Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №46 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 297 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Эксперименттик объекттерди түзүүнүн тартиби
3-глава. Эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу
4-глава. Эксперименттик объекттерди долбоорлоонун, куруунун жана
эксплуатациялоонун натыйжаларын жалпылоо жана ишке ашыруу
Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) эксперименттик объекттерди долбоорлоонун жана куруунун максатын аныктайт жана эксперименттик курулушту долбоорлоонун, куруунун, анын натыйжаларын жалпылоонун жана пайдалануунун тартибин белгилейт.
1-глава Жалпы жоболор
1. Бул Жобонун күчү эксперименттик объекттерге карата колдонулат, аларга төмөнкүлөр кирет: имарат комплекстери, калктуу конуштар, турак райондор жана кварталдар, өнөр жай зоналары жана райондору, ишканалар, имараттар, курулмалар, модернизациялануучу объекттер, мелиорациялык жана суу чарбалык объекттер, инженердик-транспорттук коммуникациялар, ошондой эле өндүрүштүк (натуралай) шартта текшермейинче натыйжалуулугу жөнүндө объективдүү маалымат алынышы мүмкүн эмес болгон долбоорлоо жана жаңы шаар куруу принциптеринин жана сарамжалдуу баалоо принциптеринин; көлөмдүк-пландоочу жана конструкциялык чечимдердин, жаңы курулуш материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын жана жабдуулардын, имараттарды, курулмаларды, коомдук жана өндүрүштүк аймактарды жана имараттык комплекстерди; курулушту уюштуруунун жана башкаруунун алдыңкы методдорунун; курулуш-монтаж жумуштарынын прогрессивдүү технологияларынын жана курулуш, архитектура жана курулуш материалдар тармагындагы башка прогрессивдүү чечимдердин негизинде ишке ашырылган башка курулуштук объекттер кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 297 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында эксперименттик объекттерди долбоорлоочу жана куруучу шаар куруу ишинин бардык катышуучуларга арналган.
3. Эксперименттик объект деп аягына чыгарылган илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук жумуштардын жалпы жана долбоорлоо жана куруу практикасында кеңири пайдаланылышын камсыздоочу анык маалыматтардын жана практикалык тажрыйбанын алынышы түшүнүлөт.
Эксперименттик объекттер уникалдуулардан Кыргыз Республикасынын "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамынын 22 жана 44-статьяларында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен айырмаланышат.
4. Эксперименттик долбоорлоо илимдин жана техниканын жапырт өндүрүшкө киргизүү сунуш кылынган жетишкендиктерин пайдалануунун натыйжалуулугун курулуш өндүрүшүнүн же эксплуатациялоонун шартында алдын ала текшерүү максатында ишке ашырылат.
Эксперименттик курулушта курулуш, архитектура жана курулуш материалдар тармагындагы илимий-техникалык проблемаларды чечүү боюнча программаларды, чет өлкөлөр менен илимий-техникалык кызматташуу программаларын, айрым илимий, тажрыйбалык-конструктордук жана долбоорлоо жумуштарын, чет өлкөлүк ченемдерди жана стандарттарды колдонуу, ойлоп табууларды, рационализатордук сунуштарды аткаруунун жана чет өлкөлөрдүн эксперименттик объекттерди куруу тажрыйбасын пайдалануунун натыйжалары ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 297 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Эксперименттик объекттерде төмөнкүдөй текшерүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн:
- шаар куруу комплекстеринин жаңы принциптерине, калктуу конуштардын, турак райондордун жана кварталдардын, өнөр жайлык зоналардын жана райондордун курулушуна;
- жаңы көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык-техникалык чечимдердин натыйжалуулугуна, аларды ишке ашыруунун технологиялуулугуна, ошондой эле курулуштук продукциянын эксплуатациялык сапаты жана курулуш объекттеринин жер титирөөгө туруктуулугу жакшырышына;
- прогрессивдүү жаңы курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды пайдалануунун натыйжалуулугуна;
- инженердик камсыздоо системаларынын үнөмдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна;
- энергия үнөмдөөчү системалардын жана чечимдердин натыйжалуулугуна;
- курулушту уюштуруунун жана жумуштарды жүргүзүүнүн жаңы методдоруна жана технологиясына;
- архитектура, шаар куруу, аймактык пландоо, курулуш, курулуштук материалдар жана конструкциялар, айлана-чөйрөнү коргоо жагында эсептөөлөргө, долбоорлоого жана техникалык нормалаштырууга карата жаңы ыкмаларга;
- мурдатан бар турак имараттардын жылытуу санацияларынын натыйжалуу методдоруна.
- эксперименттик, анын ичинде модернизациялануучу объекттерди долбоорлоодо жана курууда чет өлкөлүк курулуш ченемдерин жана эрежелерин, стандарттарын төмөнкү чөйрөдө колдонууга:
өрт, технологиялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
имараттарды жана курулмаларды инженердик жана технологиялык камсыздоо системаларын колдонуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 297 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Долбоорлоочу, илимий-изилдөөчү, курулуштук жана монтаждоочу уюмдар жана заказчылар (куруп жаткандар) эксперименттик объекттердин ишке киргизилиши жана алардын долбоордук кубаттуулуктары иштеши үчүн, ошондой эле эксперименттик долбоорлоонун жана куруунун түпкү натыйжасына жетишүү жана жакшы натыйжалардын жалпы курулушка тез арада киргизилиши үчүн жооптуу болушат, анын ичинде:
долбоорлоочу уюмдар - долбоорлордун жана сметалардын сапаты жана курулуштардын долбоордук-сметалык документтеринин өз убагында даярдалышы, эксплуатацияга киргизилген объекттердин кубаттуулуктары жана башка техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү долбоордо каралган кубаттуулуктарга жана көрсөткүчтөргө шайкеш келиши, автордук көзөмөл жүргүзүлүшү жана объекттерди куруу, эксплуатацияга кабыл алуу жана алардын долбоордук кубаттуулуктарын иштетүү учурунда долбоорлоого байланыштуу чыгуучу бардык маселелердин чечилиши үчүн;
илимий-изилдөөчү жана долбоорлоочу уюмдар - эксперименттик курулуш жумуштарынын программасы түзүлүшүнө жана ишке ашырылышына, эксперименттик объекттерди курууда илимий-техникалык жетишкендиктерди колдонуунун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан рекомендациялардын иштелип чыгышына, курулуш-монтаждоо уюмдарына эксперименттик курулуш жумуштарынын программасын ишке ашырууда техникалык жана методикалык жардам көрсөтүүгө, эксперименттик курулуштун натыйжаларын жалпылоого, жыйынтык илимий-техникалык отчеттордун же алардын бөлүктөрүнүн түзүлүшүнө, эксперименттик курулуштун натыйжаларын андан ары пайдалануу боюнча сунуштардын иштелип чыгышына;
илимий-изилдөөчү уюмдар - долбоорлоо үчүн алар беришкен баштапкы маалыматтардын илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерине ылайык келишине, курулуштан мурда жана курулуш учурунда, ал эми зарыл учурларда эксперименттик объекттерди эксплуатациялоо убагында да илимий изилдөөлөр аткарылышына, курулушта жаңы иштеп чыгуулардын (технологиялык процесстердин) өздөштүрүлүшүн автордук көзөмөлдөөгө;
курулуштук жана монтаждоочу уюмдар - курулуш жана монтаждоо жумуштары долбоорго ылайык жана белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышы, ал жумуштардын тийиштүү сапаты, алар монтаждаган жабдууга жеке сыноо жүргүзүлүшүнө, курулуш жана монтаждоо жумуштарын кабыл алуу процессинде аныкталган чалалыктар жана кемчиликтер өз убагында жоюлушуна, продукция чыгарууга (кызмат көрсөтүүгө) даярдалган өндүрүштүк кубаттуулуктардын жана объекттердин түзүлүшүнө, ошондой эле эксперименттик курулуш процессинде илимий-изилдөө жана эксперименттик жумуштардын аткарылышы үчүн шарттарды түзүүгө, өз ишинин профили боюнча илимий-техникалык отчеттордун түзүлүшүнө;
заказчылар (курдуруучулар) - долбоорлоо жана долбоордук-сметалык документтерге тапшырмалар өз убагында даярдалышына, заказдын эксплуатациялоого даярдалышына, эксплуатацияга киргизилчү объекттерде продукция чыгарылышына (кызматтар көрсөтүлүшүнө, алар кадрлар менен комплектиленишине, сырье, материалдар, энергия ресурстары ж.б. менен камсыздалышына); долбоорлоочу, курулуштук жана монтаждоочу уюмдардын катышуусу, ал эми зарыл учурда - жабдууну чыгарган заводдордун да катышуусу менен жабдуулардын комплекстүү (курулай жана иш режимдеринде) сыноодон өткөрүлүшүнө; технологиялык процесстердин жөнгө салынышына; өндүрүштүк кубаттуулуктардын жана объекттердин белгиленген убагында эксплуатацияга киргизилишине; продукция чыгаруу (кызмат көрсөтүү) жана кубаттуулуктарды иштетүү кубаттуулукту өздөштүрүүнүн узактыгынын колдонуудагы нормаларында каралган мөөнөттөрдө ишке ашырылышына; ошондой эле эксперименттик курулуш жумуштарынын программалары өз убагында каралышына жана бекитилишине, аларга караштуу эксперименттик объекттерде эксплуатациялоонун долбоордук режими камсыздалышына, илимий-изилдөөчү жана долбоорлоочу уюмдарга жыйынтыктоочу илимий-техникалык отчеттор үчүн материалдар, анын ичинде эксперименттик курулуштун натыйжаларын андан ары пайдалануу боюнча сунуштар берилишине; эксперименттик объекттерди эксплуатациялоо убагында эксперименттик курулуш жумуштарын жүргүзүүнүн программаларында белгиленген учурларда эксперименттик объекттердин абалына байкоолор (мониторинг) жүргүзүлүшүнө жана илимий-техникалык отчеттордун өз ишинин профили боюнча бөлүгү түзүлүшүнө жооптуу.
Турак үйлөрдү, маданий-тиричиликтик арналыштагы объекттерди жана коммуналдык чарбаны курууга бир заказчы (курдуруучу) болгон учурда объекттер эксплуатацияга (кызмат көрсөтүүгө) өз убагында даярдалышы үчүн жоопкерчилик бир заказчыга (курдуруучуга) жүктөлөт.
жасоочулар - курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды жасоочулар алар беришчү продукциянын коопсуздук көрсөткүчү долбоорлоочу жана илимий-изилдөөчү уюмдар - баштапкы аткаруучулар - эксперименттик объекттерди курууга долбоордун түзүүчүлөрү беришкен нормативдик-техникалык документтерге ылайык келиши, жаңы курулуш материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын жана жабдуулардын жасалышы жөнүндө илимий-техникалык отчеттордун бөлүгү түзүлүшү үчүн жооптуу болушат.
2-глава Эксперименттик объекттерди түзүүнүн тартиби
7. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Архкурулушу) Программаны же айрым эксперименттик объекттерди түзөт.
Объекттерди Программага киргизүү жөнүндө сунуштарды илимий-изилдөөчү, долбоорлоочу жана подряддык уюмдар, ошондой эле эксперименттик объекттерди курууга ниеттенген заказчылар (куруучулар) киргизе алышат.
Сунуштар подрядчы, заказчы, долбоорлоочу уюм, эксперимент жүргүзүүдө илимий-техникалык жардам көрсөтүүчү илимий-изилдөөчү уюм менен, зарыл болсо архитектура жана курулуш боюнча тийиштүү жергиликтүү орган менен макулдашылууга тийиш.
Сунуштарга киргизилчү маалыматтардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Архкурулушу аныктайт.
8. Эксперименттик долбоорлоо жана куруу учурунда илимий-изилдөөчү жана тажрыйбалык-конструктордук жумуштардын же эксперименттик объекттердин долбоорлорунун сыноочу борборлордо же лабораторияларда текшерүүдөн өткөн, илимий-изилдөөчү жана иштеп чыгуучу долбоорлоо институттарынын окумуштуулар кеңеши тарабынан өндүрүштө колдонууга сунушталган, белгиленген тартипте бекитилген толук комплектилүү техникалык документтери бар жана Кыргыз Республикасынын Архкурулушунун шаар куруу жана/же илимий-техникалык кеңештеринин (мындан ары - Кеңеш) күбөлөндүрүүсү бар жыйынтыктарына сыноо жүргүзүлөт.
9. Илимий-изилдөөчү жана долбоорлоочу уюмдар - эксперименттик объекттерди курууга долбоорду иштеп чыгуучулар эксперименттик долбоорлоо жана куруу жумуштарынын программаларын түзүшөт, ал программаларды ишке ашырууга катышат, эксперименттик курулуштун натыйжалары жөнүндө жалпылоочу илимий-техникалык отчетторду түзүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгышат.
Эксперименттик долбоорлоо жана куруу жумуштарынын программаларында төмөнкүлөр каралат:
- эксперименттик курулуштун максаты;
- эксперименттик объекттерди куруу жана эксплуатациялоо башталганга чейин, ал эми зарыл учурларда куруунун жана эксплуатациялоонун учурунда да илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана көлөмү;
- эксперименттик объекттерди куруу учурунда, ал эми зарыл учурларда ал объекттерди эксплуатациялоо убагында байкоолорду жүргүзүүнүн тартиби жана көлөмү;
- куруучу жана монтаждоочу уюмдарга долбоор боюнча курулушту аткарууда, ошондой эле материалдык-техникалык ресурстарды жана эмгектин жумшалышын эсепке алууну уюштурууда техникалык жана методикалык жардам;
- эксперименттик объекттердин курулушуна жана курулуш өндүрүшүндө жаңы ойлоп табуулардын жана технологиялык процесстердин өздөштүрүлүшүнө автордук көзөмөл;
- эксперименттик курулуш жумуштарынын программалары аткарылышын контролдоо боюнча иш-чаралар;
- зарыл учурларда иштелип чыгуучу жана эксперименттик объекттерди курууда илимий-техникалык жетишкендиктерди колдонуунун өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле эксперименттик объекттердин текшерилчү элементтерин, материалдарын, буюмдарын, конструкцияларын жана жабдууларын сыноого байланышкан рекомендациялар.
Эксперименттик курулуш жумуштарынын программаларында төмөнкүдөй уюмдар көрсөтүлөт:
- курулуш жана монтаждоо жумуштарын аткаруучулар, ал эми айрым учурларда жаңы курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды жасачуулар;
- эксперименттик объекттерди куруу жана эксплуатациялоо башталганга чейин, ал эми зарыл учурларда аларды куруу жана эксплуатациялоо учурунда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчүлөр;
- эксперименттик объекттерди куруунун жүрүшүнө, ал эми зарыл учурларда эксплуатациялоо мезгилинде ал объекттердин абалына байкоо жүргүзүүчүлөр;
- курулуш жана монтаждоо уюмдарына курулушту долбоор боюнча жүргүзүүгө, ошондой эле материалдык-техникалык ресурстарды жана эмгектин жумшалышын эсепке алууну уюштурууга техникалык жана методикалык жардам көрсөтүүчүлөр;
- эксперименттик объекттердин курулушуна жана курулуш өндүрүшүндө жаңы ойлоп табуулардын жана технологиялык процесстердин өздөштүрүлүшүн автордук көзөмөлдөөчүлөр;
- эксперименттик долбоорлоо жана курулуш жумуштарынын программалары аткарылышын контролдоочулар;
- эксперименттик долбоорлоонун жана куруунун натыйжалары жөнүндө жалпылоочу илимий-техникалык отчетторду түзүүчүлөр;
- зарыл болсо эксперименттик объекттерди курууда илимий-техникалык жетишкендиктерди колдонуунун өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле эксперименттик объекттердин текшерилчү элементтерин, материалдарын, буюмдарын, конструкцияларын жана жабдууларын сыноого байланышкан рекомендацияларды иштеп чыгуучулар.
- колдонуудагы курулуштук нормалар менен эрежелерге, башка нормативдик документтерге ылайык курулуш материалдардын сапатын (катуулугун, жылуулукту сакташын, бекемдигин, өрт коопсуздугун жана экологиялуулугун) контролдоочулар.
10. Илимий-изилдөөчү жана долбоорлоочу уюмдардын ушул Жобонун 9-пунктунда каралган эксперименттик долбоорлоо жана курулуш жумуштарынын программасын аткарууга жана жалпылоочу илимий-техникалык отчетторду түзүүгө байланышкан иштерин заказчы (курдуруучу) келишимдик негизде белгиленген тартипте каржылайт.
11. Илимий-изилдөөчү жана долбоорлоочу уюмдардын эксперименттик объекттердин курулушун автордук көзөмөлдөөгө чыгымдары автордук көзөмөлгө чыгымдар түрүндө сметаларга киргизилген каражаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Архкурулушу белгилеген тартипте каржыланат.
3-глава Эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу
12. Эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 297 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Эксперименттик объекттердин долбоорлоо-сметалык документтери заказчынын (курдуруучунун) каражатынын эсебинен жасалат.
14. Эксперименттик объекттерди курууга долбоорлоо-сметалык документтер долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча нормативдик укуктук актыларда жана Кыргыз Республикасынын Архкурулушунун башка нормативдик документтеринде каралган тартипте иштелип чыгып жана бекитилет жана андай объекттер санитардык нормаларга жана эрежелерге ылайыктыгы жөнүндө санитардык-эпидемилогоиялык корутунду болгон шартта жол берилет.
Эксперименттик объекттерди курууга долбоорлоо-сметалык документтердин курамында курулушту уюштуруунун жана жумуштарды жүргүзүүнүн белгиленген тартипте иштелип чыккан долбоорлору болууга тийиш.
Курулушту уюштуруунун долбоорлорунда жана жумуштарды жүргүзүү долбоорлорунда иштегендердин коопсуз эмгек шарттарын түзүүнү, механизация каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну, курулуш жумуштарынын сапатын жакшыртууну, курулуш өндүрүшүнүн прогрессивдүү технологияларын киргизүүнү камсыздоочу иш-чаралар каралууга тийиш.
Эксперименттик объекттерди куруунун узактыгы ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды куруунун узактыгынын бекитилген нормаларына ылайык курулушту уюштуруунун долбоорунда аныкталат.
15. Эксперименттик объекттерди куруунун долбоорлорунда эксперименттик объекттердин ишеничтүүлүгүн, бекемдигин арттырууну, эксплуатациялык жана архитектуралык сапаттарын жакшыртууну камсыздоочу чечимдер каралууга тийиш.
Эксперименттик объекттерди куруу үчүн долбоорлордо каралган курулуш материалдар, буюмдар, конструкциялар жана жабдуулар нормативдик техникалык документтерде белгиленген методикага ылайык мурдатан сыналууга тийиш.
Эксперименттик объекттерди долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын Архкурулушу белгилеген тартипте бекитилген жана колдонууга киргизилген мамлекеттер аралык жана республикалык курулуш нормаларына, эрежелерге, нускамаларга, стандарттарга жана башка нормативдик документтерге таянуу керек.
Курулуш боюнча колдонуудагы нормативдик документтерден четтөөгө эксперименттик курулуштун максаттарына жараша жол берилиши мүмкүн, мындай учурда долбоорлоочу уюмдар курулуштук нормалардан жана эрежелерден болуучу четтөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Архкурулушу менен "Кыргыз Республикасындагы шаар курулушу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясына ылайык макулдашууга тийиш.
Долбоорлоо алдындагы, долбоордук документтерди иштеп чыгууда жана тариздөөдө, экспертизаларды жана корутундуларды алууда, ошондой эле эксперименттик, анын ичинде модернизациялануучу объекттерди курууда жана пайдаланууга берүүдө чет өлкөлүк курулуш ченемдери жана эрежелери, стандарттары колдонулган учурда корутундуларды, экспертизаларды, макулдашууларды берүү жана объектти пайдаланууга берүү долбоорлоодо жана курууда колдонулган чет өлкөлүк ченемдерге жана эрежелерге, стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда эксперименттик объекттерди долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди берүү процесси жана аларды пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 297 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Эксперименттик объекттерди курууга долбоордук-сметалык документтердин экспертизасы Кыргыз Республикасынын Архкурулушунун нормативдик документтери менен аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө ишке ашырылат.
17. Эксперименттик объекттин курулушу башталаардын алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте подряддык тооруктар өткөрүлүүгө тийиш.
18. Эксперименттик курулушта заказчылар менен подрядчылардын өз ара мамилеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен жөнгө салынат.
19. Эксперименттик объекттин курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана эксплуатацияга кабыл алуу нормативдик укуктук актыларда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
20. Кыргыз Республикасынын Архкурулушу зарыл болсо буга байланыштуу долбоордук-сметалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим чыгарат жана экспериментти андан ары ишке ашыруу же токтотуу планын аныктайт.
4-глава Эксперименттик объекттерди долбоорлоонун, куруунун жана эксплуатациялоонун натыйжаларын жалпылоо жана ишке ашыруу
21. Эксперименттик объекттерди долбоорлоонун жана куруунун натыйжаларын жалпылоо жана ишке ашыруу, жапырт курулушка киргизилчү илимий-техникалык жаңылыктар жөнүндө маалыматтардын информациялык банкын түзүү үчүн ар бир объект боюнча отчет түзүлөт.
Отчетту төмөнкүлөр түзүшөт:
- илимий-изилдөөчү жана долбоорлоочу уюмдар - эксперименттик объекттердин киргизилчү долбоорлорун аткаруучулар, эксперименттик курулушка катышуучу долбоорлоочу жана подряддык уюмдар;
- жаңы курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды жасаган ишканалар;
- эксперименттик объекттерди эксплуатациялоодо алардын абалын байкоого алуучу жана мониторингдөөчү ишканалар.
Эксперименттик курулуштун натыйжаларын жалпылоо, жыйынтык отчетторду түзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Архкурулушуна берүү эксперименттик объекттерди долбоорлоонун жана куруунун башкы аткаруучулары болуп аныкталган илимий-изилдөөчү же долбоорлоочу уюмдарга жүктөлөт.
22. Жыйынтык отчет жүргүзүлгөн эксперимент жөнүндө толук маалыматты, анын ичинде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш, алар:
- имараттардын жана курулмалардын сыноодон өткөрүлгөн шаар куруу, көлөмдүк-пландоочу, архитектуралык жана конструкциялык-техникалык чечимдеринин иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрү; эксперименттик объекттердин колдонулган жаңы курулуш материалдары, буюмдары, жабдуулары жана инженердик камсыздоо системалары жөнүндө маалыматтар;
- эксперименттин жүрүшүндө курулуш өндүрүшүн уюштуруу жана технологиясы боюнча колдонулган жаңы рационалдуу чечимдер, жумуштардын айрым түрлөрүн жасоонун методдору жана аларды механикалаштыруу жөнүндө маалыматтар;
- эксперимент жүргүзүүгө байланыштуу колдонулган жабдыктардын, шаймандарын, монтаждоо каражаттарынын, аспаптардын жана башка буюмдардын тизмеси;
- эксперимент жүргүзүү программасында каралган, эксперименттик объекттерди куруунун жүрүшүндөгү, ал эми зарыл болсо эксплуатациялоо учурундагы изилдөөлөрдүн (имараттын, конструкциялардын, инженердик камсыздоо системаларынын же жабдуулардын бөлүгүн изилдөөнүн) жыйынтыктары;
- эксперименттик курулуштун жүрүшүндө текшерилчү иштеп чыгуулардын республиканын жана чет өлкөлөрдүн практикасында пайдаланылчу типтүү же ошого окшош чечимдерге салыштыргандагы прогрессивдүүлүгүнө берилген баа;
- текшерилген иштеп чыгуулардын үнөмдүүлүгүнө баа, аларды ишке ашырууга жана кийин имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоого жумшалган чыгымдарды эске алуу менен;
- эксперименттик курулуштун натыйжаларын жапырт курулушта пайдалануу жана ага байланыштуу нормативдик документтерди өркүндөтүү боюнча рекомендациялар.
23. Эксперименттик, анын ичинде чет өлкөлүк курулуш ченемдерин жана эрежелерин, стандарттарын колдонуу менен курулуш объекттери боюнча жыйынтыктоочу отчеттор Кыргыз Республикасынын Архкурулушунун шаар куруу жана/же илимий-техникалык кеңештеринин заседаниесинде эксперименттин катышуучуларын тартуу менен каралат.
Аталган кеңештер жыйынтык отчетторду карап чыккандан кийин эксперименттин натыйжаларын жапырт курулушта пайдалануунун ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алат жана кабыл алынган чечимди ишке ашыруу боюнча чараларды аныктайт. Зарыл болсо ал кеңештердин заседаниесине жүргүзүлгөн эксперименттин жыйынтыктарына байланыштуу нормативдик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча рекомендациялар коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 297 токтомунун редакциясына ылайык)