Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-январы №46
Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү жана эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелерин тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Заказчы (курдуруучу) болгон аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын структуралык подразделениелери, ошондой эле эксперименттик объекттерди долбоорлоону жана курууну ишке ашыруучу долбоорлоочу, илимий-изилдөөчү, курулуштук жана монтаждоочу уюмдар ушул Жобону жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |