Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-январы №44
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык, учуулардын коопсуздугу боюнча текшерүүлөрдү тийиштүү деңгээлде жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы №553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аталган долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган токтомдун долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык, учуулардын коопсуздугу боюнча текшерүүлөрдү тийиштүү деңгээлде жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы №553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 14-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринин иштерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
|