Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 27-январы ПЖ № 21
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңешти түзүү жөнүндө
Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу, Кыргызстан элинин маданий мурасын сактоо жана өзгөчө заманбап улуттук маданиятын өнүктүрүү боюнча ишке чыгармачыл интеллигенциянын, коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңешке биринчи кезекте улуттук маданиятты сактоонун жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын кароосуна киргизүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңешке өзүнүн функцияларын аткарууга көмөк көрсөтсүн, анын ичинде мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырларды камтыган документтерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
1-тиркеме
Кудайбердиева Гүлмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Жакиев Бексултан | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры (макулдашуу боюнча); |
Садыков Тургунбай | - | Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт улуттук академиясынын ректору, скульптор-монументалист, СССРдин эл сүрөтчүсү, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры (макулдашуу боюнча); |
Бердникова Евгения Александровна | - | "5 Канал" ЖАКтын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Дүйшеев Шайлообек | - | акын, "Сөз дайрасы" берүүсүнүн алып баруучусу, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, (макулдашуу боюнча); |
Жумабаев Руслан Сыдыкбаевич | - | "Хан Теңири" фольклордук-этнографиялык ансамблинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Казаков Түгөлбай Токтогулович | - | композитор, публицист, "Улутман" телеберүүсүнүн алып баруучусу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Кадырбеков Нуржигит | - | "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондусунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Карыбаева Мира Аскеровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Мамасаидов Махаммаджан Ташалиевич | - | Ош мамлекеттик социалдык университетинин алдындагы Окуу китептерин даярдоо боюнча борборунун директору, профессор, техника илимдеринин доктору; |
Молдокасымов Кыяз Саттарович | - | профессор, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мусаев Айбек Ырсалиевич | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Болотбек Салбарович | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Раев Султан Акимович | - | жазуучу, драматург, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Саралаева Жанна Урматовна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кеңештин катчысы; |
Чороев Тынчтыкбек Кадырмамбетович | - | профессор, тарых илимдеринин доктору, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Шер-Нияз Садык | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы, кинорежиссер (макулдашуу боюнча); |
Эрматов Эгемберди | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы. |