ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2016-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 172 «Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук сотторунун жана Балыкчы шаардык сотунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция26.07.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 26-июлу ПЖ № 172

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук сотторунун жана Балыкчы шаардык сотунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук сотторунун жана Балыкчы шаардык сотунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 28-июлунан баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунан:

Аманов Канат Аманович;

Соодонбеков Сабыр Конуратович;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунан:

Ишенбаев Болот Кулашович;

Намазбеков Талантбек Намазбекович;

- Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунан:

Базарбеков Замирбек Курамаевич;

Беккулуева Бактыгул Бакаевна;

Шаршеев Эрмек Муслимович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев