Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 27-январындагы № 21 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) статусун, аны түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартибин аныктайт.
2. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу кеңешүүчү орган болуп эсептелет, ал мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун институттарынын кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо, маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча ишке чыгармачыл интеллигенциянын, коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу боюнча иштеринин натыйжалуулугун көтөрүү максатында түзүлгөн.
3. Кеңештин негизги милдети болуп улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү бөлүгүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын тиешелүү жоболорун ишке ашырууда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу эсептелет.
4. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин функциялары жана укуктары
5.Кеңеш:
1) маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди талкуулайт, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары үчүн сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат;
2) маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын маселелерине тиешелүү болгон Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ошондой эле мыйзам долбоорлоруна, башка ченемдик укуктук актыларына коомдук экспертиза жүргүзөт;
3) улуттук маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу максатында мындай маалыматтарды жыйнайт жана талдайт;
4) улуттук маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды илгерилетет.
6. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) улуттук маданияттын маселелери боюнча форумдарды, угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга;
2) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде актуалдуу маселелерди кароо боюнча жумушчу топторду түзүүгө жана өз ишине улуттук жана эл аралык эксперттерди тартууга;
3) өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди мамлекеттик органдардан жана уюмдардан белгиленген тартипте суроого жана алууга, буга мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды камтыган документтер кирбейт;
4) зарылдыгына жараша өзүнүн иши жөнүндө маалыматты даярдоого, Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий веб-сайтында жайгаштырууга, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.
3. Кеңештин курамы жана аны түзүүнүн тартиби
7. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан эки жылдык мөөнөткө түзүлөт.
8. Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти болуп саналат.
9. Кеңештин курамына Кыргызстандын элинин улуттук маданиятын сактоо жана өнүктүрүү маселелеринде тажрыйбасы бар жана билимдерге ээ, Кеңештин ишинин негизги маселелерин билген мамлекеттик органдардын, чыгармачылык интеллигенциянын, коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
10. Кеңештин мүчөлөрүнүн бири ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Кеңештин жаңы мүчөсүн дайындайт, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Кеңештин башка мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү менен бир эле маалда аяктайт.
11. Кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
12. Кеңештин ишинин негизги формасы Кеңештин жыйналыштары болуп саналат.
13. Кеңеш ушул Жобо менен жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча өз ишинин регламентин аныктайт.
14. Кеңештин ишин маалыматтык жана документтик жактан камсыз кылууну, ошондой эле Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү Катчылык ишке ашырат. Катчылыктын функциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлөт, ал бөлүмдүн жетекчиси Кеңештин катчысы болуп саналат.
15. Кеңештин сунуштамалары жана сунуштары Кеңештин жыйналышында катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, протокол менен таризделип жана сунуш берүү мүнөзүндө болот.
16. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий веб-сайтында өзүнчө бөлүккө ээ.
5. Кеңештин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
17. Кеңештин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратын күтүүгө каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жүзөгө ашырат.
18. Кеңештин иши ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган тартылган каражаттардын эсебинен да каржыланат.