Редакцияот 26.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 26-декабры ПЖ № 299

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык, Баткен жана Кадамжай райондук сотторуна, Нарын облусунун Нарын шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 29-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотуна

Аматов Нурлан Тологонович;

- Баткен облусунун Баткен райондук сотуна

Оморов Расул Бактыбекович;

- Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна

Алимбекова Жылдыз Кубанычовна;

- Нарын облусунун Нарын шаардык сотуна

Джоробекова Айнагуль Мамаюнусовна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 Президент

А. Атамбаев