КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 27-октябры ПЖ № 235
А.К.Сегизбаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине олуттуу салым кошкондугу үчүн, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Сегизбаев Абдил Кенешевичке "генерал-майор" аскердик наамы ыйгарылсын.
Президент | А. Атамбаев
|