишет.
20. Курсанттар алардын окуу жайы тиешелүү болгон аскерлер түрлөрү боюнча алар үчүн белгиленген эмблемасы менен кийим формасын кийишет.
21. Аскер академияларынын, аскер институттарынын жана жарандык жогорку окуу жайларынын карамагындагы аскер факультеттеринин офицердик наамы жок курсанттары (угуучулар) аскерлер түрлөрү (кызматтары) боюнча аскердик окуу жайлардын курсанттары үчүн белгиленген кийим формасын кийишет.
22. Улук жана кенже офицердик курамдын, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктердин, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын ичинен аскердик окуу жайлардын (факультеттеринин) курсанттары (угуучулары) ушул категориядагы аскер кызматчылары үчүн белгиленген кийим-кечелер, кийим формасын кийүүгө укугун сакташат. Мында жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары аскердик окуу жайлардын курсанттарынын погонун тагынышат.
23. Кыска мөөнөттүү курстардын жана окуу жыйындардын аскер кызматчылары ушул курстарга жана жыйындарга кийип келген кийим формаларын кийишет.
24. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардак кароолунун жана аскердик-көрсөтмөлүү оркестринин аскер кызматчылары бардык аскер кызматчылары үчүн белгиленген кийим формасын кийишет жана эмблемасын тагынышат. Алар үчүн кошумча өзгөчө параддык кийим формасы белгиленет.
25. Кароол кийим формасын кийүү тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставы менен аныкталат.
26. Улук офицердик курамга, улук жана кенже офицердик курамга, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктерге, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларына жана контракттык кызматтын аял аскер кызматчыларына жарандык кийимди кызматтык убактан тышкары жана кызматтык убакта улук зардалдын өзгөчө көрсөтмөсү боюнча кийүүгө уруксат берилет.
27. Штабдарда жана госпиталдарда, аскердик кийим формасын кийүүгө кызматтык зарылчылыгы жок болгон аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде кызмат өтөп жаткан контракттык кызматтын аял аскер кызматчыларына улук зардалдын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча жарандык кийимди кийүүгө уруксат берилет.
28. Жылуу кийимдер (чолок тон, чокой, аң тери мээлей, жылуу бешмант жана чалбар) кыш мезгилинде төмөн температурада сабактарда, машыгууларда жана жумушта, ал эми суук аба ырайлуу аймактарда төмөн температура жана катуу шамал болгондо, аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (зардалынын) көрсөтмөсү боюнча күн сайын кийилет.
29. Атайын кийим формасын кийүү тартибин жана мезгилин аскердик бөлүктүн (мекеменин) командири (зардалы) аныктайт. Атайын кийим ротанын уктоочу жайынан сырткары атайын шкафтарда, өзүнчө текчелерде, кампаларда же кийим илгичтерде сакталат.
30. Аскер кызматчыларына кызматтык зарылчылыктан келип чыккан учурлардан тышкары, атайын жана жумушчу кийим формасы менен калктуу конуштун көчөлөрүндө жана башка коомдук жайларда жүрүүгө тыюу салынат.
31. Спорттук кийимди жана бут кийимди спорт аянттарында спорттук машыгуулар жана жарышуулар өтүп жаткан учурда кийүүгө уруксат берилет.
32. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) өзгөртүлгөн же белгиленген эмес үлгүдөгү аскердик кийим формасынын предметтерин, жабдыктарын жана айырмалоочу белгилерин тагынууга;
б) ушул Эрежелер жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен каралбаган төш белгилерди аскер кийим формасында тагынууга;
в) ар кандай түрдөгү аскер кийим формасынын предметтерин аралаштырууга, ошондой эле аскердик кийимди жарандык кийим менен аралаштырууга;
г) мөөнөттүү кызматтын сержанттары, старшиналары, жоокерлери, КУАЛдын курсанттары жана тарбиялануучулары жарандык кийим формасын кийүүгө, алардын өргүүдө болуу, аскер бөлүгүнүн (мекеменин) тескөөсүнөн бошонуу, ошондой эле аскердик бөлүктөрүнүн (мекемелеринин) командирлеринин (зардалдарынын) көрсөтмөсү боюнча учурларын кошпогондо;
д) аскер кызматчысы эмес жана ага укугу жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары үчүн белгиленген аскердик кийим формасын кийүүгө жана айырмалоочу белгилерин тагынууга.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жогорку офицердик курамынын кийим формасы
33. Сап үчүн жана саптан тышкаркы параддык кийим формасы:
а) жайкы:
- ачык боз түстүү фуражка, ачык боз түстүү мундир, ачык боз түстүү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, алтын түстүү параддык кур, ак түстүү кол кап, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы:
- каракүлдөн жасалган ачык боз түстүү кулакчындуу тумак, бозомтук күрөң түстүү драптан жасалган кышкы пальто (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн саргыч-жашыл түстүү), ачык боз түстүү каракүлдөн жасалган чечилүүчү жака, ачык боз түстүү мундир, ачык
боз түстүү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнек, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, пальтого алтын түстүү параддык кур, кара түстүү кол кап, ак түстүү моюн орогуч, кара түстүү ботинка.
Параддык кийим формасында төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- кышкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары учурда бозомтук күрөң түстүү драптан жасалган (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн саргыч-жашыл түстүү) жакасыз кышкы пальтону;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жазгы мезгилде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына өтүүгө чейин жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өтүүгө чейин бозомтук күрөң (күрөң) түстүү жазгы-күзгү плащ (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн саргыч-жашыл түстүү) моюн орогучу менен. Жайкы мезгилде жазгы-күзгү плащты моюн орогучусуз кийүүгө болот;
- сап үчүн жана саптан тышкаркы жайкы кийим формасында фуражка, ак түстүү узун жеңи менен формалык көйнөк жана алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, багалеги кое берилме шым, мундирсиз;
- сап үчүн жана андан тышкаркы жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражка, ак түстүү чолок жеңи менен формалык көйнөк, багалеги коё берилме шым, жагоосуз.
Параддык кийим формасын саптан тышкаркы ак түстүү кол капсыз кийүүгө уруксат берилет.
34. Сап үчүн жана саптан тышкаркы күнүмдүк кийим формасы (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчыларынан тышкары):
а) жайкы:
бозомтук күрөң түстүү фуражка, бозомтук күрөң түстүү китель, бозомтук күрөң түстүү багалеги коё берилме шым, ачык боз түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук күрөң түстүү жагоо, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы:
каракүлдөн жасалган ачык боз түстүү кулакчындуу тумак, ачык боз түстүү чечилүүчү жакасы менен бозомтук күрөң түстүү драптан жасалган кышкы пальто, бозомтук күрөң түстүү китель, бозомтук күрөң түстүү багалеги коё берилме шым, ачык боз түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук күрөң түстүү жагоо, кышкы кара түстүү кол кап, күрөң түстүү моюн орогуч, кара түстүү ботинка.
Күнүмдүк кийим формасында төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- кышкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары бозомтук күрөң түстүү драптан жасалган, чечилүүчү жакасыз кышкы пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында бозомтук күрөң (күрөң) түстүү жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына жана күз мезгилде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин бозомтук күрөң (күрөң) жазгы-күзгү плащты моюн орогучу менен. Жайкы мезгилде жазгы-күзгү плащты моюн орогучусуз кийүүгө болот;
- жайкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары фуражканы (беретти), ачык боз түстүү узун жеңи менен формалык көйнөктү жана бозомтук күрөң жагоо алтын түстүү бекиткичи менен, кителсиз багалеги коё берилме шымды;
- жайкы кийим формасында сап үчүн саптан тышкары ысык аба ырайында фуражканы (беретти, формалык кепканы), ачык боз түстүү чолок жеңдүү формалык көйнөктү, жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- жайкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары фуражканы (беретти), шымга шымдалган ачык боз түстүү узун жеңдүү формалык көйнөктү, бозомтук күрөң түстүү жагоону алтын түстүү бекиткичи менен, кителсиз багалеги коё берилме шымды;
- жайкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары ысык аба ырайында фуражканы (беретти, формалык кепканы), шымга шымдалган ачык боз түстүү чолок жеңдүү формалык көйнөктү, жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасында фуражканы (беретти), бозомтук күрөң түстүү сыдырмалуу күрмөнү (пуловерди), багалеги коё берилме шымды;
- имарат ичинде күнүмдүк кийим формасында - баш кийимсиз;
- жаан-чачындуу аба ырайында сап үчүн жана саптан тышкары жамынма плащты.
35. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн сапта жана саптан тышкаркы күнүмдүк кийим формасы:
а) жайкы:
саргыч-жашыл түстүү фуражка, саргыч-жашыл түстүү китель, саргыч-жашыл түстүү багалеги коё берилме шым, саргыч-жашыл түстүү формалык көйнөк, саргыч-жашыл түстүү жагоо алтын түстүү бекиткичи менен, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы:
каракүлдөн жасалган ачык боз түстүү кулакчындуу тумак, ачык боз түстүү каракүлдөн жасалган чечилүүчү жакасы менен саргыч-жашыл түстүү драптан жасалган кышкы пальто, саргыч-жашыл түстүү китель, саргыч-жашыл түстүү багалеги коё берилме шым, саргыч-жашыл түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч-жашыл түстүү жагоо, кышкы кара түстүү кол кап, саргыч-жашыл түстүү моюн орогуч, кара түстүү ботинка.
Күнүмдүк кийим формасында төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- кышкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары чечилүүчү жакасыз саргыч-жашыл түстүү драптан жасалган пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында саргыч-жашыл жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жазгы мезгилде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына жана күзгү мезгилде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин моюн орогуч менен саргыч-жашыл түстүү жазгы-күзгү плащты. Жайкы мезгилде моюн орогучусуз жазгы-күзгү плащты кийүүгө болот;
- жайкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары фуражканы (беретти), саргыч-жашыл түстүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч-жашыл түстүү жагоону, кителсиз багалеги коё берилме шымды;
- жайкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары ысык аба ырайында фуражканы (беретти, формалык кепканы), жагоосуз саргыч-жашыл түстүү чолок жеңдүү формалык көйнөктү, багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасында фуражканы (беретти), саргыч-жашыл түстүү сыдырмалуу күрмөнү (пуловерди), багалеги коё берилме шымды;
- имарат ичинде күнүмдүк кийим формасын - баш кийимсиз;
- жаан-чачындуу аба ырайында сап үчүн жана саптан тышкары жамынма плащты.
