Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин (мындан ары - эксперттик кеңеш) статусун, түзүү тартибин жана анын ишинин уюштурулушун аныктайт.
2. Эксперттик кеңеш этностор аралык өнүгүү жана улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча ишке эксперттик коомчулукту тартуу максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Эксперттик кеңештин негизги милдети болуп этностор аралык өнүгүү жана улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу саналат.
4. Эксперттик кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Эксперттик кеңеш:
1) этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна берет;
2) колдонуудагы мыйзамдарга, ошондой эле этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелерине тиешелүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна, башка ченемдик укуктук актыларына коомдук экспертиза жүргүзөт;
3) этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда эсепке алуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын муктаждыктары жана кызыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды топтойт жана талдоо жүргүзөт.
6. Эксперттик кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жарандык форумдарды, угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга;
2) актуалдуу маселелерди карап чыгуу боюнча жумушчу топторду түзүүгө;
3) белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана уюмдардан өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратууга жана алууга, буга мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды камтыган документтер кирбейт;
4) зарылдыгына жараша өзүнүн иши тууралуу маалыматты даярдоого, аны Кыргыз Республикасынын Президентинин сайтына жайгаштырууга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого.
7. Эксперттик кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан эки жылдык мөөнөткө түзүлөт.
8. Эксперттик кеңештин курамына көп сандаган талдоо, илимий изилдөөлөрү жана жарыялоолору менен ырасталган, этностор аралык өнүгүү чөйрөсүндөгү жана диний чөйрөдөгү эксперттик билими бар адистер кирет.
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Эксперттик кеңештин мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт, алардын эксперттик кеңештин курамына мүчөлүгүн ырастаган күбөлүгү болот.
10. Эксперттик кеңештин ишинин негизги формасы болуп эксперттик кеңештин жыйналышы саналат.
11. Эксперттик кеңеш ушул Жобо менен жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча өзүнүн ишинин Регламентин аныктайт.
12. Эксперттик кеңештин ишине жалпы жетекчилик кылууну координатор ишке ашырат, ал катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен шайланат. Мында эксперттик кеңештин биринчи жыйналышында модератордун функциясын эксперттик кеңештин курагы боюнча улуу мүчөсү аткарат.
13. Эксперттик кеңештин координатору:
1) жыйналышты даярдайт жана эксперттик кеңештин жыйналыштарында модератордун функцияларын аткарат, анын сунуштамаларын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына чейин жеткирүүгө көмөктөшөт;
2) эксперттик кеңештин ишин уюштурууга байланышкан башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен эксперттик кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
15. Эксперттик кеңештин сунуштамалары жана сунуштары жыйналышка катышуучулардын көпчүлүк добушу менен протокол түрүндө кабыл алынат жана сунуш берүүчү мүнөзгө ээ болот. Добуштар тең болгон учурда эксперттик кеңештин координатору добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
16. Эксперттик кеңештин ишин уюштуруу-методологиялык жагынан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты тескеген түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
17. Эксперттик кеңештин ишин материалдык-техникалык жагынан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын күтүүгө каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Эксперттик кеңештин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган тартылган каражаттардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.
19. Эксперттик кеңештин Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий веб-сайтында өзүнүн бөлүмү болот.