Загрузка документа…
КР Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 105 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 22-январы ПЖ № 15
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй редакцияда бекитилсин:
"Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Марипов Улукбек Асамидинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы; |
Исаков Сапар Джумакадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Никитенко Наталья Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Саралаева Жанна Урматовна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Комиссиянын жооптуу катчысы.". |
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |