Загрузка документа…
КР Президентинин 2018-жылдын 27-июнундагы ПЖ № 143 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 7-марты ПЖ № 45
Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары жөнүндө
Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын кайрылуусуна байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Мамыров Эркинбек Тобокелович Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 19-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев |