Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 10-июлу ПЖ № 130
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамында:
курамдан Ниязов Ф.А., Скрипкина Г.А., Исакунова Т.Б., Мамытова Л.У., Джаманкулов М.Т., Абдраимов Т.Д., Бекбасаров Р.Б., Мамбеталиева Ж.Ж., СарпашевТ.Д. чыгарылсын;
Мадумаров Акрам Камбаралиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси болуп; Кодуранова Асель Союзбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "КСДП" фракциясы; Эргешов Алмазбек Манасбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" фракциясы; Абдрахматова Атыр Болотбековна - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары; Осмоналиев Кайрат Медербекович - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү; Есеналиев Максатбек Кульчороевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертизалоо жана укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; Ахметов Уран Тулондиевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Догоев Дастан Давлетович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы киргизилсин;
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|