Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 18-июлу ПЖ № 161
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2017-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 73 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын азыркы абалы коомчулуктун жана улуттук коопсуздуктун талаптарына туура келбейт. Алардын коррупцияга батканы жана кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткара албагандыгы жарандардын адилеттүү нааразычылыгын жаратууда.
Укук коопсуздук органдарынын айрым кызматкерлеринин укукка каршы жүрүш-турушу, ошондой эле чарбакер субъекттердин ишине алардын негизсиз кийлигишүүсү коомчулукта өзгөчө тынчсызданууну жаратууда, бул болсо "көмүскө" экономиканын өсүшүнө, өлкөдө криминогендик кырдаалдын начарлашына жана жарандардын укуктарын көптөгөн бузууларга алып келет.
Укук коопсуздук органдарынын ишиндеги системалуу кемчиликтер Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизет, мыйзамдын жана акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылбайт, ошондой эле системанын өзүнүн ичиндегидей эле, коомчулукта дагы карама-каршылыктарды жана чыр-чатактарды жаратат.
Түзүлгөн терс жагдай мыйзамдын беделин калыбына келтирүүгө жана бийлик институттарына жарандардын ишенимин кайтарып берүүгө багытталган укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча кечиктирилгис жана түп-тамырынан бери өзгөртүүчү чараларды кабыл алууну талап кылат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын натыйжалуу системасын түзүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жоболорун жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы № 3 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы № 3 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" чечими менен жактырылган Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралардын комплекси (мындан ары - Чаралардын комплекси) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чаралардын комплексин ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу (мындан ары - Жумушчу топ) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Жумушчу топ аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенип:
- Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоонун максаттарына жана милдеттерине жетүүгө багытталган чараларды иштеп чыксын жана аларды тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууну жана бекитүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоону бир түрдүү жана шайкеш ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды ишке киргизүү үчүн сунуштамаларды иштеп чыксын;
- Чаралардын комплексинде каралган иш-чараларды ишке ашырууда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылсын.
4. Жумушчу топ, зарыл болгон учурда, өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам актыларынын тиешелүү долбоорлорун киргизүүнү камсыз кылсын, Чаралардын комплексинен жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы № 3 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" чечиминен келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу боюнча таасирдүү чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Чаралардын комплексин жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы № 3 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" чечимин ишке ашыруу менен байланышкан мыйзам актыларынын долбоорлорун артыкчылыктуу тартипте карап чыгуу сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн жана 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоону ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизсин.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
1-тиркеме
(КР Президентинин 2017-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 73 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Киришүү
Мамлекеттүүлүктү жалпы чыңдоо менен байланышкан, республикада болуп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөр өлкөнү өнүктүрүүнүн ушул этабында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуунун колдонулуп жаткан системасына зыян келтирбестен, азыркы учурда көйгөйлүү болуп жаткан укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоого мүмкүндүк берүүдө.
Сунушталып жаткан чаралардын комплекси 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын негизинде жана аны аткаруу үчүн иштелип чыккан.
Өлкөнүн укук коопсуздук системасын реформалоонун Улуттук стратегияда белгиленген концептуалдык негиздеринин, жалпы принциптеринин жана артыкчылыктарынын базасында бул чаралардын комплекси:
- алдыда боло турган реформанын негизги максатын белгилейт;
- реформалоонун милдеттерин конкреттештирет, ошондой эле анын этаптарын жана механизмдерин аныктайт.
I. Реформалоонун максаттары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоонун максаты
Коомчулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыктарында укук коопсуздук системасынын жана мамлекеттик институттардын коопсуздугун, тиешелүү түрдө иштөөсүн камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоонун максаты болуп саналат.
Аталган реформалоо биринчи кезекте коомчулукта мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүүнү жана укук коопсуздук институттарына анын ишенимин кайтарып берүүнү камтыйт.
Реформанын акыркы жыйынтыгына эки этапта жетишүүгө болот. Биринчи этап коомдо укуктук аң-сезим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле укук коопсуздук органдары тарабынан мыйзам талаптарынын так сакталышы аркылуу өлкөдө мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүү менен байланышкан.
Экинчи этап биринчи этаптын максаттарына жетишүүсү боюнча укук коопсуздук мамилелерин коомдун өз алдынча жөнгө салуусу аркылуу "жазалоочу" мейкиндиктеги айрым функцияларды профилактиканын жана алдын алуунун туруктуу режимине ырааттуу өзгөртүүнү түшүндүрөт.
2. Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасына боло турган реформанын негизги милдеттери
Төмөнкү принциптерге негизделген маселелерди кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү келечекте жүзөгө ашыруу аркылуу реформалоонун белгиленген максатына жетишүүгө болот:
- ар бир укук коопсуздук органынын иш милдеттерин жана жоопкерчилик зоналарын, ошондой эле ролун чектөө менен так стратегиялык милдеттерди аныктоо;
- коопсуздукту камсыз кылуунун негизги багыттары боюнча мамлекеттик жана укук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоону күчөтүү;
- коррупциянын түпкү себептерин жоюу жана жеке менчикти, бизнести, ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле бүтүндөй коомду коргоого багытталган укук коопсуздук органдарынын азыркы системасын түзүү;
- укук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык ишине дем берүү жана социалдык жактан камсыз кылуу, даярдоо жана кайрадан даярдоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
- укук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүнө баа берүүнүн колдонулуп жаткан жана натыйжалуу индикаторлорун колдонууга киргизүү;
- укук коопсуздук институттарына болгон ишенимин калыбына келтирүү менен калктын укуктук аң-сезиминин жогорку деңгээлин калыптандыруу;
- улуттук укук коопсуздук системасында өткөрүлүүчү реформаларды макулдашуу жана синхрондоштуруу.
Жогоруда көрсөтүлгөн принциптердин негизинде төмөнкүлөр бул реформанын негизги милдеттери болуп эсептелет:
- кылмыштуу кол салуулардан инсанды жана коомду коргоону камсыз кылууга күч-аракеттерди топтоштуруу жолу менен жарандардын ишеним көрсөтүү деңгээлин жогорулатуу, укук коопсуздук ишмердүүлүгүн коомчулуктун конкреттүү муктаждыктарына жакындаштыруу;
- укук коопсуздук органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштыруу жана өз алдынча тазалануу механизмдерин колдонууга киргизүү;
- укук коопсуздук органдарынын ачыктык, коомдук контролдун жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатуу;
- укук коопсуздук органдарынын өлкөнүн инвестициялык климатына тийгизген терс таасирин жок кылуу, алардын бизнеске мыйзамсыз басым көрсөтүүсүн жоюу;
- ачык атаандаштык жана мотивациялоо системасын түзүү менен ашыкча, кайталанма функцияларды жана ыйгарым укуктарды жоюу, башкаруу түзүмдөрүн оптималдаштыруу жана жол-жоболорду бюрократташтыруудан ажыратуу;
- укук коопсуздук органдарынын ишине баа берүүгө бирдей жана объективдүү мамилелерди бекитүү;
- мыйзамсыз зомбулук, кылмыш иштерин фабрикациялоо, кылмышты жашыруу сыяктуу укук коопсуздук ишиндеги терс кесепеттерди жана коромжуларды жасоого жана жашырууга болгон себептерди жоюу;
- кадр ишинде, анын ичинде атайын убактылуу чаралар системасы, даярдоо жана кайра даярдоо механизмдерин колдонууга киргизүү, жогорку кесипкөй жана ак ниеттүү кызматкерлердин кызматтык өсүшүн камсыз кылуу жана социалдык-материалдык жактан сыйлоо аркылуу терс факторлордон арылуу.
II. Реформанын негизги багыттары
3. Иштеп жаткан укук коопсуздук органдарында түзүмдүк-функционалдык модернизациялоону жүргүзүү
Иштеп жаткан укук коопсуздук органдарынын жоопкерчилигинин так чектерин белгилөө, иш милдеттеринин кайталанышын жоюу жана ачык атаандаштыкты түзүү менен байланышкан жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерге жетишүү үчүн төмөнкү түзүмдүк модернизациялоо жолу менен институционалдык кайра түзүүлөрдү жүргүзүү боюнча чараларды көрүү талап кылынат.
Негизги максат - укук коопсуздук органдары системасында ооздуктоо жана тең салмактуулук принцибин камсыз кылуу менен укук коопсуздук системасын укуктук мейкиндикте кармап туруу.
Прокуратура органдарынын көзөмөлдүк ыйгарым укуктары алар үчүн төмөнкү милдеттерди аныктоону түшүндүрөт:
- мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей мүнөздө аткарылышына жалпы көзөмөл;
- тергөөнүн жана ыкчам-издөө ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл;
- кылмыш иштери, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонуу боюнча сот чечимдерин аткаруу үчүн көзөмөл;
- кызматтык (коррупциялык) кылмыштар боюнча кылмыш иштерин козгоо жана иликтөөнү уюштуруу үчүн аларды ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берүү;
- сотто мамлекеттик айыптоону колдоо жана мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгүн ишке ашыруу;
- жазык-укуктук статистиканы түзүү, талдоо жүргүзүү, чараларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасында кылмыштуулуктун абалын божомолдоо жолу менен эсеп жүргүзүү.
Көзөмөлдү жүргүзүүдө бул органдын иш мейкиндигин консолидациялоо максатында прокуратура органдарынан тергөө функцияларын чыгаруу жана аларды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (ЭККМК) өткөрүп берүү.
Ошону менен бирге эле ооздуктоолорду жана тең салмактуулукту камсыз кылуу максатында прокуратура органдарына кызматтык (коррупциялык) кылмыштар боюнча, анын ичинде жогорку кызмат адамдарына карата аларды андан ары иликтөө үчүн ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берүү менен кылмыш иштерин козгоо укугу бекитип берилет. Мындан тышкары, укук коопсуздук органдарынын ведомстволук кызыкдар болуусун же кызыкчылыктардын чыр-чатагын болтурбоо максатында иликтөөнү өткөрүп берүү укугуна жол берилет. Ошондой эле, улуттук коопсуздукка жана өлкөнүн кызыкчылыктарына тийиштүү резонанстык кылмыштарды иликтөө үчүн прокуратура органдарына так регламенттелген тартипте ведомство аралык тергөө топторун түзүү укугу бекитилип берилет. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кызматтан четтетилген Кыргыз Республикасынын Президентине карата кылмыш ишин козгоо жана тергөөнү уюштуруу укугу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын гана артыкчылыгы болуп саналат.
Аскер кылмыштарын иликтөөнүн өзгөчөлүгү аскер кызматчылары тарабынан жасалган аскердик жана кызматтык кылмыштарды (жалпы жазык мүнөзүндөгү кылмыштардан тышкары) иликтөө функциялары менен республиканын аскердик прокуратура органдарынын андан ары иштөөсүн талап кылат.
Жазык-укуктук статистиканы түзүү функциясын Ички иштер министрлигинен (ИИМ) прокуратура органдарына өткөрүп берүү прокурордук көзөмөлдү күчөтүүнүн дагы бир маанилүү механизми болуп саналат.
Укук коопсуздук органдарынын өз алдынча тазалануу механизмдерин ишке киргизүү укук коопсуздук органдарында иштеп жаткан ички териштирүү кызматтарынын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу ведомстволор аралык тартип комиссиясынын ишин уюштуруу жолу менен өз ара тыгыз аракеттенүүсүн түшүндүрөт (негиздеме 11-14-беттерде келтирилген). Ошону менен бирге, укук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери жөнүндө даттанууларын жана кайрылууларын кабыл алуунун жана карап чыгуунун жаңы системасын колдонууга киргизүү каралууда, мындай даттанууларды прокуратура органдары тарабынан милдеттүү түрдө эсепке алууну киргизүү негизги өзгөчөлүк болуп саналат.
Мындан тышкары, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында төмөнкүлөр сунуш кылынат:
- прокуратураны ички түзүмдүк кайра түзүү жана тиешелүү багыттар боюнча ыйгарым укуктарды кайрадан бөлүштүрүү, анын жүрүшүндө көзөмөлдөө чөйрөсү менен сот органдарындагы өкүлчүлүк институттарынын (жарандардын жана мамлекеттик институттардын кызыкчылыктарын коргоо) ортосундагы жоопкерчиликтин так чектерин жана жоопкерчилик зоналарын белгилөө зарыл;
- прокурордук жөнгө салуунун актыларын аткаруунун милдеттүүлүгүн камсыз кылуу механизмдерин караштыруу;
- тергөө функцияларын жоюунун жыйынтыгы боюнча бошотулган штаттык бирдиктерди тиешелүү көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон прокурордук кызматчылардын санын көбөйтүүгө багыттасын.
Натыйжада, аталган уюштуруу чаралары, ошондой эле жазык-укуктук статистиканын аныктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу мыйзамдуулук жана тергөө аракеттеринин толуктугу жана ыкчам-издөө кызматтары үчүн прокурордук көзөмөлдүн сапатын күчөтүүгө тийиш.
Ошону менен укук коопсуздук системасынын калган субъекттеринин материалдары боюнча кылмыш ишин прокуратура органдары тарабынан гана козгоо укук коопсуздук органдарынын жоопкерчилигин жогорулатат жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырат. Бул механизм прокуратура кызматчыларынын ишинин жыйынтыктары жана кабыл алынып жаткан процессуалдык чечимдери үчүн жоопкерчилигин дагы жогорулатат.
Кайра түзүүлөрдүн натыйжасында прокуратура укук коопсуздук органдарынын системасынын балансын камсыз кылуунун механизмдеринин бири, системанын калган субъекттеринин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоо же көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча, ошондой эле ыкчам-изилдөө ишмердүүлүгүнүн келип түшкөн материалдары боюнча прокурордук жөнгө салуу чараларын кабыл алуу жолу менен алардын ишинин мыйзамдуулугун сактоонун кепилдиги катары иш жүргүзөт.
Өз кезегинде прокуратура органдарынын ичиндеги коррупциялык укук бузуулар УКМКнын жоопкерчилик зонасы болуп калат.
Эскертүү: прокуратура органдарындагы тергөөнү жана кызмат адамдарын, анын ичинде жогорку кызматтагыларга карата жазык иши боюнча куугунтуктоону жоюуга тиешелүү бөлүгүндө жогоруда аталган кайра түзүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 6-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат.
Аталган органдын негизги максаты коомдук укук тартибин коопсуздук жана жалпы жазык жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү түрүндө өзгөртүлбөстөн калат.
Бирок, бул органдын жоопкерчилик зонасындагы реалдуу жагдай ички иштер органдарынын тиешелүү түрдө иштөөсүн камсыз кылуу максатында анын айрым функцияларын жоюу менен максаттуу багытталган түзүмдүк кайра түзүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылат.
Уюштуруу-администрациялык чаралар аркылуу жана өзгөчө функцияларынын негизинде ИИМ системасында өз алдынча жана бири-биринен көз каранды болбогон төмөнкүдөй кызматтарды түзүү божомолдонот:
- коомдук коопсуздук кызматы;
- криминалдык милиция;
- экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызмат;
- баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызмат;
- тергөө кызматы;
- ички териштирүү кызматы.
Ачык атаандаштыктын, ооздуктоо жана тең салмактуулук системасынын болушу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн өзгөчө механизмдеринде негизделе турган бул кызматтардын бири-биринен көз карандысыздыгы жаңы түзүмдүн натыйжалуу иштешинин маанилүү фактору болуп саналат. Кызматтардын, криминалдык милициянын жетекчилерин тандоо, дайындоо жана иштен бошотуу кадр маселелерине негизсиз саясий таасир тийгизүүнү жана кийлигишүүнү жокко чыгаруучу мыйзамдар менен жөнгө салына тургандыгын билдирет. Ошондой эле мындай позиция бул кызматтарга жүктөлгөн милдеттер үчүн алардын түздөн-түз жоопкерчилик тарта тургандыгын билдирет.
Модернизацияланган Ички иштер министрлиги жана анын функционалдык дайындалышы милиция менен ассоциацияланбайт. Бул учурда ИИМдин жаңы институту коопсуздуктун тиешелүү саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жолу менен өлкөнүн ички коопсуздугу үчүн жооп берүүчү, түзүлгөн кызматтардын башка мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жөндөмдүү орган болот.
Жогоруда аталган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ишкерлердин ишине кийлигишүү мүмкүндүгүн толук четтетүү максатында коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана алдын алуу функциясын (ИИМ 5-ББ) ЭККМКга өткөрүп берүү менен ИИМден бул функцияларды чыгаруу зарыл;
- ИИМдин курамынан ИИМ Академиясын чыгаруу жолу менен кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо функциясын алып салуу (негиздеме 15-16-беттерде келтирилген);
- ИИМден жазык-укуктук статистиканы түзүү функциясын прокуратура органдарына өткөрүп берүү (негиздеме 17-18-беттерде келтирилген);
- экспертизанын айрым түрлөрүн жаңы түзүлүп жаткан Улуттук эксперттик кызматка өткөрүп берүү.
Ошону менен бирге, Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу жана болгон материалдык-техникалык базасы менен ИИМдин системасына өткөрүп берүү сунушталат, бул болсо укук коопсуздук органдарынын колдо болгон ресурстарын бириктирүүгө жана функциялардын кайталануусун болтурбоого мүмкүндүк берет.
Мүмкүн болуучу кайчылаш кесилиштерге, анын ичинде кызматкерлердин баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тартылуусуна бул учурда төмөнкүлөр тоскоолдук кылуу механизми катары каралат:
- ИИМдин жаңыдан түзүлүүчү түзүмү, анын ичинде ички териштирүү кызматынын ролун күчөтүү;
- улуттук коопсуздук органдарынын укук коопсуздук органдарындагы коррупция менен күрөшүү боюнча функциясы, ошондой эле баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, анын ичинде трансулуттук кылмыштарга жооп кайтарууга алардын милдеттенмеси;
- баңги зат каражаттарынын жана прекурсорлорунун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу функцияларын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү.
Жогоруда аталган кайра түзүүлөрдү жүзөгө ашыруу жана туура келбеген функцияларды жоюу коомдук укуктук тартипти камсыз кылуу жана инсандын укуктарын кылмыштуу кол салуулардан коопсуздук боюнча механизмдерди өркүндөтүү аркылуу ички коопсуздук системасын күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
Негизги максат - мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу, ал үчүн бул органга гана тиешелүү чалгындоо жана контрчалгындоо функциялары менен төмөнкүдөй милдеттер жүктөлгөн:
- чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коопсуздук;
- конституциялык түзүлүштү жана эгемендүүлүктү коопсуздук;
- терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү;
- бийликтин жогорку эшелондорундагы коррупцияга, ошондой эле улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү.
Бул атайын кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жогоруда аталган милдеттерди чечүү үчүн чалгындоо жана контрчалгындоо ишмердүүлүгүнө колдо бар ресурстарды топтоштуруу зарыл. Ушуга байланыштуу, бул кызматтан экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү функциясын чыгаруу зарыл, бул болсо УКМКнын бизнес ишмердүүлүгүнө мыйзамдан ашыкча кийлигишүүсүн жоюуга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, ооздуктоо жана тең салмактуулук принцибин камсыз кылуу үчүн жогорку кызмат адамдарына, укук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жана сотторго карата кылмыш иштерин козгоо укугу берилбестен, алардын коррупциялык кылмыштарын иликтөө функциясын прокуратура органдарынан УКМКга өткөрүп берүү зарыл.
Ошондой эле трансулуттук кылмыштуулуктун жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн улуттук коопсуздукка таасир тийгизген учурларда, анын ичинде укук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тартылган учурунда улуттук коопсуздук органдары аларга жооп кайтаруулары керек.
Акыркы жыйынтыгында жогоруда аталган чараларды көрүү саясий, экономикалык жана аналитикалык чалгындоо, чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана өлкө ичиндеги уюмдардын ишине, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөлөрүндө бул кызматтын мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Негизги максат - ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын ишкердик ишке укук ченемсиз кийлигишүүсүн жоюу, ошондой эле бул чөйрөдө болуучу коррупцияга каршы күрөшүү.
Негизги максаттардан улам, бул органга төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- өлкөнүн экономикалык коопсуздугун коопсуздук (ички экономикалык коопсуздук);
- экономика чөйрөсүндөгү коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү.
Бул милдеттерди тиешелүү түрдө чечүү үчүн бул органга төмөнкүдөй функцияларды өткөрүп берүү божомолдонот:
- прокуратура органдарынан - жарандык органдарда, түздөн-түз экономикалык кылмыштар менен байланышкан кызматтык жана коррупциялык иштер боюнча тергөөнү (УКМКнын жоопкерчилик зонасына өткөрүп берилүүчү жогорку кызмат адамдарынан тышкары);
- УКМКдан - экономикалык кылмыштарды аныктоо жана алардын алдын алуу;
- ИИМден - кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана алардын алдын алуу (ИИМ 5-ББ функцияларын);
- Мамлекеттик бажы кызматынан - тергөө функцияларын (МБКда тергөө функциялары жоюлат).
Аталган кайра түзүүлөрдү жүргүзүү ички экономикалык коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү үчүн жоопкерчилик зонасын белгилөөгө, бул мамлекеттик органда укук коопсуздук системасынын потенциалын топтоштурууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле бул чаралар биринчи кезекте төмөнкүлөр боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканда, бул чөйрөдө укуктук коопсуздук функцияларын ЭККМК гана жүктөө жолу менен бардык укук коопсуздук органдарына ишкердүүлүктүн субъекттерине кандайдыр бир текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу системасын реалдуу түрдө киргизүүгө мүмкүндүк берет:
- ыйгарым укуктуу контролдоочу органдардын материалдары боюнча гана: салык, бажы, экотехинспекция, ветеринардык-фитосанитардык инспекция ж.б., алар ЭККМКнын өзү үчүн ишкердүүлүктүн субъекттеринин ишине анын негизсиз кийлигишүүсүн жоюу үчүн фильтр катары иш алып барат;
- же болбосо ыкчам маалыматтардын келип түшүүсүнүн регламенттелген өзгөчө учурларында бул органдардын жардамы менен.
Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү жана ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында коомдун жана мамлекеттин талаптарына жооп берүүчү жаңы принциптер боюнча экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү системасын түзүү үчүн анын функцияларын жана механизмдерин, кадрларды түзүү системасын, өлкөнүн региондорунда институционалдык катышуусун карап чыгуу талап кылынат.
Натыйжада, жогоруда аталган функцияларды бир органга топтоштуруу бизнести, экономикалык коопсуздукту коргоонун деңгээлин жогорулатат, коррупциялык кылмыштар менен күрөшүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле укук коопсуздук органдарынын модернизацияланган системасынын балансын камсыз кылуу боюнча кошумча механизмдин кызматын аткарат.
Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүүнүн, функциялардын кайталануусун жоюунун, ошондой эле анын коррупциялык бөлүктөрүн минималдаштыруу пайдасына фискалдык системаны администрациялоонун принциптерин кайра карап чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан (МБК) тергөө функцияларын чыгаруу, аны ички экономикалык коопсуздук үчүн атайын жооптуу орган болгон ЭККМКга өткөрүп берүү сунушталат.
Азыркы учурда МБК фискалдык жана жазык-жазалоо органынын синтезин түшүндүрүп турат. МБКны укук коопсуздук органдары системасынан чыгаруу кабыл алынып жаткан чечимдердин объективдүүлүгүн камсыз кылууга жана бажы кызматкерлери тарабынан акча талап кылуунун коррупциялык фактыларын минималдаштырууга мүмкүндүк берет. Бажы органдары тарабынан жазык-жазалоо жосундары категориясына туура келген мыйзам бузуулар аныкталган учурда, мындай материалдар ЭККМКга юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилет.
МБКны толугу менен фискалдык органга кайра форматтоо анын потенциалынын фискалдык функцияларга жана мамлекеттик бюджетти толтурууга басым кылуусуна, ошондой эле коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү минималдаштырууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.
4. Укук коопсуздук системасынын өзүн өзү тазалоо механизмдерин колдонууга киргизүү
1) Колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларга укук коопсуздук ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу, ишенимди жоготконуна байланыштуу укук коопсуздук органынын кызматкерин иштен бошотуу үчүн негиздерди киргизүү.
2) Укук коопсуздук системасынын кызматкерлеринин ишине баа берүүнүн объективдүү критерийлерин бекитүү жолу менен укук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүнүн талаптарын күчөтүү жана конкреттештирүү максатында (өзүнө кесиптик, жалпы укуктук, моралдык-этикалык, ошондой эле антикоррупциялык талаптарды камтыган) ченемдик базаны өркүндөтүү.
3) Укук коопсуздук органдарында иштеп жаткан өздүк коопсуздуктун түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишинин механизмдерин кайра карап чыгуу жана алдыңкы эл аралык тажрыйбанын базасында аларды ички териштирүү кызматтарына өзгөртүп түзүү.
Мындан тышкары көрсөтүлгөн чара өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- башка бөлүктөрдүн кызматкерлерине салыштырмалуу бул кызматтын кызматкерлеринин эмгек акысын олуттуу жогорулатуу;
- бул кызматтын кызматкерлери тарабынан кирешелерди декларациялоо жана аларды толтуруунун аныктыгына мезгилдүү текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- бул бөлүктөргө кызматка алынуучу талапкерлерге, анын ичинде "калп тапкычты" колдонуу менен атайын психофизиологиялык тестирлөөнү белгилөө;
- укук коопсуздук органдын жетекчилик кызматтарында 3 жылдык кызматтын өтүшү боюнча кызматкерлерди ведомстволук ротациялоонун принциптерин белгилөө жолу менен бул кызматтардын жеке курамынын мотивациясын бекитүү;
- бул кызматтардын жетекчилеринин кызматтык ишинин туруктуулугун жана чечимдерди кабыл алуудагы өз алдынчалыгын камсыз кылуучу, аларды дайындоонун жана кызматтан бошотуунун өзгөчө тартибин белгилөө.
4) Укук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине карата даттанууларды карап чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу ведомство аралык тартип комиссиясын, анын курамына бардык укук коопсуздук органдарынын, адвокатура жана акыйкатчы институттарынын өкүлдөрүн кошуу менен түзүү. Ошону менен бирге, укук коопсуздук органдарынын иштен бошотулган, жазык, администрациялык жана тартип жоопкерчиликтерине тартылган кызматкерлеринин атайын Реестрин түзүү божомолдонот.
Бул комиссияга төмөнкү милдеттерди жүктөө зарыл:
- ички териштирүү кызматтарынын жана прокуратуранын ишинин конкреттүү жыйынтыктарын белгилүү бир кызматкерлерге карата жекече иликтөө;
- укук коопсуздук органынын конкреттүү кызматкерине карата кайталанма же бир нече жолку даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу;
- ишенимди жоготуунун негизинде укук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин иштен бошотуу боюнча чечимдерди бекитүү.
Бул комиссиянын ишинин корутундулары жана натыйжалары (жогоруда көрсөтүлгөн иштен бошотууну беттүүдөн тышкары) сунуш кылуу мүнөзүндө болот, бирок алар төмөнкүлөрдү эске алуу үчүн милдеттүү негиз болуп саналат:
- наамдарды берүүдө (анын ичинде наамын төмөндөтүүдө);
- кызматтык баскыч боюнча алдыга жылууда;
- үстөк акыларды, сыйакыларды ж.б. белгилөөдө/алып салууда.
5) Терс факторлорду четтетүүдө жана кадрларды даярдоонун, кайра даярдоонун жана тандоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасы, регионализмдин, трайбализмдин факторлорун жана негизсиз протекционизмдин башка учурларын жокко чыгаруу менен жогору турган кызматтарга кызматкерлерди көрсөтүүнүн жана дайындоонун жол-жоболору түп тамырынан кайра каралып чыгууга тийиш.
Ошондой эле көрсөтүлгөн милдет кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү чаралардын комплексин камтыйт:
- эмгек акыны этап боюнча жогорулатуу менен укук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин акчалай күтүү жана социалдык жактан камсыз кылуу механизмдерин кайра карап чыгуу;
- ИИМ Академиясынын базасында жана бардык укук коопсуздук органдарынын квалификациясын жогорулатуу борборлорунда кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун бардыгы үчүн бирдей көз карандысыз болгон адистештирилген окуу жайын түзүү (атайын кызматтардан тышкары);
- укук коопсуздук ишмердүүлүгүнүн аброюн жогорулатуу боюнча чараларды, анын ичинде бардык укук коопсуздук органдарынын кадрларын конкурстук негизде тандап алуу жолу менен кабыл алуу;
- кызматкердин жогору турган кызматка дайындалышын ички териштирүү бөлүмү менен макулдашуу механизмин колдонууга киргизүү;
- укук коопсуздук органдарынын талапкерлеринин жана кызматкерлеринин материалдык байгерчилигинин атайын декларацияларын берүү жана мезгилдүү текшерүүлөрдү ишке ашыруу үчүн мындай декларациялардын бирдей базасын түзүү;
- укук коопсуздук органдарында кызмат өтөөнүн контракттык негиздерин киргизүү. Ошону менен бирге, аталган контракттар 2 жылдан ашык эмес мөөнөткө түзүлөт жана кийинки мөөнөткө контрактты кайра түзүүдө кызматкерге карата жарандардан келип түшкөн арыздар жана даттануулар, ведомство аралык тартип комиссиясынын сунуштары, ошондой эле ички териштирүү бөлүмүнүн маалыматтары жана анын ишинин натыйжалуулугу эске алынат;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө билдирбеген кызматкерге антты бузгандыгы үчүн иштен бошотуу боюнча чараларды кабыл алуу менен кызматкердин өзүнүн кесиптешинин укукка жат жүрүш-турушу жөнүндө билдирип туруу милдетин антка/ченемдик укуктук актыларга киргизүү.
6) Бардык укук коопсуздук органдары үчүн бирдей мыйзам актын кабыл алуу менен жогоруда аталган чараларды мыйзамдуу түрдө бекитүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук акт тандоо, даярдоо, өтөө, дайындоо, ротация, наамдарды берүү маселелерин бир түрдүү жана комплекстүү жөнгө салаарын, бирдей антикоррупциялык талаптарды, кабыл алып жаткан кадрдык чечимдер үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин киргизүүнү божомолдойт, ошондой эле социалдык укуктарды жана кепилдиктерди теңдештирүүгө мүмкүндүк берет.
5. Колдо бар ресурстарды, материалдык-техникалык камсыз кылууну, ошондой эле укук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүнө баа берүү критерийлерин өркүндөтүү
Укук коопсуздук органдарынын (биринчи кезекте алардын жоопкерчилик зоналарына жүктөлгөн коопсуздукту жана укук тартибин тиешелүү түрдө камсыз кылууга багытталышы керек болгон) ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана укук коопсуздук органдарынын финансы чөйрөсүндөгү туташ жана кайталанма (көп учурда алардын мыйзамдуу ишине кийлигишүү мүнөзүн алып жүрүүчү) текшерүүлөрүнөн мамлекеттик жана муниципалдык органдарды чектөө максатында төмөнкүлөр сунуш кылынат:
- мамлекеттик, ошондой эле муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин, мамлекеттик ишканалардын финансы-чарбалык ишине текшерүү жүргүзүү бир гана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жүктөлсүн;
- жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөрдүн жыйынтыгы жана сапаты боюнча укук коопсуздук органдарынын негизделген сындарын эске алуу менен мотивациялоо жана социалдык жактан колдоо системасын киргизүү менен текшерүүлөрдүн жыйынтыктары үчүн аудиторлордун жана инспекторлордун жоопкерчилигин күчөтүү жагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүлөрдү ишке ашыруу механизмдерин кайра карап чыгуу.
Бул механизм Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары текшерүүнүн объектисине жараша укуктук баа берүү үчүн УКМК же ЭККМК жиберилишин, тескерисинче, ыкчам маалыматтын жана мыйзам бузуулардын болушунда бул материалдар тиешелүү текшерүүнү жүргүзүү үчүн укук коопсуздук органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жиберилишин божомолдойт.
Аталган органдардын ортосундагы теңдем жана көмүскө бүтүмдөрдү минималдаштыруу, конкреттүү эсепке алуунун жана контролдоонун мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү катары, анын ичинде укук коопсуздук органдарына көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын прокуратура органдарына туташ берип туруу сунуш кылынат.
Жыйынтыгында, бул чөйрөдө мындай кайра түзүүлөрдү жүргүзүү мамлекеттин кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюджеттик каражаттарды уурдоону жана максатсыз пайдаланууну олуттуу азайтууга тийиш.
Республиканын бардык укук коопсуздук органдары үчүн кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун адистештирилген бирдей базасын түзүү, ошондой эле укук коопсуздук ишмердүүлүгүнүн ыкмаларын жана методологияларын иштеп чыгуунун илимий-изилдөө функцияларын калыбына келтирүү максатында төмөнкүлөр сунуш кылынат:
- ИИМдин курамынан ИИМ Академиясын жана бардык укук коопсуздук органдарынын квалификациясын жогорулатуу борборлорун чыгаруу жана алардын базасында укук коопсуздук органдарынын Академиясы түрүндө көз карандысыз окуу-илимий окуу жайын, мамлекеттик бийлик органдары системасында анын статусун аныктоо менен түзүү;
- окутууну, квалификациясын жогорулатуу жана сертификациялоо, ыкчам-тергөө чеберчилиги курстарын, анын ичинде бардык укук коопсуздук органдарынын жетекчилик курамы үчүн окутууларды бул академиянын базасында гана жүргүзүү. Ошону менен бирге, Академияда окутууну жогорку билимдин жана анык аскердик кызмат өтөөнүн базасында гана ишке ашыруу (сержанттык курамдын кадрларынан тышкары, алар үчүн атайын орто билим берүүнүн базасында атайын курстар каралат);
- бул Академияда милдеттүү кайра даярдоодон жана зарыл болгон сынактарды жана аттестацияны ийгиликтүү тапшыргандан кийин гана укук коопсуздук органдарына кызматкерлерди конкурстук тандап алууну өткөрүү.
Бул жаатта иштеп жаткан укук коопсуздук органдарынын колдо бар ресурстарын жана потенциалын бириктирүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- кадрларды кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну бирдейлештирүүгө жана жогорулатууга;
- материалдык-техникалык базаны өркүндөтүүгө;
- бул багыттагы иштин натыйжалуулугу жана сапаты үчүн көзөмөлдү жогорулатууга;
- укук бузуулардын андан ары алдын алуу, оң тажрыйбаны алмашуу жана жайылтуу, кылмыштарды ачуунун жана териштирүүнүн илимий негизделген жана заманбап ыкмаларын даярдоо үчүн криминологиялык жана криминалисттик изилдөөлөрдүн ата мекендик илимий базасын түзүүгө.
Өнүктүрүү жана ведомстволук ажырым саясатынан улам соттук-эксперттик ишмердүүлүктүн чектеп калуусунун натыйжасында өлкөнүн эксперттик потенциалы укук коопсуздук органдарынын муктаждыктарына туура келбей калган. Илимдин жана техниканын заманбап жетишкендиктеринен методикалык жана техникалык жактан артта калгандык, кадрлардын жетишсиздиги жана эксперттердин материалдык начар камсыз болуусу менен байланышкан коррупция жарандардын укуктарын бузууга өбөлгө түзөт жана укук коопсуздук органдарынын кылмыштарды аныктоо жана ачуу боюнча ишин токтотууда.
Жогоруда аталган кемчиликтерди жоюу максатында бул реформалоонун алкагында көз карандысыз бирдиктүү Улуттук соттук-эксперттик кызматты түзүү пландалууда.
Бул кызмат бардык учурдагы талаптарга, атайын эксперттик таанып-билүүлөрдү алууда укук коопсуздук органдарынын жана коомчулуктун муктаждыктарына жооп берүүгө тийиш.
Төмөнкүлөр аталган кызматты түзүүнүн жана анын иштешинин негизги максаттары болору божомолдонот:
- соттук-эксперттик ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү жана жүргүзүлүп жаткан соттук экспертизалардын түрлөрүн кеңейтүү;
- бар болгон методологиялык базаны өркүндөтүү, экспертизаларды жүргүзүүнүн ыкмаларын бирдейлештирүү, болгон материалдык-техникалык базаны кеңейтүү жана жакшыртуу;
- укук коопсуздук органдарынын тейлөөсүнүн жөнөкөйлөнгөн тартибин белгилөө, өндүрүштүн мөөнөттөрүн кыскартуу жана экспертизалардын, анын ичинде инновациялык технологияларды пайдалануу жана эксперттик потенциалды жогорулатуу жолу менен анын сапатын жогорулатуу;
- бирдей стандарттарды жана талаптарды түзүү менен тар адистиктеги өзгөчө чөйрөлөрдө (ДНК, фоноскопия ж.б.) көз карандысыз эксперттик уюмдарды туташ өнүктүрүү үчүн импульс берүү.
Ишенимдүүлүктү, объективдүүлүктү камсыз кылуунун максаттарына жетишүү, ошондой эле жазык процессинин кыймылы үчүн контролду күчөтүү жазык-укуктук статистиканы түзүү функциясын ИИМден прокуратура органдарына өткөрүп берүүнү божомолдойт.
Жазык-укуктук статистиканы түзүү функциясын прокуратура органдарына өткөрүп берүүдөн тышкары, бул багытта пландалып жаткан чаралар жазык процессинин бардык – кылмыш жөнүндө сигналды каттоо учурунан тартып, соттун чечимин (өкүмүн) дайындоо жана аткаруу менен аяктаган стадиялары үчүн көзөмөлдүн сапатын системалуу жогорулатууну түшүндүрөт.
Ошону менен бирге, кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоонун бирдей жана объективдүү системасынын иштөөсү, ошондой эле материалдардын жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун ачык автоматташтырылган электрондук системасын колдонууга киргизүү негиз болуп саналат.
Аталган системанын бирдей компоненттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- арыздарды кабыл алуунун жана каттоонун механизмдерин толук карап чыгуу;
- алар боюнча кабыл алынуучу чечимдердин ачык жана ишенимдүү жол-жоболорун түзүү;
- жазык иши козголгон учурунан тартып, анын кыймылын автоматташтырылган түрдө коштоп туруу; маалыматтарды киргизүүнүн милдеттүүлүгү жана аларды жашыргандыгы жана анык эместиги үчүн жоопкерчиликтин кайтарымсыздыгы.
Жазык иштеринин жана материалдардын кыймылын автоматташтырылган коштоо астында бирдей электрондук системаны түзүүнү жана иштетүүнү түшүнүүгө болот, анда келип түшкөн арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер, козголгон жазык иштери, териштирүүнүн, соттук кароонун жыйынтыктары жана соттун өкүмүнүн аткарылышы боюнча маалыматтар автоматтык түрдө чагылдырылат.
Аталган маалыматтардын мөөнөттөрү боюнча так регламенттелген жаңылоолор конкреттүү иш боюнча жазык процессинин стадияларынын кыймылына онлайн режимде байкап турууга мүмкүндүк берет. Бул системага прокуратуранын жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин жеткиликтүүлүгү коомдук, алгач текшерүүгө, тергөөгө жана жүргүзүлгөн көзөмөлдүн сапатына контроль кылууга мүмкүндүк түзөт.
Укук коопсуздук органдары тарабынан моделдештирилген жана түзөтүлгөн статистикалык маалыматтар деңгээлинде алардын ишине баа берүүнүн бар болгон индикаторлору жана отчеттуулугу өзү менен учурдагы коопсуздукту жана укуктук тартипти алмаштырып турат.
Иштин мындай абалынан келип чыгуучу функционалдык көйгөйлөр түзөтүүчү жаңы механизмдерди талап кылат, атап айтканда:
отчеттуулук боюнча:
- укук коопсуздук органдарынын ашыкча бюрократташтырууну, автоматташтырууну жоюунун талаптарына жана максималдуу ачыктык принциптерине жооп берүүчү (анын ичинде, белгилеп гана коюу отчеттуулук системасын жоюу каралган) отчеттуулук институттарын толук кайра карап чыгуу;
- жеринде укук коопсуздук органдарынын ар бир түзүмдүк бөлүктөрү үчүн өзгөрүлмөлүү, ар жылдык максаттуу көрсөткүчтөрүн белгилөөнүн негизинде отчеттуулуктун ийкемдүү башкаруу системасын колдонууга киргизүү;
иштин натыйжалуулугуна баа берүү индикаторлору боюнча:
- укук коопсуздук органдарынын натыйжалуулугу тууралуу коомдук пикирлерге баа берүүнүн өлкөдө болгон механизмдерин өркүндөтүү;
- көрсөткүчтөрдү манипуляциялоону жана мажбурлоо институттарынын жыйынтыктарын жасалма түрдө жогорулатууну жоюучу алгач текшерүүнүн, ыкчам-изилдөө ишинин, тергөөнүн жана прокурордук көзөмөлдүн натыйжалуулугуна баа берүүнүн бар болгон индикаторлорун толук кайра карап чыгуу;
- алдын алуу мейкиндигине жана укук бузуулардын алдын алууга өтүү;
коомдук пикирди эске алуу менен өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган жаңы комплекстүү критерийлерди белгилөө:
- жүргүзүлгөн алдын алуу иштеринин аныктыгын, санын жана колдонуусун, алдын алган укук бузуулардын санын салыштыруу жолу менен криминалдык абалдын деңгээлин төмөндөтүү;
- өз учурунда жооп кайтаруу, укук бузуунун материалдарынын татаалдык деңгээли жана аны чечүүнүн мөөнөттөрү;
- калктын саны, кайрылуулардын саны, кылмыштардын саны жана калк менен өз ара аракеттенүүнүн деңгээли;
- билинбеген жана татаал кылмыштарды ачуунун саны;
- ачылган кылмыштар боюнча күнөө коюу өкүмдөрүнүн үлүшү;
- укук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине кайрылуулардын саны, аларды кароонун жыйынтыктары;
- соттор тарабынан белгиленген, прокурор көзөмөлгө алган процессуалдык мыйзам бузуулардын саны.
Укук коопсуздук органдарын көнүмүш болгон толук каржылабагандык менен түзүлгөн жагдай, материалдык-техникалык базанын начардыгы, ошондой эле системанын кызматкерлерине ченемдик укуктук актылар менен каралган социалдык кепилдиктерди толук камсыз кылууга бюджеттин жөндөмсүздүгү төмөнкү багыттар боюнча укук коопсуздук органдарын каржылоонун жана социалдык жактан камсыз кылуунун учурдагы системасын түп тамырынан карап чыгууну талап кылат:
- укук коопсуздук органдарынын бардык материалдык-техникалык базасын инвентаризациялоо, эсепке алуу жана ага баа берүү;
- аларды биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн белгилөө жолу менен болгон ресурстарды пайдаланууну оптималдаштыруу;
- негизги жана экинчи даражадагы каражаттарды сатып алууга, жаңыртууга жана модернизациялоого тийиш болгон борборлоштурулган базаны түзүү;
- толук автоматташтырууга, анын ичинде айрым функцияларды жана милдеттерди фото-видео каттоого өткөрүү, ушуга байланыштуу бошогон адам ресурстарын иштин башка багыттарына өткөрүү мүмкүнчүлүгүн же штаттарды кыскартууну карап чыгуу;
- бюджеттик каражаттарды сарптоону текшерүүнүн жана контролдоонун механизмдерин бир учурда өркүндөтүү менен реалдуулук, аткаруучулук жана максималдуу ачыктык принциптерине укук коопсуздук органдарынын бюджеттик процессинин туура келишин белгилөө;
- келип түшүүлөр механизмин жана укук коопсуздук органдарынын ишинин негизинде кайтарып берилген каражаттар боюнча атайын каражаттарды пайдалануунун критерийлерин кайра карап чыгуу;
- келип түшкөн гранттык каражаттарды жана демөөрчүлүк жардамды тартуунун жана максаттуу пайдаланууну контролдоонун бирдей эрежелерин белгилөө;
- бардык укук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин акчалай күтүү, буюмдук жана пенсиялык камсыздоо жана социалдык жактан колдоо системасын бирдейлештирүү;
- штаттарды штабдык жана бюрократтык функциялардан ыкчам-тергөө штаттарына жылдыруу менен штаттык түзүмдөрдү карап чыгуу жана кайра иштеп чыгуу, аталган функциялар менен иштеген адамдарды аттестацияланган кызматтан жалданма курамга которуу.
Бирок, укук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, эмгек акысын жогорулатуу жана социалдык жактан коргоонун акыйкат механизмдерин түзүү жогоруда көрсөтүлгөн багыттардагы иштин негизги милдети болуп калууга тийиш.
III. Реформаларды ишке ашыруунун механизмдери
Укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо процессин ишке ашыруу максатында төмөнкүлөрдү караштыруу зарыл:
- этаптуулук негизде укук коопсуздук органдарын реформалоо боюнча системалуу, ошондой эле комплекстүү чараларды жана милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылуучу, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине караштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзам чыгаруу ишин жүргүзгөндө Чаралар комплексин ишке ашыруу менен байланышкан мыйзам чыгаруу актыларын артыкчылыктуу тартипте карап чыгуу;
- ченемдик укуктук коштоо менен укук коопсуздук органдарын функционалдык-түзүмдүк жактан өзгөртүп түзүүнү, ошондой эле реформаларды андан ары ишке ашырууну камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашыруу.
Ошол эле учурда бийлик институттарынын координацияланган аракеттерин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине бул Чаралардын комплексин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын чыгаруу жолу менен ишке ашыруу сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы |
|
|
2-тиркеме
(КР Президентинин 2017-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 73 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы;
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коопсуздук жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы;
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
6 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы;
7. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору.