ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2016-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 299 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык, Баткен жана Кадамжай райондук сотторуна, Нарын облусунун Нарын шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция26.12.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 26-декабры ПЖ № 299

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык, Баткен жана Кадамжай райондук сотторуна, Нарын облусунун Нарын шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 29-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотуна

Аматов Нурлан Тологонович;

- Баткен облусунун Баткен райондук сотуна

Оморов Расул Бактыбекович;

- Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна

Алимбекова Жылдыз Кубанычовна;

- Нарын облусунун Нарын шаардык сотуна

Джоробекова Айнагуль Мамаюнусовна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 Президент

А. Атамбаев