Редакцияот 06.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 6-апрели ПЖ № 70

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Ош жана Нарын облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2017-жылдын 6-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Ош облустук сотуна - Исажанов Келдибек Сайдахматович;

- Нарын облустук сотуна - Койломбаев Азамат Ишимбекович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев