Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 21-февралы ПЖ № 36
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 27-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңешти түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 27-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңешти түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин курамында:
курамдан Кудайбердиева Г.К., Карыбаева М.А., Казаков Т.Т., Максутов А.А., Саралаева Ж.У., Эрматов Э. чыгарылсын;
курамга Султанбекова Чолпон Аалыевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Сариева Эльвира Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары; Молдобекова Гулкан Сакиновна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Казаков Түгөлбай Токтогулович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; Ишекеев Назаркул - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы; Супаналиев Бекжан Торобаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы; Саданбеков Чоробек - "Биздин Мурас" коомдук фондусунун жетекчиси (макулдашуу боюнча) киргизилсин;
"Шер-Нияз Садык - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы, кинорежиссер (макулдашуу боюнча)" деген позициядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы, кинорежиссер (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, кинорежиссер (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|