Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-апрели № 113-27
1352-1354 контурдагы жалпы аянты 69,8 га жер үлүшүн кабыл алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө” токтомуна ылайык, Ленин айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 93 “Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жер үлүшүн Аламүдүн айыл аймагына өткөрүүнү макулдашуу жөнүндө” токтомунун, ошондой эле Дж.А.Биялинованын арызынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жалпы аянты 69,8 га жер үлүшү Аламүдүн айыл аймагынын административдик чек арасына кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Филимоненко |