Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 5-апрели ПЖ № 71
Жалал-Абад облусунун айрым райондук жана шаардык сотторунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө
Судьялардын кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүлгөндүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жалал-Абад облусунун айрым райондук жана шаардык сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 6-апрелинен баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:
Абдыллаева Шааркан;
Тажибаев Абибила Кадырович;
Смадиярова Айжан Алимжановна;
Мусаев Сайдибаказ Темирович;
Чоконов Абдисатар;
Кенжеева Асылкан Абдимаматовна;
Калыбеков Улукбек Жолдошевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |