Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы ПЖ № 4 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 31-марты ПЖ № 63

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобонун 5-пунктундагы "Коргоо кеңешинин" деген сөздөр "Коопсуздук кеңешинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 Президент

А. Атамбаев