Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-январы №54
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., №10, 471-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 25-2-берененин 1-пункту "аброй тобокелдигин" деген сөздөрдөн кийин ", терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) схемасына банктарды тартуу тобокелдигин" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 39-берененин 1-пункту "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 42-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргызстандын банкы, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөлдү уюштуруу маселелери боюнча банктардын жана Кыргызстандын банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу бөлөк финансылык-кредиттик мекемелердин ишмердигин инспекциялоону жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.".
4. 56-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Банктар террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын операцияларын же бүтүмдөрүн аны жүзөгө ашыруу жөнүндөгү кардардын буйругу аткарылышы керек болгон күндөн тартып үч жумушчу күнгө токтото турат жана операция токтотулган күндөн кечиктирбей ал тууралуу маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|