ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 133 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына «улуттук» деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө«Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция19.07.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 19-июлу ПЖ № 133

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттагы "Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат" деген сөздөр "Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статусту берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

2-пункттун биринчи абзацындагы "Президентинин Указдары менен буйруктарында" деген сөздөр "Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пунктта:

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору менен түзүү каралган мамлекеттик мекемелерге - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты менен макулдашуу боюнча;";

үчүнчү абзацтагы "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөз менен алмаштырылсын, "жана Комиссиянын тийиштүү корутундусу болгондо" деген сөздөр алып салынсын;

4-пунктта:

биринчи абзацтагы "Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү" деген сөздөр алып салынсын;

экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;

5-пункттагы "Комиссиянын" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6-пункттун төртүнчү абзацындагы "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев