Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 16-августу ПЖ № 345
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын өркүндөтүү жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 161 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 226 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу” Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-майындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Н. Жапаров
|