Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 1-июну ПЖ № 136
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 1-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги", "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган", "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункттун биринчи абзацындагы "Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган Жарлыктын 3-тиркемесинде:
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган";
8, 13-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
14-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"14. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги";
30-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик";
төмөнкүдөй мазмундагы 64-пункт менен толукталсын:
"64. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому".
4. (КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын 1, 3 жана 4-тиркемелериндеги ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 5-мартындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун КУРАМЫ
Джумакадыров Темир Курмангазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы, жетекчи; |
Курманалиев Алмазбек Абдиназарович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, жетекчинин орун басары; |
Токтогулов Кылычбек | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары, жетекчинин орун басары; |
Исраилов Улан Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору, жетекчинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Осмоналиев Акылбек Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министр; |
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору; |
Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Насыров Алмаз Турусбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Пономарев Сергей Васильевич | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси, көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Осмоналиев Кайрат Медербекович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Уметалиев Эмильбек Сатарович | - | ишкер, "Кыргызконцепт" компаниясынын уюштуруучусу (макулдашуу боюнча); |
Акматжанова Айгуль Аваскановна | - | көз карандысыз эксперт, "Будущее без коррупции - Трансперенси Интернешнл Кыргызстан" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).". |