Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-декабры ПЖ № 307
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү жана мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кесиптик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кесиптик кызматты, ошондой эле кызматчылардын этикасын өркүндөтүү боюнча Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин чечимин аткарууга кабыл алуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте ушул Жарлыктан келип чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешке үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү сунушталсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|