Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 16-августундагы ПЖ № 345 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 20-майы ПЖ № 128
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу системасын реформалоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун төртүнчү абзацындагы "төрт" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
Президент | А. Атамбаев
|