36. Талаалык кийим формасы:
а) жайкы:
камуфляж түстүү фуражка, жайкы камуфляж түстүү күрмө жана шым, камуфляж түстүү (коргоочу) түстүү футболка, кара түстүү кончу бийик ботинка, жабдыктар;
б) кышкы:
каракүлдөн жасалган ачык боз түстүү кулакчындуу тумак, кышкы камуфляж түстүү күрмө жана шым, жайкы камуфляж түстүү күрмө жана шым, камуфляж (коргоочу) түстүү футболка, кышкы кара (коргоочу) түстүү кол кап, күрөң түстүү моюн орогуч, кара түстүү кончу бийик ботинка, жабдыктар.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жана атайын бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары үчүн - көгүш тилкелүү тельняшка; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн - саргыч-жашыл түстүү моюн орогуч.
Талаалык кийим формасында төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна камуфляж түстүү фуражканы;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында камуфляж түстүү фуражканын ордуна камуфляж (бозомтук жашыл) түстүү жылуулатылган тумакты;
- кышкы жана жайкы кийим формасында белгиленген түстөгү береттерди;
- жайкы кийим формасында камуфляж түстүү талаа панамасын;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында кышкы кийим формасын;
- кышкы кийим формасын кышкы кол капсыз;
- камуфляж түстүү кышкы шымсыз камуфляж түстүү кышкы күрмөнү;
- кышкы жана жайкы кийим формасында саргыч боз түстүү кончу узун ботинканы;
- жаан-чачындуу аба ырайында жамынма плащты;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында камуфляж түстүү фуражканы (беретти, панаманы), камуфляж (коргоочу) түстүү футболканы, жайкы камуфляж түстүү шымды, жайкы күрмөсүз.
Талаа сабактарында, машыгууларында, маневрларда талаа кийим формасы жеке курал, жабдыктар жана жумуш үчүн керектүү жабдыктар менен кийилет.
3. Улук жана кенже офицердик курамдар, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын кийим формасы
37. Сап үчүн жана саптан тышкары улук жана кенже офицердик курамдардын параддык кийим формасы:
а) жайкы:
деңиз толкунун түсүндөгү фуражка, деңиз толкунун түсүндөгү китель, деңиз толкунун түсүндөгү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, алтын түстүү параддык кур, ак түстүү кол кап, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы:
күрөң түстүү накта мехтен кулакчындуу тумак, күрөң түстүү накта мехтен жасалган чечилүүчү жакасы менен бозомтук күрөң түстүү драптан жасалган кышкы пальто, деңиз толкунун түсүндөгү китель, деңиз толкунун түсүндөгү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, ак түстүү моюн орогуч, кышкы кара түстүү кол кап, алтын түстүү параддык кур, кара түстүү ботинка.
Параддык кийим формасында улук зардалдын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- "полковник" аскердик наамындагы улук офицердик курамдарга күрөң түстүү накта мехтен жасалган кулакчындуу тумактын жана күрөң түстүү накта мехтен жасалган чечилүүчү жаканын ордуна ачык боз түстүү каракүлдөн жасалган чечилүүчү жакасы менен каракүлдөн жасалган ачык боз түстүү кулакчындуу тумакты;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- кышкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары чечилүүчү жакасыз бозомтук күрөң түстүү драптан жасалган пальтону (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн саргыч-жашыл түстүү);
- кышкы кийим формасында, ошондой эле суук аба ырайында жайкы кийим формасында бозомтук күрөң (күрөң) түстүү жазгы-күзгү күрмөнү (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн саргыч-жашыл түстүү);
- бозомтук күрөң, күрөң (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн саргыч-жашыл түстүү) түстүү жазгы-күзгү плащты моюн орогучу менен жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жылуу аба ырайында жаз мезгилинде жайкы кийим формасына жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин. Жайкы мезгилде жазгы-күзгү плащты моюн орогучусуз кийүүгө болот;
- жайкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары фуражканы, ак түстүү формалык узун жеңдүү көйнөктү жана алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоону, кителсиз багалеги коё берилме шымды;
- жайкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары ысык аба ырайында фуражканы, ак түстүү чолок жеңдүү көйнөктү, багалеги коё берилме шымды, жагоосуз;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн параддык кийим формасы, параддык жабдыктар атрибуттары менен жабдылган күнүмдүк кийим формасын жана ак түстүү формалык көйнөктү саптан тышкаркы.
Параддык кийим формасын саптан тышкаркы ак түстүү кол капсыз кийүүгө уруксат берилет.
Эскертүү: Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн авиациясынын аскер кызматчылары үчүн фуражка - кочкул көк түстүү, кыры - көгүш түстүү, китель жана шым - кочкул көк түстүү; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн фуражканын кыры - ачык көк түстүү, кулакчындуу тумак - саргыч-жашыл (боз) түстүү, саргыч-жашыл түстүү накта мехтен тигилген чечилүүчү жакасы менен саргыч-жашыл түстүү драптан жасалган кышкы пальто; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн жашыл түстүү жээги менен фуражка, кыры - кочкул көк түстүү, маңдай кыры - кара түстүү; кенже офицердик курамда фуражканын маңдай кыры саймасыз болот.
38. Контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктердин, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчыларынан тышкары) сап үчүн жана саптан тышкары параддык кийим формасы:
а) жайкы:
бозомтук күрөң түстүү фуражка, бозомтук күрөң түстүү китель, бозомтук күрөң түстүү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук күрөң түстүү жагоо, алтын түстүү параддык кур, ак түстүү кол кап, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы:
күрөң түстүү жасалма мехтен кулакчындуу тумак, бозомтук-күрөң түстүү драптан кышкы пальто, анын чечип алма жакасы бозомтук-күрөң түстүү жасалма мехтен, бозомтук-күрөң түстүү китель, бозомтук-күрөң түстүү багалегин коё берме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук-күрөң түстөгү жагоо, бозомтук-күрөң түстүү моюн орогуч, кара түстүү кышкы кол каптар, параддык алтын түстүү кур, кара түстүү ботинка.
Параддык кийим формасында улук зардалдын (аскер бөлүгүнүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- кышкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары - бозомтук-күрөң түстүү драп пальтону чечилме жакасыз;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү бозомтук-күрөң (күрөң) түстүү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү бозомтук-күрөң (күрөң) түстүү плащты моюн орогучу менен, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына өтүүгө чейин жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өтүүгө чейин. Жай мезгилинде жазгы-күзгү плащты моюн орогучсуз кийүүгө жол берилет;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары фуражканы, ак түстөгү узун жеңдүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук-күрөң түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымы, кителсиз;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары ысык аба ырайында фуражканы, ак түстүү формалык чолок жеңдүү көйнөктү, багалеги коё берилме шымды, жагоосуз.
Параддык кийим формасын саптан тышкаркы ак түстүү кол капсыз кийүүгө уруксат берилет.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн фуражка жашыл түстүү курбусу менен, кыры - кочкул көк түстө, маңдай кыры - кара түстө, фуражканын маңдай кыры - саймасыз.
39. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктеринин, контракттык кызматтын жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамынын аскер кызматчыларынын сапта жана саптан тышкары параддык кийим формасы:
а) жайкы:
саргыч-жашыл түстүү фуражка, саргыч-жашыл түстүү китель, саргыч-жашыл түстүү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч-жашыл түстөгү жагоо, параддык алтын түстүү кур, ак түстүү кол кап, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы:
саргыч-жашыл (боз) түстөгү жасалма мехтен кулакчындуу тумак, саргыч-жашыл түстөгү драптан кышкы пальто чечилме саргыч-жашыл түстүү жасалма мехтен жакасы менен, саргыч-жашыл түстүү китель, саргыч-жашыл түстүү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткич менен саргыч-жашыл түстөгү жагоо, ак түстөгү моюн орогуч, кара түстөгү кышкы кол кап, параддык алтын түстүү кур, кара түстүү ботинка.
Параддык кийим формасында улук зардалдын (аскер бөлүгүнүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- кышкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары саргыч-жашыл түстүү драп пальтону чечилме жакасыз;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү саргыч-жашыл түстүү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына өтүүгө чейин жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өтүүгө чейин жазгы-күзгү саргыч-жашыл түстүү плащты моюн орогучу менен. Жай мезгилинде жазгы-күзгү плащты моюн орогучсуз кийүүгө жол берилет;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары фуражканы, ак түстөгү узун жеңдүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч-жашыл түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары ысык аба ырайында жагоосуз, фуражканы, ак түстөгү формалык чолок жеңдүү көйнөктү, багалеги коё берилме шымды.
Параддык кийим формасын саптан тышкаркы ак түстүү кол капсыз кийүүгө уруксат берилет.
40. Улук жана кенже офицердик курамдын, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктердин, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын сапта жана саптан тышкары күнүмдүк кийим формасы (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчыларынан тышкары):
а) жайкы:
- бозомтук-күрөң түстүү фуражка, бозомтук-күрөң түстүү китель, бозомтук-күрөң түстүү багалеги коё берилме шым, ачык боз түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук-күрөң түстөгү жагоо, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы:
- күрөң түстөгү накта мехтен кулакчындуу тумак, чечилме күрөң түстүү накта мехтен жакасы менен бозомтук-күрөң түстүү драптан кышкы пальто, бозомтук-күрөң түстүү китель, бозомтук-күрөң түстүү багалеги коё берилме шым, ачык боз түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук-күрөң түстөгү жагоо, кара түстүү кышкы кол кап, күрөң түстүү моюн орогуч, кара түстүү ботинка.
Күнүмдүк кийим формасында улук зардалдын (аскер бөлүгүнүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- "полковник" аскердик наамындагы улук офицердик курамга күрөң түстүү накта мехтен кулакчындуу тумактын жана күрөң түстүү накта мехтен чечилме жаканын ордуна ачык-боз түстүү каракүлдөн кулакчындуу тумакты жана чечилме ачык боз түстүү каракүлдөн жаканы;
- кышкы кийим формасында контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары күрөң түстүү жасалма мехтен кулакчындуу тумактын ордуна күрөң түстүү накта мехтен кулакчындуу тумакты;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сапта жана саптан тышкары кышкы кийим формасында бозомтук-күрөң түстүү драп пальтону чечилме жакасыз;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү бозомтук-күрөң (күрөң) түстүү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына өтүүгө чейин жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өтүүгө чейин моюн орогучу менен жазгы-күзгү бозомтук-күрөң (күрөң) түстүү плащты. Жай мезгилинде жазгы-күзгү плащты моюн орогучсуз кийүүгө жол берилет;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары фуражканы (беретти), ачык боз түстүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук-күрөң түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында сапта жана саптан тышкары фуражканы (беретти, формалык кепканы), чолок жеңдүү ачык боз түстөгү формалык көйнөктү, багалеги коё берилме шымды, жагоосуз;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары фуражканы (беретти), шымдалган узун жеңдүү ачык боз түстүү формалык көйнөктү жана алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук-күрөң түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында сапта жана саптан тышкары фуражканы (беретти, формалык кепканы), шымдалган ачык боз түстүү формалык чолок жеңдүү көйнөктү, жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасында фуражканы (беретти), бозомтук-күрөң түстүү сыдырмалуу күрмөнү (пуловер), багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасын имарат ичинде - баш кийимсиз;
- жаан-чачындуу аба ырайында сапта жана саптан тышкары жамынма-плащты.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн - жашыл түстөгү курбусу фуражка, кыры - кочкул көк түстүү, маңдай кыры - кара түстүү; контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - күрөң түстүү жасалма мехтен кулакчындуу тумак жана чечилме жака; кенже офицердик курам, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - фуражканын маңдай кыры саймаланбаган.
41. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин улук жана кенже офицердик курамы, контракт боюнча кызмат кызмат өтөгөн прапорщиктери, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн сапта жана саптан тышкары күнүмдүк кийим формасы:
а) жайкы:
саргыч-жашыл түстүү фуражка, саргыч-жашыл түстүү китель, саргыч-жашыл түстүү багалеги коё берилме шым, саргыч-жашыл түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч-жашыл түстөгү жагоо, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы:
саргыч-жашыл (боз) түстөгү накта мехтен кулакчындуу тумак, саргыч-жашыл түстөгү драптан кышкы пальто чечилме саргыч-жашыл түстүү накта мехтен жакасы менен, саргыч-жашыл түстөгү китель, саргыч-жашыл түстөгү багалеги коё берилме шым, саргыч-жашыл түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч-жашыл түстөгү жагоо, кара түстүү кышкы кол кап, саргыч-жашыл түстүү моюн орогуч, кара түстүү ботинка.
Күнүмдүк кийим формасында улук зардалдын (аскер бөлүгүнүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- "полковник" аскердик наамындагы улук офицердик курамга саргыч-жашыл (боз) түстөгү накта мехтен кулакчындуу тумактын жана чечилме ачык боз түстүү каракүлдөн жаканын ордуна ачык боз түстөгү каракүлдөн кулакчындуу тумакты жана ачык боз түстөгү каракүлдөн чечилме жаканы;
- кышкы кийим формасында контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн саргыч-жашыл (боз) түстөгү жасалма мехтен кулакчындуу тумактын ордуна саргыч-жашыл (боз) түстүү накта мехтен кулакчындуу тумакты;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сапта жана саптан тышкары кышкы кийим формасында саргыч-жашыл түстөгү драп пальтону чечилме жакасыз;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү саргыч-жашыл түстөгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына өтүүгө чейин жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өтүүгө чейин моюн орогучу менен жазгы-күзгү саргыч-жашыл түстүү плащты. Жай мезгилинде жазгы-күзгү плащты моюн орогучсуз кийүүгө жол берилет;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары фуражканы (беретти), саргыч-жашыл түстөгү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч-жашыл түстүү жагоону, багалегин сыртка коё берме шым менен, кителсиз;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында сапта жана саптан тышкары фуражканы (беретти, формалык кепканы), чолок жеңдүү саргыч-жашыл түстүү формалык көйнөктү жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары фуражканы (беретти), шымдалган саргыч-жашыл түстүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч-жашыл түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында сапта жана саптан тышкары фуражканы (беретти, формалык кепканы), шымдалган чолок жеңдүү саргыч-жашыл түстүү формалык көйнөктү жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасында фуражканы (беретти), саргыч-жашыл түстүү сыдырмалуу күрмөнү (пуловер), багалеги коё берилме шымды;
- имарат ичинде - күнүмдүк кийим формасын баш кийимсиз;
- жаан-чачындуу аба ырайында сапта жана саптан тышкары жамынма плащты.
Эскертүү: контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн кулакчындуу тумак жана чечилме жака саргыч-жашыл түстүү жасалма мехтен болот.
42. Улук жана кенже офицердик курамдын, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктердин, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын талаа кийим формасы:
а) жайкы:
камуфляж түстүү фуражка, камуфляж түстүү жайкы күрмө жана шым, камуфляж (коргоочу) түстүү футболка, бийик кончтуу кара түстөгү ботинка, жабдыктар;
б) кышкы:
күрөң түстүү накта мехтен кулакчындуу тумак, камуфляж түстүү кышкы күрмө жана шым, камуфляж түстүү күрмө жана шым, камуфляж (коргоочу) түстүү футболка, кара (коргоочу) түстүү кышкы кол кап, күрөң түстүү моюн орогуч, бийик кончтуу кара түстүү ботинка, жабдыктар.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана атайын бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары үчүн көгүш тилкелүү тельняшка; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн кулакчындуу тумак - саргыч-жашыл (боз) түстүү; саргыч-жашыл түстүү моюн орогуч, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн кулакчындуу тумак жасалма мехтен болот.
Талаа кийим формасында улук зардалдын (аскер бөлүгүнүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна камуфляж түстүү талаа фуражкасын;
- контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн кышкы кийим формасында жасалма мехтен кулакчындуу тумактын ордуна накта мехтен кулакчындуу тумакты;
- кышкы кийим формасында камуфляж түстөгү фуражканын ордуна, накта (жасалма) мехтен кулакчындуу тумактын ордуна ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында камуфляж (хаки) түстүү жылууланган тумакты;
- кышкы жана жайкы кийим формасында белгиленген түстөгү береттерди;
- жайкы талаа кийим формасында камужляж түстөгү талаа панамасын;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында кышкы кийим формасын;
- кышкы кийим формасын кышкы кол капсыз;
- камуфляж түстүү кышкы күрмөнү камуфляж түстүү кышкы шымсыз;
- кышкы жана жайкы кийим формасында саргыч боз түстүү бийик кончтуу ботинканы;
- жаан-чачындуу аба ырайында жамынма плащты;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында камуфляж түстүү фуражканы (беретти, панаманы), камуфляж (коргоочу) түстөгү футболканы, камуфляж түстөгү жайкы шымды жайкы талаа күрмөсүз.
Талаа сабактарында, машыгууларда, маневрларда талаа кийим формасы өздүк курал, жабдык жана иш үчүн зарыл жарак-жабдыктар менен кийилет.
4. Контракттык кызматтагы аял аскер кызматчыларынын кийим формасы
43. Улук жана кенже офицердик курамдагылардын сапта жана саптан тышкары параддык кийим формасы:
а) жайкы:
деңиз толкуну түстүү пилотка, деңиз толкуну түстүү жакет, деңиз толкуну түстүү юбка, ак түстүү формалык көйнөк, кара түстүү жагоо-бант, алтын түстүү параддык кур, ак түстүү кол кап, кара түстүү туфли;
б) кышкы:
күрөң түстүү накта мехтен кулакчындуу тумак, бозомтук күрөң түстүү драптан кышкы пальто күрөң түстөгү накта мехтен чечилме жакасы менен, деңиз толкуну түстүү жакет, деңиз толкуну түстүү юбка, ак түстүү формалык көйнөк, кара түстүү жагоо-бант, ак түстүү моюн орогуч, кышкы кара түстүү кол кап, алтын түстүү параддык кур, кара түстүү кыска өтүк.
Эскертүү: Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн авиациясынын аскер кызматчылары үчүн кочкул көк түстөгү пилотка, жакет жана юбка; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч-жашыл (боз) түстүү кулакчындуу тумак, саргыч-жашыл түстүү накта мехтен чечилме жакасы менен саргыч-жашыл түстүү драптан кышкы пальто.
44. Контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчыларынан тышкары) сапта жана саптан тышкары параддык формасы:
а) жайкы:
бозомтук-күрөң түстүү пилотка, бозомтук-күрөң түстүү жакет, бозомтук-күрөң түстүү юбка, ак түстүү формалык көйнөк, бозомтук-күрөң түстүү жагоо-бант, алтын түстүү параддык кур, ак түстүү кол кап, кара түстүү туфли;
б) кышкы:
күрөң түстүү жасалма мехтен кулакчындуу тумак, күрөң түстүү жасалма мехтен чечилме жакасы менен бозомтук-күрөң түстүү драптан кышкы пальто, бозомтук-күрөң түстүү жакет, бозомтук-күрөң түстүү юбка, ак түстүү формалык көйнөк, бозомтук-күрөң түстүү жагоо-бант, ак түстүү моюн орогуч, кышкы кара түстүү кол кап, алтын түстүү параддык кур, кара түстүү кыска өтүк.
45. Сапта жана саптан тышкары күнүмдүк жана кышкы кийим формасы (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчыларынан тышкары) контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн параддык кийим формасы сыяктуу, бирок: кышкы жана жайкы кийим формасындагы ак түстүү формалык көйнөктүн ордуна ачык боз түстүү формалык көйнөк, кышкы жана жайкы кийим формасындагы ак түстүү моюн орогучтун, параддык курсуз, ак түстүү кол каптын ордуна күрөң түстүү моюн орогуч.
46. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктери, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн сапта жана саптан тышкары параддык кийим формасы:
а) жайкы:
саргыч-жашыл түстүү пилотка, саргыч-жашыл түстүү жакет, саргыч-жашыл түстүү юбка, ак түстүү формалык көйнөк, саргыч-жашыл түстүү жагоо-бант, алтын түстүү параддык кур, ак түстүү кол кап, кара түстүү туфли.
б) кышкы:
саргыч-жашыл (боз) түстүү жасалма мехтен кулакчындуу тумак, жасалма мехтен чечилме саргыч-жашыл түстүү жакасы менен саргыч-жашыл түстүү драптан кышкы пальто, саргыч-жашыл түстүү жакет, саргыч-жашыл түстүү юбка, ак түстүү формалык көйнөк, саргыч-жашыл түстүү жагоо-бант, ак түстүү моюн орогуч, кара түстүү кышкы кол кап, алтын түстүү параддык кур, кара түстүү кыска өтүк.
47. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктеринин жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн сапта жана саптан тышкары жайкы жана кышкы күнүмдүк кийим формасы контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн сапта жана саптан тышкары параддык кийим формасы сыяктуу, бирок: кышкы жана жайкы кийим формасындагы формалык ак түстүү көйнөктүн ордуна саргыч-жашыл түстүү формалык көйнөк, кышкы жана жайкы кийим формасындагы ак түстүү моюн орогучтун, параддык курсуз, ак түстүү кол каптын ордуна саргыч-жашыл түстүү моюн орогуч болот.
Параддык жана күнүмдүк кийим формасында улук зардалдын (аскер бөлүгүнүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна пилотканы;
- жайкы жана кышкы кийим формасындагы формалык пилотканын ордуна формалык шляпаны;
- кышкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары чечилме жакасыз бозомтук-күрөң түстүү драптан пальто (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн - саргыч-жашыл түстө);
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында бозомтук-күрөң (күрөң) түстүү жазгы-күзгү күрмө (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары үчүн - саргыч-жашыл түстө);
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин бозомтук-күрөң (күрөң) түстүү жазгы-күзгү плащ моюн орогучу менен (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары үчүн - саргыч-жашыл түстө). Жай мезгилинде жазгы-күзгү плащты моюн орогучсуз кийүүгө уруксат берилет;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары деңиз толкуну түстүү пилотканы (формалык шляпаны), узун жеңдүү ак түстүү формалык көйнөктү, кара түстүү жагоо-бант, жакетсиз юбка менен;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары ысык аба ырайында деңиз толкуну түстүү пилотканы (формалык шляпаны), чолок жеңдүү ак түстүү формалык көйнөктү, юбканы, жагоо-бантсыз;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары бозомтук-күрөң түстүү пилотканы (беретти, формалык шляпаны) (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары үчүн - саргыч-жашыл түстүү), ачык-боз түстүү узун жеңдүү формалык көйнөктү (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары үчүн - саргыч-жашыл түстүү) бозомтук-күрөң түстүү (саргыч-жашыл) жагоо-бант, жакетсиз юбка менен;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында сапта жана саптан тышкары бозомтук-күрөң түстүү (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары үчүн - саргыч-жашыл түстүү) пилотканы (беретти, формалык шляпаны), ачык-боз түстүү (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары үчүн - саргыч-жашыл түстүү) чолок жеңдүү формалык көйнөктү, юбканы, жагоо-бантсыз;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин улук жана кенже офицердик курамы үчүн саптан тышкары параддык кийим формасы параддык жабдуу атрибуттары менен жабдылган күнүмдүк форма жана ак түстүү формалык көйнөк сыяктуу.
Параддык кийим формасын саптан тышкаркы ак түстүү кол капсыз кийүүгө уруксат берилет.
48. Талаа кийим формасы:
а) жайкы:
камуфляж түстүү фуражка, камуфляж түстүү жайкы күрмө жана шым, камуфляж (коргоочу) түстүү футболка, бийик кончтуу кара түстүү ботинка, жабдуу;
б) кышкы:
күрөң түстүү накта мехтен кулакчындуу тумак, камуфляж түстүү кышкы күрмө жана шым, камуфляж түстүү жайкы күрмө жана ботинка, камуфляж (коргоочу) түстүү футболка, кара (коргоочу) түстүү кышкы кол кап, күрөң түстүү моюн орогуч, бийик кончтуу кара түстүү ботинка, жабдыктар.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана атайын бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары үчүн - көгүш тилкелүү тельняшка; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч-жашыл (боз) түстүү кулакчындуу тумак, саргыч-жашыл түстүү моюн орогуч, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн кулакчындуу тумак жасалма мехтен болот.
Талаа кийим формасында улук зардалдын (аскер бөлүгүнүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна камуфляж түстүү фуражканы;
- контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн кышкы кийим формасында жасалма мехтен кулакчындуу тумактын ордуна накта мехтен кулакчындуу тумакты;
- кышкы кийим формасындагы кулакчындуу тумактын, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында камуфляж түстүү фуражканын ордуна камуфляж (хаки) түстүү жылууланган тумакты;
- кышкы жана жайкы кийим формасында белгиленген түстөгү беретти;
- жайкы талаа кийим формасында камуфляж түстүү талаа панаманы;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында кышкы кийим форманы;
- кышкы кийим формасын кышкы кол капсыз;
- кышкы камуфляж түстүү күрмөнү кышкы камуфляж түстүү шымсыз;
- кышкы жана жайкы кийим формасында бийик кончтуу саргыч боз түстүү кончу бийик ботинканы;
- жаан-чачындуу аба ырайында жамынма плащты;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында камуфляж түстүү фуражканы (беретти, панаманы), камуфляж (коргоочу) түстүү футболканы камуфляж түстүү жайкы шымды, күрмөсүз.
Талаа сабактарында, машыгууларда, маневрларда талаа кийим формасы жеке курал, жабдык жана иш үчүн зарыл жарак-жабдыктар менен кийилет.
5. Сержанттардын, старшиналардын, мөөнөттүү кызматтын жоокерлеринин, КУАЛдын курсанттарынын жана тарбиялануучуларынын кийим формасы
49. Сержанттардын, старшиналардын, мөөнөттү кызматтын жоокерлеринин, КУАЛдын курсанттарынын күнүмдүк кийим формасы:
а) жайкы:
бозомтук-күрөң түстүү фуражка, бозомтук-күрөң түстүү китель, бозомтук-күрөң түстүү багалеги коё берилме шым, ачык боз түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук-күрөң түстөгү жагоо, бел кур, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы кийим формасы:
жасалма мехтен күрөң түстүү кулакчындуу тумак, күрөң түстүү жасалма мехтен чечилме жакасы менен бозомтук-күрөң түстүү драптан кышкы пальто, бозомтук-күрөң түстүү китель, бозомтук-күрөң түстүү багалеги коё берилме шым, ачык-боз түстүү формалык көйнөк, багалеги коё берилме шым, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук-күрөң түстөгү жагоо, күрөң түстүү моюн орогуч, кара түстүү кышкы кол кап, күрөң түстүү бел кур, кара түстүү ботинка.
Параддык кийим формасы жабдууланган күнүмдүк кийим формасы сыяктуу - жайкы кийим формасында ак түстүү бел кур, ак түстүү кол кап жана аксельбант менен.
50. КУАЛдын тарбиялануучуларынын күнүмдүк кийим формасы:
а) жайкы:
кызыл түстүү кырбуусу менен кара түстүү фуражка, кара түстүү китель, багалеги коё берилме кара түстүү шым, ачык боз түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, кара түстүү бел кур, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы:
жасалма мехтен кара түстүү кулакчындуу тумак, кара түстүү жасалма мехтен чечилме жакасы менен кара түстүү драптан кышкы пальто, кара түстүү китель, багалеги коё берилме кара түстүү шым, ачык-боз түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, кара түстүү моюн орогуч, кышкы кара түстүү кол кап, бел кур, кара түстүү ботинка.
Параддык кийим формасы жабдууланган күнүмдүк кийим формасы сыяктуу - жайкы кийим формасында ак түстүү формалык көйнөк, ак түстүү бел кур, ак түстүү кол кап жана аксельбант менен.
51. Талаа кийим формасы:
а) жайкы:
камуфляж түстүү фуражка, камуфляж түстүү жайкы күрмө жана шым, коргоочу түстүү майка (футболка), кара түстүү кончтуу бийик ботинка, жабдыктар;
б) кышкы:
күрөң түстүү жасалма мехтен кулакчындуу тумак, камуфляж түстүү кышкы күрмө жана шым, камуфляж түстүү жайкы күрмө жана шым, коргоочу (хаки) түстүү кышкы (жылууланган) ич кийим, кара (коргоочу) түстүү кышкы кол кап, күрөң түстүү моюн орогуч, кара түстүү бийик кончтуу ботинка, жабдыктар.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана атайын бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары үчүн көк тилкелүү тельняшка, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн боз түстүү кулакчындуу тумак, саргыч-жашыл түстүү моюн орогуч; КУАЛдын тарбиялануучулары үчүн кара түстүү жасалма мехтен кулакчындуу тумак.
Аскер бөлүгүнүн (мекеменин) командиринин (зардалынын) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- коменданттык бөлүкчөлөрдө кызмат өтөгөн сержанттар, старшиналар жана мөөнөттүү кызматтын жоокерлери мамлекеттик органдардын, кошуундардын жана бөлүктөрдүн, мекемелердин штаб имараттарында жана аскердик окуу жайлардагы контролдоп өткөрүү пункттарында нөөмөттү жана кезметти аткарууда курсанттар үчүн белгиленген күнүмдүк кийим формасын (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн белгиленген түстөгү күнүмдүк кийим формасынын предметтери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн жашыл түстөгү курбулуу фуражка, кырбуусу - бозомтук көк түстүү жана маңдай кыры - кара түстүү);
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна күнүмдүк фуражканы;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна камуфляж түстүү фуражканы;
- кышкы талаа кийим формасында жасалма мехтен кулакчындуу тумактын ордуна жылууланган камуфляж (хаки) түстүү тумакты, ошондой эле жайкы талаа кийим формасында суук аба ырайында камуфляж түстүү фуражканы;
- кышкы жана жайкы кийим формасында белгиленген түстөгү беретти;
- жайкы талаа кийим формасында камуфляж түстүү талаа панамасын;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында бозомтук-күрөң (күрөң, кара, саргыч-жашыл) түстүү жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары фуражканы (беретти), ачык боз түстүү узун жеңдүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук-күрөң түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында сапта жана саптан тышкары фуражканы (беретти), чолок жеңдүү ачык-боз түстүү формалык көйнөктү жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- имарат ичинде күнүмдүк кийим формасын - баш кийимсиз;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында кышкы талаа кийим формасын;
- кышкы талаа кийим формасын кышкы кол капсыз;
- камуфляж түстүү кышкы күрмөнү камуфляж түстүү кышкы шымсыз;
- кышкы жана жайкы кийим формасында саргыч боз түстүү бийик кончтуу ботинканы;
- жайкы талаа формасында ысык аба ырайында камуфляж түстүү фуражканы (беретти, панаманы), камуфляж түстүү жайкы талаа шымы менен камуфляж (коргоочу) түстүү футболканы жайкы талаа күрмөсүз;
- жаан-чачындуу аба ырайында сапта жана саптан тышкары чатыр плащты.
