ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2017-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 70 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Ош жана Нарын облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция06.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 6-апрели ПЖ № 70

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Ош жана Нарын облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2017-жылдын 6-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Ош облустук сотуна - Исажанов Келдибек Сайдахматович;

- Нарын облустук сотуна - Койломбаев Азамат Ишимбекович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев