КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 26-июлу ПЖ № 172
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук сотторунун жана Балыкчы шаардык сотунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук сотторунун жана Балыкчы шаардык сотунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 28-июлунан баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунан:
Аманов Канат Аманович;
Соодонбеков Сабыр Конуратович;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунан:
Ишенбаев Болот Кулашович;
Намазбеков Талантбек Намазбекович;
- Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунан:
Базарбеков Замирбек Курамаевич;
Беккулуева Бактыгул Бакаевна;
Шаршеев Эрмек Муслимович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|