Талаа сабактарында, машыгууларда, маневрларда талаа кийим формасы жеке курал, жабдыктар менен кийилет.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардак кароолунун жана аскердик көрсөтмөлүү оркестрдин аскер кызматчыларынын кийим формасы
52. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардак кароолунун аскер кызматчыларынын өзгөчө параддык кийим формасы:
а) жайкы:
деңиз толкуну түстүү фуражка, деңиз толкуну түстүү мундир, багалеги өтүктүн кончуна салынган деңиз толкуну түстүү шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, алтын түстүү параддык кур, аксельбант, ак түстүү кол кап, хром өтүк;
б) кышкы:
ачык-боз түстүү каракүл кулакчындуу тумак, чечилме ачык-боз түстүү каракүл жакасы менен деңиз толкуну түстүү драптан кышкы пальто, деңиз толкуну түстүү мундир, багалеги өтүктүн кончуна салынган деңиз толкуну түстүү шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, пальтого тагылуучу алтын түстүү параддык кур, ак түстүү кышкы кол кап, ак түстүү моюн орогуч, аксельбант, хром өтүк.
Улук зардалдын (аскер бөлүгүнүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- кышкы кийим формасында деңиз толкуну түстүү драптан чечилме жакасыз пальтону;
- жайкы кийим формасында фуражканы, узун жеңдүү ак түстүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоону, багалеги өтүктүн кончуна салынган шымды, мундирсиз.
53. Аскердик көрсөтмөлүү оркестрдин аскер кызматчыларынын өзгөчө параддык кийим формасы:
а) жайкы:
деңиз толкуну түстүү фуражка, деңиз толкуну түстүү китель, деңиз толкуну түстүү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, алтын түстүү параддык кур, аксельбант, ак түстүү кол кап, кара түстүү кыска ботинка;
б) кышкы:
күрөң түстүү накта мехтен кулакчындуу тумак, күрөң түстүү накта мехтен чечилме жакасы менен күрөң түстүү драптан кышкы пальто, деңиз толкуну түстүү китель, деңиз толкуну түстүү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоо, пальтого алтын түстүү параддык кур, ак түстүү кол кап, ак түстүү моюн орогуч, аксельбант, кара түстүү кыска ботинка.
Улук зардалдын (аскер бөлүгүнүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- кышкы кийим формасында сапта жана саптан тышкары чечилме жакасыз күрөң түстүү драптан пальтону;
- жайкы кийим формасында фуражканы, узун жеңдүү ак түстүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстүү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз.
7. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын айрым предметтерин кийүү
§ 1. Баш кийимдер
54. Берет менен пилотка оң тарапка бир аз эңиштеп кийилет, ал эми кулакчындуу тумак, күнүмдүк (параддык) фуражка, формалык кепка, формалык шляпа, талаа фуражкасы, талаа панамасы - түз, эңиштелбей кийилет, мында фуражканын, талаа кепкасынын, формалык шляпанын, талаа фуражкасынын маңдай кыры каштын деңгээлинде болушу керек, ал эми кулакчындуу тумактын, береттин жана пилотканын астыңкы кыры - каштын үстүнөн 2-4 см аралыкта кийилет.
55. Жогорку офицердик курам төмөнкүлөрдү киет:
- каракүлдөн кулакчындуу тумакты алтын түстүү металл кокарда менен;
- параддык жана күнүмдүк фуражканы белгиленген алтын түстүү кокарда менен, кокарда беш пайыз алтындатылган сайма менен жасалат. Фуражканын алкагындагы белгиленген саймалуу алтын түстүү кокарданын ордуна - алтын түстүү жана беш пайыз алтындатылган саймалуу металл кокарда менен кийүүгө уруксат берилет, фуражканын кебинде - Кыргыз Республикасынын саймалуу герби орун алат;
- беретти, формалык кепканы алтын түстүү металл кокарда менен, кокарданы алтын түстүү эмблема менен тагынууга уруксат берилет. Мында эмблема кара түстөгү кездеменин тонуна саймаланган тилкелүү же аскерлердин (бөлүктүн) түрү боюнча белгиленген эмблемалуу тегерек түрүндө болот;
- формалык пилотканы алтын түстүү кокарда менен;
- фуражканы жана талаа пилоткасын коргоочу түстөгү кокарда менен.
56. Улук жана кенже офицердик курам, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтын аял аскер кызматчылары төмөнкүлөрдү кийишет:
- кулакчындуу тумакты алтын түстүү металл кокарда менен;
- параддык жана күнүмдүк фуражканы белгиленген саймалуу алтын түстөгү кокарда менен;
- беретти, формалык кепканы алтын түстүү кокарда менен, кокарданы алтын түстүү эмблема менен тагынууга уруксат берилет. Мында эмблема кара түстөгү кездеменин тонуна саймаланган тилкелүү же аскерлердин (бөлүктүн) түрү боюнча белгиленген эмблемалуу тегерек түрүндө болот;
- формалык пилотканы алтын түстүү кокарда менен;
- фуражканы жана талаа панамасын коргоочу түстөгү кокарда менен.
57. Сержанттар, старшиналар, мөөнөттүү кызматтын жоокерлери, КУАЛдын курсанттары жана тарбиялануучулары төмөнкүлөрдү кийишет:
- кулакчындуу тумакты алтын түстүү темир кокарда менен, талаа кийим формасында коргоочу түстүү кокарда менен;
- күнүмдүк фуражканы алтын түстүү кокарда менен;
- беретти алтын түстүү кокарда менен, кокарданы алтын түстүү эмблема менен тагынууга уруксат берилет. Мында эмблема кара түстөгү кездеменин тонуна саймаланган тилкелүү же аскерлердин (бөлүктүн) түрү боюнча белгиленген эмблемалуу тегерек түрүндө болот;
- формалык пилотканы алтын түстүү кокарда менен;
- фуражканы жана талаа панамасын алтын түстүү кокарда менен;
58. Кулакчындуу тумактын кулакчынын түшүрүп кийүүгө сырттагы абанын температурасы 10 ºС жана андан төмөн болгон учурда уруксат берилет. Сапта кулакчындар командирдин (зардалдын) көрсөтмөсү боюнча түшүрүлөт. Түшүрүлгөн кулакчында кулакчындуу тумактын боосунун учу ээктин астында байланышы керек, көтөрүлгөн кулакчында боонун байланган учтары кулакчындын астына кымтылат.
Кулакчындуу тумактын кулакчынын учтарын командирдин (зардалдын) көрсөтмөсү боюнча куралданууну жана аскердик техниканы тейлөөдө, чарбалык иштерде жана башка учурларда желкеге байлап кийүүгө уруксат берилет.
59. Чечилген баш кийим сапта турганда жана саптык ыкмаларды аткарууда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Саптык уставында көрсөтүлгөндөй кылып колго кармалат.
§ 2. Сырт кийим
60. Кышкы пальто алды жагынан оң жагына бардык топчуларга топчуланат (аял аскер кызматчылардыкы сол жагына). Жерден пальтонун этегине чейинки аралык, боюна жараша 35-40 см болот. Сырткы бети ичине каратылып кылдат бүктөлгөн кышкы пальтону сол колго алып жүрүүгө уруксат берилет.
61. Жазгы-күзгү плащ алды жагынан көрүнбөгөн топчулук бардык топчуларга оң жагына (аял аскер кызматчылардыкы сол жагына) топчуланат. Плащтын куру таралгага тагылышы керек. Жерден плащтын этегине чейинки аралык, боюна жараша 35-40 см болот. Сырткы бети ичине каратылып кылдат бүктөлгөн жазгы-күзгү плащты сол колго алып жүрүүгө уруксат берилет.
62. Жазгы-күзгү күрмө оң жагына (аял аскер кызматчылардыкы сол жагына) жети бөрктөлгөн кадоодо супаттык топчулук менен жабылган сыдырма менен сыдырылат. Аба ырайы жаан чачындуу болгон учурда күрмөнү баш чүмбөтү менен кийүүгө уруксат берилет. Сырткы бети ичине каратылып кылдат бүктөлгөн жазгы-күзгү күрмөнү сол колго алып жүрүүгө уруксат берилет.
63. Жылуулатылган кышкы талаа күрмөсү сыдырмасына сыдырылат жана топчуларга оң жагына супаттык топчулук (бөрктөлгөн кадоодо) менен топчуланат, кончу бийик ботинкаларга жылуулатылган талаа шымы багалегин шымдап кийүүгө уруксат берилет.
Шымды кончу бийик ботинкага багелегин шымдабай кийүүгө уруксат берилет, мында шымдын багалеги боого тартылышы керек.
Аба ырайы жаан чачындуу болгон учурда кышкы талаа күрмөсү баш чүмбөтү менен жана жакасы көтөрүлүп кийилет.
Күрмө жабдыктар менен (амуниция) талаа сабактарында гана кийилет, сабактан тышкары - ансыз кийилет (мөөнөттүү кызматтын сержанттарынан, старшиналарынан, жоокерлеринен, КУАЛдын курсанттарынан жана тарбиялануучуларынан тышкары).
64. Жамынма-плащ бардык топчуларга топчуланат жана жаан-чачындуу аба ырайында жайкы жана кышкы сырт кийимдин үстүнөн (баш чүмбөтү менен же ансыз) кийилет.
Жамынма плащты ийинге тагылган курга тоголоктоп алып жүрүүгө же саптан тышкары сырткы бетин ичине каратып кылдат бүктөп колго алып жүрүүгө уруксат берилет.
65. Китель (жакет) бардык топчуларга оң жагына (аял аскер кызматчылардыкы сол жагына) топчуланат.
66. Формалык күрмө кокетканын деңгээлинде сыдырма менен сыдырылат.
67. Жайкы талаа күрмөсү бардык топчуларга оң жагына топчуланат. Күрмө жайкы форма кийиминде - майка же футболка менен (атайын бөлүкчөлөр үчүн тельняшка менен), кышкы кийим формасында - кышкы ич кийим менен кийилет.
Аба ырайы жаан чачындуу болгон учурда күрмөнүн жакасын көтөрүп кийүүгө уруксат берилет. Жайында күрмөнүн жеңи чыканактан бүгүлгөн жерден 2-4 см жогору жагына түрүлөт.
Күрмө жабдыктар менен (амуниция) талаа сабактарында гана кийилет, сабактан тышкары - ансыз кийилет (мөөнөттүү кызматтын сержанттарынан, старшиналарынан, жоокерлеринен, КУАЛдын курсанттарынан жана тарбиялануучуларынан тышкары).
68. Кышкы пальто, жазгы-күзгү күрмө, жазгы-күзгү плащ, сыдырмалуу күрмө, жылуу күрмө, китель жана шым белгиленген үлгүдө жана таза, үтүктөлгөн болушу керек. Шымдын кыры чыгарылып үтүктөлүшү зарыл. Башка предметтердин кырын чыгарып үтүктөөгө уруксат берилбейт.
Юбка белгиленген үлгүдө, таза жана үтүктөлгөн, бүктөлмөлөрү жок болушу керек. Тизенин ылдыйкы бөлүгүнөн юбканын этегине чейинки аралык 2-4 см.
Кителдин жана күрмөнүн чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары сыртка чыгарылып, жеңге жана төшкө тагылуучу айырмалоочу белгилер, бастырылган тигиш - туура жана тыкан тигилиши (тагылышы) керек.
§ 3. Көйнөктөр, жагоо, моюн орогуч, кол кап
69. Көйнөк бардык топчуларга оң жагына топчуланат (аял аскер кызматчылардыкы сол жагына) жана погон жана жагоо менен кийилген мундирде, кителде, свитерде, сыдырмалуу күрмөдө кийилет. Көйнөктүн жакасы мундирдин (кителдин, сыдырмалуу күрмөнүн) жакасынын үстүнкү кырынын деңгээлинде болушу керек же андан 0,5 см көп эмес чыгып турушу керек.
Улук зардалдын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийип жүрүүгө уруксат берилет:
- жайкы параддык форма кийиминде мундирсиз параддык погондору жана жагоо менен параддык көйнөктү, ал эми кызматтык жайларда - жылдын каалаган мезгилинде. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрүнүн чек ара контролунун бөлүмдөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүн өткөрмө пункттарда кызматтык милдеттери документтерди тариздөөгө катышууну караган аскер кызматчыларына - жагоосуз, чолок жеңдүү;
- жайкы күнүмдүк форма кийиминде кителсиз (жакетсиз, сыдырмалуу күрмөсүз, свитерсиз) погондору жана жагоо менен, ал эми кызматтык жайларда, сабактарда, аудиторияларда (устаканаларда) - жылдын каалаган мезгилинде күнүмдүк көйнөктү;
- кителсиз (жакетсиз, сыдырмалуу күрмөсүз, свитерсиз), жагоосуз, үстүнкү топчусун топчулабай, погону менен, чолок жеңдүү параддык жана күнүмдүк көйнөктү жайкы параддык жана күнүмдүк форма кийиминде абанын температурасы 20 градус жана андан жогору болгондо.
Көйнөк белгиленген үлгүдө, таза жана өзүнө чакталган, үтүктөлгөн, туура тандалган погондору менен болушу керек.
Өңү өчкөн жана үтүктөлбөгөн көйнөктөрдү, бузулган жана булганган погондору менен көйнөктөрдү, ошондой эле жеңдеринде жана көйнөктүн учасында бүктөмө чыгарып үтүктөөгө болбойт.
70. Жагоо көйнөк менен кийилет жана ага алтын түстүү белгиленген үлгүдөгү, үстүнөн алганда үчүнчү жана төртүнчү топчулардын ортосунда кыпчытылган бекиткич менен бекитилет. Жагоо ар дайым жаңы жана таза болууга тийиш. Өңү өчкөн жана бырышкан жагоону тагынууга болбойт.
71. Футболка талаа кийим формасы менен кийилет. Жай мезгилинде футболканы жайкы талаа күрмөсү жок кийүүгө уруксат берилет.
72. Моюн орогуч пальтонун, күрмөнүн жана жазгы-күзгү плащтын жакасына тыкан кийирилип салынат. Моюн орогучтун үстүнкү кыры жакадан 1-2 см бирдей чыгып турушу керек. Өңү өчкөн жана белгиленбеген өңдөгү жана үлгүдөгү моюн орогучту салынууга болбойт.
73. Ак түстөгү кол кап сап үчүн параддык кийим формасында кийилет. Кара түстөгү кол каптар сап үчүн параддык форма кийиминде өзгөчө көрсөтмө боюнча кийилет.
Кышкы кол кап (кайыш, жүн, жарым жүн) кышкы күнүмдүк, талаа, атайын жана жумушчу кийим формасында кийилет, ошондой эле суук аба ырайында жайкы кийим формасында кийүүгө уруксат берилет.
Аскердик салам бергенде кол кап чечилбейт.
§ 4. Бут кийим, байпак, узун байпак жана колготки
74. Аскердик кийим формасын кийүүдө бут кийим белгиленген үлгүдө, жыртылбаган жана таза болушу керек.
Ботинка, кыска ботинка жана туфли тыкан байланышы керек.
Аял аскер кызматчыларынын туфлисинин жана кыска өтүгүнүн такасынын бийиктиги 5 см ден жогору болбойт.
Үстү жыртылган же такасы желинген бут кийимди кийүүгө уруксат берилбейт.
75. Байпак кара түстө же кара-көк түстө болушу керек. Өңү өчкөн жана белгиленбеген өңдөгү байпакты кийүүгө болбойт.
76. Аял аскер кызматчылар үчүн байпак жана колготки кышкы кийим формасында - кара түстө, жайкы кийим формасында - дене түсүнө окшош болушу керек. Өңү өчкөн, белгиленбеген үлгүдөгү байпакты жана колготкини кийүүгө уруксат берилбейт.
§ 5. Жабдыктар (амуниция) жана куралдар
77. Жогорку офицердик курамдын мундириндеги параддык кур алдыдан топчулардын жогорку жактагы экинчи сабына такалышы керек. Улук жана кенже офицерлердин, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана контракт боюнча кызмат өтөп жаткан жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кителинде - жогорку жактагы үчүнчү топчуну жабышы керек.
Кышкы пальтого параддык курду тагынууда, ал үстүнөн үчүнчү топчуга такалышы керек. Курдун таралгасы алды жагында чок ортосунда жайгашышы керек.
78. Бел кур жайкы талаа жана кышкы талаа күрмөсүндө тагылат.
Мөөнөттүү кызматтын жоокерлери, сержанттары жана старшиналары, КУАЛдын курсанттары жана тарбиялануучулары бел курду кышкы пальтонун, кителдин, жайкы жана кышкы талаа күрмөсүнүн, кыска тондун, жылуу бешманттын сыртынан курчанышат.
Ак түстөгү бел курду мөөнөттүү кызматтын жоокерлери, сержанттары жана старшиналары, КУАЛдын курсанттары жана тарбиялануучулары - параддык жайкы жана кышкы кийим формасында курчанышат.
Мөөнөттүү кызматтын жоокерлеринин, сержанттарынын жана старшиналарынын, КУАЛдын курсанттарынын жана тарбиялануучуларынын бел куру жогору жактагы үчүнчү жана төртүнчү топчулардын ортосуна, кителде жогору жактагы төртүнчү жана бешинчи топчулардын ортосуна келиши керек.
79. Тапанча бел курда (жабдыкта) тапанча капка салынып оң капталда болот:
- кышкы пальтонун, талаалык жайкы жана кышкы күрмөнүн, кителдин сыртында;
- жазгы-күзгү күрмөнүн, сыдырмалуу күрмөнүн, формалуу көйнөктүн астында жана шымдалган формалык көйнөктү кийүүдө шымдын сыртында.
80. Талаа сумкасы талаа жана күнүмдүк жайкы жана кышкы кийим формасын кийгенде кийим сыртынан оң ийинге асынууну курга оң жамбашка тагылат.
81. Аксельбант сап үчүн параддык форма кийиминде төмөнкүчө тагылат:
- жогорку офицердик курам, улук жана кенже офицердик курам - алтын түстөгү эки учтук менен;
- контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктер, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан жоокерлер, сержанттар жана старшиналар, мөөнөттүү кызматтын жоокерлери, сержанттары жана старшиналары, КУАЛдын курсанттары жана тарбиялануучулары - алтын түстөгү бир учтук менен.
82. Аскер кызматчылары үчүн жабдыктар ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
8. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын айырмалоо белгилерин тагынуу
§ 1. Погондор
83. Тигилме погондор кышкы пальтодо, мундирде, параддык кителде, параддык жакетте тагылат.
Чечилме погондор кителде, жакетте, ак түстөгү көйнөктө (жогорку офицердик курам - жазгы-күзгү күрмөдө, жазгы-күзгү плащта, пуловерде, сыдырмалуу күрмөдө, кышкы талаа күрмөсүндө, жайкы талаа күрмөсүндө) тагылат.
Коюлма погондор жазгы-күзгү күрмөдө, жазгы-күзгү плащта, пуловерде, сыдырмалуу күрмөдө, формалык көйнөктө, кышкы талаа күрмөдө, жайкы талаа күрмөсүндө тагылат.
84. Погондордогу жылдыздардын (жылдызчалардын) жана айырмалоочу белгилердин жайгашуусу ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
§ 2. Жеңге жана төшкө тагылуучу айырмалоочу белгилер, эмблемалар
85. Аскер кызматчынын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына тиешелүүлүгүн көрсөткөн жеңге тагылуучу айырмалоочу белги формалык кийимдин (көйнөктөн жана свитерден тышкары) сол жеңине жеңдин үстүнкү кырынан 8 см ылдый тигилет.
Талаа кийиминдеги жеңге тагылуучу белги кышкы талаа күрмөсүнүн сол жеңине жеңдин үстүнкү кырынан 8 см ылдый, жайкы талаа күрмөсүнүн сол жеңиндеги каптама чөнтөгүнө тигилет (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн - жеңдин үстүнкү кырынан 8 см ылдый же каптама чөнтөгүнө тигилет).
86. Аскер кызматчынын министрликке, ведомствого, аскерлер түрүнө, бөлүкчөгө жана кызматка таандыктыгын көрсөткөн жең белги форма кийиминин оң жеңине (көйнөк жана свитерден башкасына) жеңдин жогорку кырынан 8 см аралыкта тигилет.
Талаа кийиминин жең белгиси кышкы талаа күрмөсүнүн оң жеңинин сырт тарабына жеңдин жогорку кырынан 8 см аралыкта тигилет, жайкы талаа күрмөсүнө - оң жеңинин каптама чөнтөгүнө.
87. Канынын тобун көрсөткөн төшкө бастырылган тигиш жайкы талаа күрмөсүнүн капкалдарынын тигишинен 2 мм аралыкта сол жагына тигилет.
"KYRGYZSTAN" деген жазуусу бар төштөгү бастырылган тигиш жайкы талаа күрмөсүнүн капкалдарынын тигишинен 2 мм аралыкта оң жагына тигилет.
88. КУАЛдын курсанттарынын жана тарбиялануучуларынын окуу курстары боюнча жең белгиси форма кийиминин - сол жеңинин сырт тарабына жең белгинин төмөнкү четинен 1 см аралыкта, талаа кийиминде жайкы талаа күрмөсүнүн жеңинин каптама чөнтөгүнүн төмөнкү тигишинен 5 мм аралыкта тагылат, кышкы талаа күрмөсүндө форма кийиминдегидей тагылат.
89. Аскерлер түрү боюнча эмблема тигилме, параддык жана күнүмдүк погондорго топчунун төмөнкү четинен эмблеманын жогорку четине чейин 3-5 мм аралыкта жайгаштырылат.
Погондордогу топчулар - топчунун үстүнкү чети погондун үстүнкү тегеректелген четинин милтесинин ички бетинин ортосунда болгондой жайгаштырылат.
90. "KG" эмблемасы кителдин (жакеттин) жакасына жаканын учунан эмблеманын четине чейин 15 мм аралыкта жайгаштырылат.
9. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик форма кийимине ордендерди, медалдарды, ордендик тасмаларды жана планкаларда медалдардын тасмасын жана башка артыкчылык белгилерди тагынуу
91. Аскердик форма кийиминде (мундирде, кителдерде) ордендерди, медалдарды же ордендик тасмаларды жана планкаларда медалдардын тасмасын жана аскердик төш белгилерди тагынуу милдеттүү болуп эсептелет.
92. Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы артыкчылык белгиси - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" ("Ак-Шумкар" - өзгөчө белгиси) жайкы параддык (көйнөк), жайкы күнүмдүк (сыдырмалуу күрмө, пуловер же көйнөк), талаа жана жумушчу кийиминен тышкары башка бардык форма кийимине тагылат.
93. Параддык форма кийимине төмөнкүлөр тагылат:
1) Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы айырмалоочу белгиси - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" ("Ак-Шумкар" - өзгөчө белгиси);
2) ордендер жана медалдар;
3) ардак наамдарга төш белгилер;
4) депутаттардын төш белгилери;
5) отличниктердин жана класстык адистердин төш белгилери.
94. Параддык форма кийиминде саптан тышкары мундирде жана сап үчүн күнүмдүк форма кийиминде, саптан тышкары кителде ордендердин жана медалдардын ордуна ордендик тасмалар жана планкалардагы медалдардын тасмалары, ошондой эле айырмалоочу белгилер, анын ичинде ушул Эрежелердин 93 жана 95-пункттарында көрсөтүлгөн төш белгилер тагылат.
95. Жайкы параддык (көйнөктөн), жайкы күнүмдүк (сыдырмалуу күрмөдөн, пуловерден же көйнөктөн), талаа форма кийиминен тышкары бардык форма кийимдеринде төмөнкүлөрдү тагынат:
1) "Гвардия" төш белгисин;
2) аскердик окуу жайларды аяктагандыгы жөнүндө төш белгини;
3) КУАЛды (Суворов, Нахимов окуу жайын) бүтүргөндүгү жөнүндө төш белгини;
4) жогорку жарандык окуу жайларын бүтүргөндүгү жөнүндө төш белгини.
Уруксат берилет:
1) спорттук төш белгилерди жана медалдарды;
2) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдары уюштурган башка айырмалоочу белгилерди.
96. Жарат алуулардын санынын белгиси жайкы параддык (көйнөк), күнүмдүк жайкы (сыдырмалуу күрмө, пуловер же көйнөк), талаа жана жумушчу кийим формасынан тышкары бардык кийим формаларына төштүн оң жагына ордендерден жана медалдардан 10 мм жогору, ал эми ордендер жана медалдар жок болгон учурда алардын ордуна тагылат.
Жарат алуулардын санынын белгиси алтын түстөгү (оор жарат алганда) жана кочкул-кызыл түстөгү (жеңил жарат алганда) галундан айырмалоочу белги мундирдин жана кителдин түсүнүн өңүндөгү капкалдырыкка жайгашат. Галундун жазылыгы - 6 мм, узундугу - 43 мм.
97. Кыргыз Республикасынын өзгөчө жогорку даражадагы артыкчылык белгиси - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" ("Ак-Шумкар" - өзгөчө белгиси) төштүн сол жагында ордендердин жана медалдардын үстүндө же ордендик тасманын жана планкалардагы медалдардын тасмаларынын үстүндө тагылат жана төмөнкүдөй жайгаштырылат.
а) мундирде - медалдын колодкасынын үстүнкү кыры лацкандын бурчунун деңгээлинде болгудай лацкандан сол жакка;
б) кителде - медалдын колодкасынын үстүнкү кыры лацкандын урчугунун деңгээлинде болгудай лацкандан сол жакка.
98. Колодкаларда тагылуучу ордендер төштүн сол жагына тагылат, ал эми колодкасыз тагылуучу ордендер - төштүн оң жагына тагылат. Бардык медалдар төштүн сол жагына тагылат.
99. Төштүн сол жагына тагылчу ордендер жана медалдар төмөнкүдөй тартипте жайгаштырылат:
1) Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы артыкчылык белгиси - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" ("Ак-Шумкар" - өзгөчө белгиси);
2) үч даражадагы "Манас" ордени;
3) "Данакер" ордени;
4) "Баатыр Эне" ордени;
5) "Эрдик" медалы;
6) "Даңк" медалы;
7) "Эне даңкы" медалы;
8) "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы;
9) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын медалдары алардын маанилүүлүгүнө жараша. Ар кайсы ведомстволордун аскер кызматчыларын сыйлоодо, алар аскер кызматчысы аскер кызматын өтөп жаткан ведомствонун медалынан кийин маанилүүлүк тартибинин деңгээлине жараша тагылат.
100. Эки же андан көп орденди төштүн сол жагына тагынганда, ошондой эле медалдарды аталган ордендер менен бирге тагынганда алардын колодкалары ушул Эрежелердин 93 жана 99-пункттарында белгиленген тартипте оңдон солго карай бир катарга бириктирилет. Бир аталыштагы ордендер жана медалдар сыйлоо убактысынын тартиби боюнча катар жайгаштырылат. Бир катарга батпай калган ордендер жана медалдар (5тен көп эмес), биринчи катардан ылдый жайгашкан экинчи жана андан кийинки катарларга белгиленген кезектүүлүктө оңдон солго карай тагылат.
101. Ордендерди жана медалдарды төштүн сол жагына тагуу биринчи катардын жалпы планкасынын (колодкасынын) жогорку кыры төмөнкүдөй болуп жайгашкандай кылып жүргүзүлөт:
а) мундирде - лацкандын бурчунун деңгээлинен 70 мм ылдый;
б) кителде - лацкандын урчугунун деңгээлинен 70 мм ылдый.
Экинчи катардагы ордендердин жана медалдардын колодкаларынын жалпы планкасы биринчи катардагы ордендердин жана медалдардын астына кирип, ал эми үчүнчү жана андан кийинки катардагылардыкы ушундай эле тартипте жайгаштырылат.
102. Төштүн оң жагына эки же андан көп ордендерди тагынууда алар солдон оңго туурасынан катарга, алардын каптал жактарынын ортосундагы аралыктар 5 мм болгудай жайгаштырылат. Бир аталыштагы даражаларга ээ ордендер сыйлоо убактысынын тартиби боюнча катар тагылат.
Бир катарга батпай калган ордендер, биринчи катардан ылдый жайгашкан экинчи жана кийинки катарларга көрсөтүлгөн кезектүүлүктө солдон оңду карай тагылат.
Ордендердин катарларынын ортосундагы аралык 10 мм.
Биринчи катардагы ордендердин (медалдардын колодкасынын) үстүнкү четтери төштүн сол жагына тагылуучу ордендердин жана медалдардын биринчи катардагы жалпы планкасы (колодкасы) үчүн белгиленген деңгээлде жайгаштырылат.
103. Чет мамлекеттердин ордендери жана медалдары Кыргыз Республикасынын сыйлыктарынан кийин алардын статусунун ырааттуулугу боюнча тагылат. Колодкаларга тагылчу ордендер төштүн сол жагына жайгаштырылат, ал эми колодкасыз тагылчу ордендер - төштүн оң жагына тагылат. Бардык медалдар төштүн сол жагына тагылат.
104. Ордендердин жана медалдардын планкалардагы тасмалары төштүн сол жагына төмөнкүдөй тагылат:
а) мундирде - лацкандын бурчунун деңгээлинен 70 мм ылдый;
б) кителде планка анын ылдыйкы кыры үстүнкү каптама чөнтөктүн өйдөкү тигишинин деңгээлинде болгудай жайгаштырылат.
105. Ордендердин жана медалдардын планкалардагы тасмалары ушул Эрежелердин 93 жана 99-пунктунда көрсөтүлгөндөй тартипте оңдон солго карай жайгаштырылат.
Бир планкага батпай калган (бир катарда 5тен көп эмес) тасмалар экинчи жана кийинки планкаларга, кийинки планканын ылдыйкы чети үстүнкү каптама чөнтөктүн өйдөкү тигишинин деңгээлинде болгудай ташылат, даяр планканын бийиктиги 10 мм.
106. Чет мамлекеттердин ордендеринин жана медалдарынын тасмалары Кыргыз Республикасынын ордендеринин жана медалдарынын тасмаларынын планкаларынан кийин алардын статусуна ылайык ырааттуулукта тагылат. Ордендердин жана медалдардын тасмалары 5тен көп эмес бир катарга тагылат.
107. Ардак наамдарынын төш белгилери төштүн оң жагына ордендерден жана медалдардан жогору мундирге жана кителге - лацкандан оңго, белгинин үстүнкү кыры лацкандын бурчунун деңгээлинде болгудай тагылат.
108. Депутаттардын төш белгилери төштүн сол жагына тагылат жана төмөнкүдөй жайгаштырылат:
а) мундирде - лацкандын ортосуна топчулуктун деңгээлинде;
б) кителде - лацкандын ортосуна анын учунун деңгээлинде.
109. Адистин класстык квалификациясынын төш белгиси төштүн оң жагына тагылат жана төмөнкүдөй жайгаштырылат:
а) мундирде, параддык кителде - белгинин үстүнкү кыры лацкандын учунун деңгээлинен төштүн борбору боюнча 70 мм төмөн, ал эми ордендерди бар болгон учурда алардын төмөнкү кырынан 10 мм төмөн;
б) күнүмдүк кителде - төш чөнтөктүн капкалдырыгынан 10 мм ге жогору.
110. Аскердик жана башка төш белгилер төштүн оң жагына тагылат жана төмөнкүдөй артыкчылыктуу тартипте жайгаштырылат:
а) "Гвардия" белгиси;
б) аскер окуу жайларын аяктагандыгы жөнүндө белги;
в) КУАЛды бүтүргөндүгү жөнүндө белги;
г) жогорку жарандык окуу жайларды аяктагандыгы жөнүндө белги;
д) башка артыкчылык белгилер.
111. Төш белгилер төштүн оң жагына солдон оңго карай туурасынан катарга төмөнкүдөй жайгаштырылат:
а) мундирде, параддык кителде - ордендерди жана медалдарды же адистин класстык квалификациясынын белгисин тагынууда - алардан 10-15 ммге ылдый, ал эми алар жок болгондо алардын ордуна;
б) күнүмдүк кителде - төш чөнтөктүн капкалдырыгынын ортосуна, бирок эң чоң белгинин симметриясынын туурасынан кеткен огу боюнча багытталган үч белгиден көп эмес.
112. Аскер кызматчысында эки же андан көп жогорку аскердик окуу жайын бүткөндүгү жөнүндө төш белгилери болгондо бир гана төш белги тагылат.
Жарандык жогорку окуу жайын (университетти, институтту) бүтүргөндүгү жөнүндө төш белгини жогорку аскердик окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө төш белгиси болгон учурда аны менен бир деңгээлде анда оң жакка тагынганга уруксат берилет.
Жогорку аскердик окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө төш белгиси болгон учурда орто аскердик окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө төш белгиси тагылбайт.
КУАЛды бүтүргөндүгү жөнүндө төш белги жогорку жана орто аскердик окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө белгилер менен бир деңгээлде алардан оң жакка тагылат, ал эми бул белгилери жок болсо, алардын ордуна тагылат.
113. Чет мамлекеттердин төш белгилери Кыргыз Республикасынын төш белгилеринен кийин тагылат.
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүүнүн, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарын тагынуунун бирдиктүү эрежелерине 1-тиркеме |
№ | Предметтердин аталышы | Предметтердин саны | Эскертүү |
1 | Кевлар каскасы | 1 | Болот каскага уруксат берилет |
2 | Соотолгон жилет | 1 |
|
3 | Жеңилдетилген жилет | 1 |
|
4 | Талаа (белге таккан) куру | 1 |
|
5 | Плащ - чатырча (жамынма - плащ) | 1 |
|
6 | Кошумча салынмасы жана кариматы менен уктоочу кап | 1 |
|
7 | Рюкзак (мүлк салынуучу кап) | 1 |
|
8 | Магазиндер үчүн баштыкча | 1 |
|
9 | Кол гранаталар үчүн баштык | 1 |
|
10 | Противогаз жана жеке коргоочу каражаттар | 1 |
|
2. Рюкзакка же мүлк кабына төмөнкүлөр салынат:
1) баш кийим (кышкы талаа форма кийиминде - жайкы баш кийим, жайкы талаа форма кийиминде - кышкы);
2) каска, ал колдонулбаган учурларда;
3) плащ - чатырча (жамынма - плащ) ал колдонулбаган учурларда;
4) уктоочу каптар жана каримат (ийин тарткычка бекитилет);
5) кружкасы жана кашыгы менен котелок;
6) тамактануунун жеке радиону (кургак чен азык);
7) запас байпактар (чулгоо), ич кийим (несессерге салынат);
8) Даараткана буюмдары (атыр самын, тиш жуугуч паста, тиш щетка, сакал алгыч) жана сүлгү (бет аарчыган жана бут аарчыган) (насессерге салынат);
9) жиптердин жана ийнелердин топтому, кийим жана бут щеткалар, фурнитуралардын топтому, өтүк май (несессерге салынат);
10) жеке таңуучу пакет (несессерге салынат);
11) фонарик (насессерге салынат);
12) шереңке, шам (несессерге салынат);
13) маки (несессерге салынат);
14) жазуу керек-жарактарынын топтому (несессерге салынат).
Зарылчылык болгондо командирдин (зардалдын) чечими боюнча рюкзакка же мүлк кабына жана салынуучу мүлктүн жана амунициянын аталышы аткарылуучу тапшырмаларга жараша алмаштырылышы мүмкүн.
3. Офицердик талаа сумкасына төмөнкүлөр салынат:
1) жумушчу жана маалымдама дептерлер;
2) офицердик сызгыч;
3) түстүү карандаштар (кызыл түстүү - 2 даана, көк түстүү - 2 даана, кара түстүү - 1 даана, күрөң түстүү - 1 даана, жашыл түстүү - 1 даана, сары түстүү - 1 даана);
4) фломастерлер топтому;
5) өчүргүч, карандаш учтагыч (маки), кайчы, кеңсе бычагы;
6) компас;
7) курвиметр же циркуль-ченегич.
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүүнүн, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарын тагынуунун бирдиктүү эрежелерине 2-тиркеме |
Аскердик наам | жылдызчалардын саны | жылдызчалардын диаметри | Аралыгы, мм | ||
погондун төмөнкү четинен биринчи жылдызчанын борборуна чейин | погондогу жылдызчалардын ортосундагы аралык | погондун төмөнкү чегинен символиканын төмөнкү чегине чейин | |||
Генерал-полковник | 3 | 22 | 40 | 20 | 3 |
Генерал-лейтенант | 2 | 22 | 40 | 25 | 3 |
Генерал-майор | 1 | 22 | 55 | - | 3 |
Полковник | 3 | 20 | 40 | 25 | 3 |
Подполковник | 2 | 20 | 40 | 25 | 3 |
Майор | 1 | 20 | 60 | - | 3 |
Капитан | 4 | 13 | 35 | 20 | 3 |
Улук лейтенант | 3 | 13 | 35 | 20 | 3 |
Лейтенант | 2 | 13 | 35 | 20 | 3 |
Кенже лейтенант | 1 | 13 | 55 | - | 3 |
Улук прапорщик | 3 | 13 | 35 | 20 | - |
Прапорщик | 2 | 13 | 35 | 20 | - |
2. Аскердик наамдар боюнча жылдызчалардын кийилме погондордо жайгаштырылышы:
Аскердик наам | жылдызчалардын саны | жылдызчалардын диаметри | Аралыгы, мм | ||
погондун төмөнкү четинен биринчи жылдызчанын борборуна чейин | погонду бойлото жылдызчалардын борборунун ортосу | погондун төмөнкү чегинен символиканын төмөнкү чегине чейин | |||
Полковник | 3 | 20 | 40 | 25 | 3 |
Подполковник | 2 | 20 | 40 | - | 3 |
Майор | 1 | 20 | 60 | - | 3 |
Капитан | 4 | 13 | 30 | 20 | 3 |
Улук лейтенант | 3 | 13 | 30 | 20 | 3 |
Лейтенант | 2 | 13 | 30 | 20 | 3 |
Кенже лейтенант | 1 | 13 | 45 | - | 3 |
Улук прапорщик | 3 | 13 | 30 | 20 | - |
Прапорщик | 2 | 13 | 30 | 20 | - |
3. Чечилме жана тигилме погондордо аскердик наамдар боюнча айырмалоочу белгилердин жайгаштырылышы:
Аскердик наам | Кыйыктардын саны | галундун эни (мм) | Аралыгы, мм | |
галундар ортосундагы | гогондун төмөнкү четинен галундун төмөнкү чегине | |||
Старшина | эки туурасынан кеткен: |
| 2 | 45 |
- жазы | 30 |
|
| |
- ичке | 8 |
|
| |
Улук сержант | бир туурасынан кеткен | 30 |
| 45 |
Сержант | үч туурасынан кеткен | 8 | 2 | 45 |
Кенже сержант | эки туурасынан кеткен | 8 | 2 | 45 |
Ефрейтор | бир туурасынан кеткен | 8 |
| 45 |
Галундун түсү:
- мөөнөттүү кызматгагы аскер кызматчылардыкы - сары түстө;
- контракттык кызматтагы аскер кызматчылардыкы - кызыл
түстө.
4. Кийилме погондордо аскердик наамдар боюнча айырмалоочу белгилердин жайгаштырылышы:
Аскердик наам | Кыйыктардын саны | галундун эни (мм) | Аралыгы, мм | |
галундар ортосундагы | погондун төмөнкү четинен галундун төмөнкү чегине чейин | |||
Старшина | эки туурасынан кеткен: |
| 2 | 20 |
- жазы | 20 |
|
| |
- ичке | 5 |
|
| |
Улук сержант | бир туурасынан кеткен | 20 |
| 20 |
Сержант | үч туурасынан кеткен | 5 | 2 | 20 |
Кенже сержант | эки туурасынан кеткен | 5 | 2 | 20 |
Ефрейтор | бир туурасынан кеткен | 5 |
| 20 |
Галундун түсү:
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларыныкы - сары түстө;
- контракттык кызматтын аскер кызматчыларыныкы - кызыл түстө;
- талаа форма кийиминде - коргоочу түстө.