Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 19-июлу ПЖ № 133
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттагы "Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат" деген сөздөр "Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статусту берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
2-пункттун биринчи абзацындагы "Президентинин Указдары менен буйруктарында" деген сөздөр "Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктта:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору менен түзүү каралган мамлекеттик мекемелерге - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты менен макулдашуу боюнча;";
үчүнчү абзацтагы "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөз менен алмаштырылсын, "жана Комиссиянын тийиштүү корутундусу болгондо" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктта:
биринчи абзацтагы "Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
5-пункттагы "Комиссиянын" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пункттун төртүнчү абзацындагы "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|