Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 307 Жарлыгы менен бекитилген |
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин РЕГЛАМЕНТИ
1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү стратегиясын калыптандыруучу жана мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кесиптик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүчү коллегиалдуу орган болуп саналат.
Кеңеш муниципалдык кызматтын саясатын түзүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө принцибинин негизинде жөнгө салат.
2. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган парламенттик көпчүлүктүн бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары) жана парламенттик оппозициянын бир өкүлү;
2) Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган Кыргыз Республикасынын Президентинин бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары);
3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) эки өкүлү;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) төрагасы тарабынан Жогорку соттун судьяларынын ичинен бир жылдык мөөнөткө аныкталган Жогорку соттун бир өкүлү;
5) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган шаардын мэри жана айыл өкмөтүнүн башчысы;
6) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (Кеңештин төрагасы) туруктуу негизде.
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жок болгон учурда органдын жетекчисинин милдеттери жүктөлгөн адам Кеңештин төрагасы болуп саналат.
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин милдеттери жүктөлгөн адам жок болсо, Кеңештин чечими боюнча Кеңештин төрагасынын функцияларын анын орун басарларынын бири аткарат.
3. Мамлекеттик орган, кызмат адамы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги тарабынан кадыр-баркка жана керектүү кесиптик сапаттарга ээ болгон адамдардын арасынан Кеңештин мүчөлөрү жекече дайындалат.
Кеңештин мүчөлөрү коомдук башталышта иштейт.
4. Кеңештин мүчөсү мөөнөтүнөн мурда:
- берген арызына ылайык өзүнүн демилгеси боюнча Кеңештин курамынан чыгып кетиши мүмкүн;
- аны дайындаган тийиштүү мамлекеттик орган, кызмат адамы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан кайрадан чакыртылып алынышы мүмкүн.
5. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
6. Кеңештин жумушчу органы болуп Кеңештин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жагынан камсыз кылууну ишке ашырып турган мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) саналат.
Түздөн-түз Кеңештин ишин камсыз кылууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчыларынын ичинен Кеңештин төрагасы тарабынан дайындалуучу Кеңештин катчысы жүзөгө ашырат.
Кеңештин катчысынын функциялары жана ыйгарым укуктары Кеңештин чечими менен аныкталат.
7. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, алардын макулдашып иштөөсүнө жана өз ара аракеттенүүсүнө багытталган мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана стратегияны түзүү;
- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кесиптик кызматтын уланмалуулугун, бүтүндүгүн, туруктуулугун, көз карандысыздыгын жана өнүгүшүн камсыз кылуу;
- мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу.
8. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү иштин абалын талдоо жана мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кесиптик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасына коррупцияга каршы механизмдерди киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча ченемдик укуктук базаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын демилгеленген долбоорлору боюнча сунуштамалар түрүндөгү корутундуларды берүү;
5) статс-катчылардын кызмат ордуна белгиленген тартипте дайындоо үчүн талапкерлерди конкурстук тандоо жана сунуштоо;
6) мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишине кийинки рейтингин аныктоо менен баа берүүнү жыл сайын өткөрүү;
7) мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын отчетторун угуу;
8) статс-катчылардын мыйзамсыз иш-аракеттерине даттанууларды кароо, кызматтык териштирүүлөрдү дайындоо;
9) статс-катчыларды ротациялоого же кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу;
10) мыйзамдарда каралган учурларда статс-катчыларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселени демилгелөө;
11) коррупциянын тобокели бар болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү;
12) өз компетенциясына ылайык эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
13) Кеңештин курамынан анын мүчөлөрүн чыгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
14) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасындагы иштин жалпы абалы жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары тууралуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин маалыматын угуу;
15) ага мыйзам менен жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
9. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Зарыл болгон учурда Кеңештин жыйналыштары Кеңештин төрагасынын, төраганын орун басарынын демилгеси боюнча же Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмес мүчөлөрүнүн талабы боюнча чакырылат.
10. Зарыл болгон учурда Кеңештин жыйналышына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер чакырылат, алар кайсы маселелерди талкуулоо үчүн чакырылса, ошол маселелер боюнча гана жыйналышка катышат.
11. Кеңештин жыйналыштарында каралган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынып, аларга Кеңештин төрагасы кол коет, ал жок болгон учурларда - ушул жыйналышта төрагалык кылган адам кол коет.
Кеңештин бардык чечимдери коллегиалдуу түрдө, Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен кабыл алынат.
12. Кеңештин катчысы тарабынан Кеңештин жыйналышы жөнүндө билдирүү жана талкууга материалдар жыйналыш өткөрүлө турган күнгө чейин беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
13. Билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) жыйналыш өткөрүлө турган күн, убакыт жана жай;
2) талкууга салынган күн тартибинин маселелери;
3) талкууга салынган маселелер боюнча баяндамачылар;
4) маселелерди жана алар боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоого жооптуу болгон Кеңештин мүчөлөрү;
5) зарыл болгон учурда каралып жаткан маселелер боюнча чакырылган адамдардын тизмеси.
Ар бир маселе боюнча чакырылган адамдардын тизмеси маселени даярдоо үчүн жооптуу адамдын сунушу боюнча Кеңештин төрагасы тарабынан аныкталат.
Кеңештин катчысы Кеңештин жыйналышына катышууга чакырылган адамдарга жыйналыш өткөрүлө турган күнгө чейин эки жумушчу күндөн кечиктирилбестен чакырууларды жөнөтөт.
14. Кеңештин жыйналыштарын Кеңештин төрагасы алып барат. Төрага жок болгон учурларда анын функцияларын Кеңештин төрагасы тарабынан аныкталган орун басарларынын бири аткарат.
15. Күн тартибинин долбоорун Кеңештин төрагасы аныктайт, бул долбоор кийин Кеңештин жыйналышында бекитилет.
Кеңештин жыйналышынын күн тартибине иш планы менен аныкталган маселелер киргизилет. Кошумча катары күн тартибине Кеңештин мүчөлөрүнүн жана кызыкдар адамдардын сунушу боюнча маселелер зарылдыгына жараша киргизилет.
16. Жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен чечим кабыл алынган учурларды кошпогондо, күн тартибинде көрсөтүлбөгөн маселелер Кеңештин жыйналыштарында каралбайт.
17. Кеңештин мүчөсү күн тартибинин маселелери боюнча сунуштарды Кеңештин жыйналышы өткөрүлө турган күнгө чейин эки жумушчу күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө Кеңештин төрагасына жөнөтүүгө укуктуу.
18. Кеңештин катчысы Кеңештин жыйналыштарында кароо үчүн материалдарды күн тартибинин долбооруна ылайык даярдайт.
19. Материалдар төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) талкуулануучу маселелер боюнча маалымкаттарды;
2) Кеңештин чечимдеринин долбоорлорун;
3) маалымкаттын негиздемелерин жана ырастоочу документтерин.
20. Мамлекеттик органдын статс-катчысынын кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрүүдө практикалык иштерге баа берүү Кеңештин мүчөлөрү тарабынан жүзөгө ашырылат жана аларды алган учурдан тартып эки жумушчу күндөн кечиктирбестен Кеңештин катчысына кайтарылат.
21. Кеңештин жыйналыштары аларга Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде 2/3, анын ичинде ишеним каттары боюнча катышканда, укуктуу болуп эсептелет.
22. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке өздөрү катышат.
Кеңештин мүчөсү жыйналышка жеке өзү катыша албаган учурда, өз добушун Кеңештин мүчөлөрүнүн бирөөсүнө ушул жыйналышка катышууга ишеним катты берүү жолу менен өткөрүп берүүгө укуктуу.
23. Добуш берүү укугу өткөрүлүп берилген учурда ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси жеке өздөрү катышканда жыйналыш укуктуу болуп эсептелет.
24. Ишеним катта жеке катышуунун мүмкүн эместигинин себеби, добуш берүү укугу өткөрүп берилип жаткан жыйналыштын күнү жана добуш берүү укугу өткөрүлүп берилген адам көрсөтүлөт.
25. Чыгып сүйлөө, талкуулоо тартиби, узактыгы жана жыйналышты өткөрүүнүн башка маселелери Кеңеш тарабынан белгиленет.
26. Кеңештин жыйналышы протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы жана катчысы кол коюшат.
27. Кеңештин жумушчу органына аудио- жана видеожазууларды жүргүзүүгө уруксат берилет.
28. Кеңештин чечимдери коллегиалдуу түрдө, Кеңештин жыйналышына катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары тең чыкса, Кеңештин жыйналышында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
29. Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча Кеңештин өзүнчө чечимдери кабыл алынат. Кеңештин чечими токтом менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы (жыйналышка төрагалык кылган адам) кол коет.
30. Талкууланып жаткан маселе боюнча Кеңештин чечимине макул болбогон Кеңештин мүчөсү өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал жыйналыштын протоколунда чагылдырылат.
31. Өзгөчө пикирлерин билдирген Кеңештин мүчөлөрү менен кошумча консультацияларды өткөрүүнүн негизинде Кеңештин төрагасынын демилгеси боюнча маселе кайрадан талкуулоо жана чечимди кабыл алуу үчүн Кеңештин кийинки жыйналыштарында киргизилиши мүмкүн.
32. Жыйналыштын протоколу жана Кеңештин чечимдери беш жумушчу күндүн ичинде таризделет.
33. Зарыл болгон учурда Кеңештин мүчөлөрү сурамжылоо жолу менен чечимди кабыл алышат.
34. Кеңештин токтомдору аларга кол коюлгандан кийин үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен тийиштүү мамлекеттик органдарга же кызмат адамдарына таратылат.
35. Кеңештин жыйналыштарынын протоколдору, каралып жана кабыл алынып жаткан документтер иш кагаздарын жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерине ылайык таризделет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат.