Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 24-январы №41

Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 19-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аталган Жободогу документтердин үлгүлөрүн иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"Мамлекеттик социалдык заказды өнүктүрүү жана аны ишке киргизүү механизмин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-декабрындагы №948 токтому;

- "Мамлекеттик социалдык заказды өнүктүрүү жана аны ишке киргизүү механизмин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-декабрындагы №948 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-майындагы №172 токтому.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов