Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 10-августу ПЖ № 340
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын андан ары систематизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө" Жарлыгынын 3-5-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 104 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 13-августундагы № 87 (3266) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |