Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 16-январы ПЖ № 4
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ишин мындан ары өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын:
"11-1. Иш башкармасы жана анын ведомстволук уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт.";
- 13-1-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Иш башкаруучунун жана анын орун басарларынын коомдук башталыштагы кеңешчилери болот, аларды иш башкаруучу дайындайт жана бошотот. Кеңешчилер иш башкаруучу бекиткен Кеңешчилер жөнүндө жободо белгиленген компетенцияга ылайык иштешет.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|