ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2016-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 71 «Жалал-Абад облусунун айрым райондук жана шаардык сотторунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция05.04.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2016-жылдын 5-апрели ПЖ № 71

Жалал-Абад облусунун айрым райондук жана шаардык сотторунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө

Судьялардын кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүлгөндүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жалал-Абад облусунун айрым райондук жана шаардык сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 6-апрелинен баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:

- Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунан

 

Абдыллаева Шааркан;

- Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунан:

 

Тажибаев Абибила Кадырович;

Смадиярова Айжан Алимжановна;

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунан

 

Мусаев Сайдибаказ Темирович;

- Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунан:

 

Чоконов Абдисатар;

Кенжеева Асылкан Абдимаматовна;

- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунан

 

Калыбеков Улукбек Жолдошевич.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев