ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2016-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 163 «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция20.07.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 20-июлу ПЖ № 163

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-10-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төмөнкү судьяларына жогорку квалификациялык класс берилсин:

- Абдиев Курмантайга;

- Киргизбаев Куанбекке.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төмөнкү судьяларына биринчи квалификациялык класс берилсин:

- Айдарбекова Чинара Аскарбековнага;

- Бобукеева Меергул Рыскулбековнага;

- Осконбаев Эмил Жолдошевичке;

- Саалаев Жедигер Ибраимовичке.

 

Президент

А. Атамбаев