ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2016-жылдын 18-февралындагы ПЖ № 35 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакция18.02.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2016-жылдын 18-февралы ПЖ № 35

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Ноокат жана Өзгөн райондук сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 18-февралынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Абдыкахаров Уткирбек Сыдыкалиевич;

Артыкова Нуржамал Момунжановна;

Бодоев Абдимавлян Көкөнович;

Жусупбаев Шумкарбек Болотбекович;

Каримбаева Чолпон Маматеминовна;

Матраимов Бахтияр Шамшиевич;

Омуралиев Бакытбек Эмилбекович;

Сарыбаев Омурбек Рыскулович;

Шаматов Улан Шайлообекович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев