Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 26-январы №57
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Монополиялык иш-аракетти чектөө атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2007-жылдын 25-майындагы №72 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Монополиялык иш-аракетти чектөө атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Ишкердик субъекттерин текшерүүнү ишке ашыруу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык келтиргенге чейин, "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине каршы келбеген жагында колдонулат.
3. Ушул мыйзам долбоорлор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри ушул мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 21-беренеге карата эскертүүнүн биринчи абзацы "мамлекеттик органдардагы администрациялык-чарбалык функциялар" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында контролдук-көзөмөлдөөчү функциялар" деген сөздөр менен толукталсын;
2. 27-берененин 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын.
"7) ишти же иштин белгилүү бир түрүн токтотуу жана/же объектини алгачкы абалына келтирүү".
3. 30-берененин бешинчи бөлүгүндөгү "кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө" деген сөздөр "кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 31-берене "жарандарга" деген сөздөн кийин "юридикалык жактарга" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 35-беренеде:
- "орган (кызмат адамы) тарабынан компетенциясынын чектеринде" деген сөздөр алып салынсын:
6. 43-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8) пунктча менен толукталсын:
"8) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын контролдук же көзөмөлдүк иш-милдеттерди аткаруучу кызмат адамы администрациялык укук бузууну жасашы"";
7. 48-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48-берене. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Администрациялык укук бузууну жасаган адам администрациялык укук бузуу менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
Күнөөлүү адамдын бул зыяндын ордун толтуруп берүү маселеси өлчөмүнө карабастан сот (судья) аркылуу чечилет.
Судья администрациялык укук бузуу ишин караганда, эгерде мүлктүк зыяндын ордун толтуруу боюнча талап болбосо, администрациялык жазаны берүү менен бирге, мүлктүк зыяндын ордун толтуруу маселесин чечет.
Мүлктүк зыяндын ордун толтуруу боюнча талаш-тартыштар жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде сот аркылуу чечилет.".
8. 62-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"62-берене. Кызмат адамынын жарандардын же юридикалык жактардын
кайрылууларын кароодон мыйзамсыз баш тартышы
Кызмат адамынын жарандардын же юридикалык жактардын кайрылууларын кароодон мыйзамсыз баш тартышы, жүйөөлүү себептерсиз аларды кароонун мөөнөттөрүн бузушу, негизсиз, мыйзамга каршы келген чечимдерди кабыл алышы, ошондой эле жарандын же юридикалык жактын бузулган укуктары калыбына келтирилишин камсыз кылбашы - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 269-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"269-берене. Байланыш объекттерин эксплуатациялоодо жана
байланыш кызматтарын көрсөтүүдө техникалык
регламенттердин жана/же стандарттардын, ченемдердин
жана эрежелердин талаптарын бузуу
Байланыш объекттерин эксплуатациялоонун жана байланыш кызматын көрсөтүүнүн тартибин жөнгө салуучу техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин жана башка жөнгө салуучу документтердин талаптарын бузуу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
10. 273-берененин аталышында жана текстинде "мамлекеттик стандарттарга" деген сөздөр "техникалык шарттарга жана/же стандарттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11. 277-беренеде "мамлекеттик стандарттарга, техникалык шарттарга" деген сөздөр "техникалык стандарттардын жана/же стандарттардын милдеттүү талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12. 286-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"286-берене Товарларды санитардык эрежелерди бузуп сатуу"
- биринчи бөлүгү алып салынсын.
13. 287-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"287-берене. Техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын
милдеттүү талаптарына ылайык келбеген продукцияны,
шайкештиги милдеттүү түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш
болгон продукцияны шайкештигин күбөлөндүрбөстөн
(шайкештик сертификаты же шайкештиги жөнүндө
декларация болууга тийиш) жасоо, жабдуу-берүү
жана сатуу
Техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын милдеттүү талаптарына ылайык келбеген продукцияны, шайкештиги милдеттүү түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон продукцияны шайкештигин күбөлөндүрбөстөн (шайкештик сертификаты же шайкештиги жөнүндө декларация болууга тийиш) жасоо, жабдуу-берүү жана сатуу,-
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүүгө чейин, юридикалык жактарга жүздөн эки жүз элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
14. 289-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"289-берене. Техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын
талаптарын, продукциянын шайкештигин ырастоонун жана
өлчөө каражаттарын күтүүнүн жана аларды пайдалануунун
эрежелерин бузуу";
- биринчи бөлүгүндө:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын, шайкештикти ырастоонун жана текшерилбеген же метрологиялык аттестациядан өтпөгөн өлчөө каражаттарын кармоо боюнча талаптарды бузуу,";
экинчи абзацы "жыйырмага чейин," деген сөздөрдөн кийин ", юридикалык жактарга - элүүдөн жүзгө чейин" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи бөлүгү "элүүгө чейин" деген сөздөрдөн кийин "юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейин" деген сөздөр менен толукталсын.
15. 290-беренеде:
- биринчи бөлүгүндөгү "ондон он бешке чейин" деген сөздөр "жыйырмадан элүүгө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 290-1-берененин аталышында жана текстинде "стандартташтыруу жана метрология органдары" деген сөздөр "метрологиялык кызматтын ыйгарым укуктуу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 296-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"296-берене. Продукциянын шайкештигин ырастабастан шайкештик
белгиси менен мыйзамсыз маркалоо
Продукциянын шайкештигин ырастабастан шайкештик белгиси менен мыйзамсыз маркалоо,-
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
18. 307-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"307-берене. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон
импорт продукцияны Кыргыз Республикасында берилген
(катталган) шайкештик сертификатысыз же шайкештик
декларациясыз сатуу
Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон импорт продукцияны Кыргыз Республикасында берилген (катталган) шайкештик сертификатысыз же шайкештик декларациясыз сатуу,-
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейин, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүүгө чейин, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
19. 310-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"310-1-берене. Аракетсиздик же кызматтык милдеттерди талаптагыдай
эмес аткаруу
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы керектөөчүлөрдүн, жеке ишкерлердин же юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, же коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо жагындагы мамилерди жөнгө салуучу милдетин талаптагыдай эмес аткаруусу,-
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Кызматтагы аракетсиздик, башкача айтканда, кызмат адамы тарабынан өзүнө, же башка адамдар же уюмдар үчүн пайда же артыкчылык алуу, же башка адамдарга же уюмдарга зыян келтирүү максатында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандык, эгерде бул жарандардын, жеке ишкерлердин же юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары бузулушуна алып келсе,-
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган, администрациялык жаза чараларын колдонуудан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер,-
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана ээлеген кызматынан бошотууга алып келет.".
20. 400-берененин биринчи бөлүгүндөгү "элүүдөн" жана "чейин" деген сөздөр алып салынсын;
21. 400-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"400-1-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын кызмат адамдарынын жеке ишкердин
же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү
Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде көзөмөлдүк жана контролдук иш-милдеттерди аткаруучу кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине, анын ичинде төмөнкүдөй жолдор менен мыйзамсыз кийлигишүүсү:
- кызмат адамы тарабынан жеке ишкердин же юридикалык жактын укугуна, эркиндигине, милдеттерине жана кызыкчылыгына шек келтирген, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген ченемдик укуктук актыны чыгарышы;
- кызмат адамдары күчүн белгиленген тартипте жоготкон, сотто жараксыз деп табылган, же ыйгарым укуктуу органдар тарабынан күчү токтотулган, ошондой эле юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөгөн же белгиленген тартипте жарыяланбаган ченемдик укуктук актыларды мыйзамсыз колдонушу;
- кызмат адамы тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан жана жеке ишкердин же юридикалык жактын укугун, эркиндиктерин жана кызыкчылыгын бузууга алып келген аракеттердин жасалышы;
- мыйзамда каралбаган ар кандай жыйымдарды жана төлөмдөрдү белгилөө;
- мыйзамсыз тапшырмаларды берүү жана талаптарды коюу,-
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган, администрациялык жаза чарасын колдонуудан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер,-
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана ээлеген кызматынан бошотууга алып келет.".
22. 412-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"412-берене. Продукциянын шайкештигин баалоо жана шайкештигин
ырастоо боюнча техникалык регламенттердин жана/же
стандарттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун
талаптарын бузуу
Продукциянын шайкештигин баалоо жана шайкештигин ырастоо боюнча техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарын бузуу
1) продукцияны ташууда, сактоодо жана пайдаланууда (эксплуатациялоодо) техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын талаптарын аткарбоо, эгер ал продукциянын бузулушуна же ченемден ашыкча коромжу болушуна алып келсе;
2) шайкештикти баалоо боюнча эрежелерди жана жол-жоболорду бузуу, анын ичинде аккредитациялоочу органдар, продукциянын шайкештигин ырастоо боюнча органдар жана сыноочу лабораториялар тарабынан бузуу,-
кызмат адамдарына бештен жыйырмага чейин, юридикалык жактарга жыйырмадан элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
23. 453-берененин аталышындагы жана текстиндеги "мамлекеттик" деген сөз "техникалык регламенттерди жана/же" деген сөздөргө алмаштырылсын, "жана техникалык шарттарды" деген сөздөр алып салынсын.
24. 480-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"480-берене. Курулуш материалдарды, буюмдарды жана
конструкцияларды тийиштүү ырастоосуз жабдуу-берүү
жана сатуу
Техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын талаптарына ылайык эмес курулуш материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды тийиштүү ырастоосуз, шайкештик сертификатысыз же шайкештиги жөнүндө декларациясыз берүү жана сатуу,-
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
25. 514-берененин биринчи абзацындагы "286, 306, 410, 431-1, 431-2" деген цифралар "286, 287, 289-берененин биринчи бөлүгүндө, 296, 306, 307, 410" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
26. 515-берененин биринчи абзацындагы "274-276, 278-281" деген цифралар "274-281" деген цифраларга алмаштырылсын.
27. 520-берененин биринчи абзацы "205" деген цифрадан кийин ", 286" деген цифра менен толукталсын.
28. 525-беренеде:
- биринчи бөлүгү "статьяларда" деген сөздөрдөн кийин "286," деген цифра менен толукталсын;
- экинчи бөлүгүнүн алтынчы абзацы алып салынсын.
29. 538-берененин биринчи бөлүгү "статьялар менен" деген сөздөрдөн кийин "286, 287, 289-берененин биринчи бөлүгү, 296, 307" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.
30. 540-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"540-берене. Аткаруу бийлигинин техникалык регламенттердин жана/же
стандарттардын милдеттүү талаптары аткарылышына
мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдары
Аткаруу бийлигинин техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын милдеттүү талаптары аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары 286, 287, 288, 290, 290-1, 296, 307-беренелерде жана 289-статьянын биринчи бөлүгүндө каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык айып салууга төмөнкүлөр укуктуу:
- мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдардагы Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспекторлору жана алардын орун басарлары;
- мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдардын аймактык органдарынын башкы мамлекеттик инспекторлору жана алардын орун басарлары.".
31. 541-берененин биринчи бөлүгүндөгү "383, 410, 419" деген цифралар "287, 289-статьянын биринчи бөлүгүндө, 296, 307, 383, 410, 419" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
32. 557-берененин биринчи бөлүгү "кызматы" деген сөздөн кийин ", кызматтык күбөлүгүнүн номери" деген сөздөр менен толукталсын;
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 55-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) мамлекеттик органдын кызмат адамынын мыйзамдуу ишкерлик жүргүзүүгө кийлигишүү менен экономикалык чыгымдарды келтирүүсү.".
2. 137-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"137-берене. Ишкерлик жана башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн
пайдаланылган турак-жайдын же имарат жайдын кол
тийбестигин бузуу
(1) Ишкерлик жана башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган турак жайга же башка жайга мыйзамсыз кирүү, анда жашаган адамдын, жеке ишкердин же юридикалык жактын эркине каршы жасалса,-
эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун күч колдонуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалса,-
үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелеринде турак жай деп турак үйлөр, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, башка курулуштардагы турак жай фондуна кирген жана туруктуу же убактылуу жашоого арналган турак жайлар түшүнүлөт.
Ушул беренеде, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелеринде жай деп менчигинин түрүнө карабастан ишкерлик жана башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн арналгандыгына ылайык пайдаланылган офис, өндүрүштүк цех, кампа жана башка жайлар түшүнүлөт.";
3. 178-беренеде:
- биринчи бөлүгүндө:
биринчи абзацтагы "коммерциялык уюмдун" деген сөздөр юридикалык жактын" деген сөздөргө алмаштырылсын, "уюштуруучулук-укуктук түрүнө же менчигинин түрүнө жараша" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацтагы "же жүз элүүдөн эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи бөлүгүндө:
экинчи абзацындагы "же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга" деген сөздөр алып салынсын;
4. 194-берененин биринчи бөлүгүндөгү "коммерциялык уюмдун" деген сөздөр "юридикалык жактын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5. 304-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"304-1-берене. Мамлекеттик контролдоочу органдын кызмат адамынын
мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүсү
(1) Кызмат адамынын негизсиз же мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуусу, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдын кызмат адамынын мыйзамсыз текшерүүлөр жүргүзүүсү же текшерүүлөрдү мыйзамда белгиленген текшерүү жүргүзүү тартибин бузуу менен жүргүзүүсү, эгерде мындай текшерүүлөр жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулушуна алып келсе,-
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылуу менен эки жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга жазаланат.
(2) Ошол эле иш-аракет өзү үчүн же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык көрүү максатында, ошондой эле башка жеке кызыкчылыктан улам жасалса,-
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылуу менен беш жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга жазаланат.
(3) Ушул берененин биринчи же экинчи бөлүгүндө каралган жосун көп жолу жасалса же оор кесепеттерге дуушар кылса,-
мүлкүн конфискациялоо менен алты жыл мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
6. 305-берененин биринчи бөлүгүндөгү "уюмдар" деген сөз "юридикалык жактын" деген сөздөргө алмаштырылсын, "айыпка же болбосо" деген сөздөр "айып салуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 307-берененин биринчи бөлүгү "лицензиясы" деген сөздөн кийин "белгилүү иш жүргүзүүгө атайын уруксаты, квалификациялык аттестаты (күбөлүгү)" деген сөздөр менен толукталсын;
8. 315-беренедеги "жүздөн" деген сөздөр алып салынсын;
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 12-берененин биринчи бөлүгү "органдын" деген сөздөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын;
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 5, 163-ст.) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 12-берене "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 23-беренедеги "бир айлык эмгек акысына чейинки өлчөмдөгү айып түрүндөгү жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык же жазык жоопкерчиликке" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Мамлекеттик бийликтин органдары, ишкерлик субъекттер жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын (аймактык башкармасынын) иш-аракеттеринин (аракетсиздигинин) үстүнөн ишкердик субъекттерин текшерүү тууралуу мыйзамга жана администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамга ылайык даттанууга укуктуу.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2000-жыл, № 2, 97-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы биринчи бөлүк менен толукталсын:
"Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттери (алардын кызмат адамдары) монополияга каршы органдын же анын аймактык органынын (алардын кызмат адамдарынын) жана мамлекеттик жөнгө салуучу тармактык ыйгарым укуктуу органдардын (алардын кызмат адамдарынын) иш-аракеттеринин (аракетсиздигинин) үстүнөн ишкердик субъекттерин текшерүү тууралуу мыйзамга жана администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамга ылайык даттанууга укуктуу.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 31-берененин 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жарнак берүүчү, жарнак чыгаруучу же жарнак таратуучу мамлекеттик монополияга каршы органдын же анын аймактык органынын (алардын кызмат адамдарынын) иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тууралуу мыйзамдарга жана администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанууга укуктуу.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 8, 546-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 14-берененин 1-пунктунун экинчи абзацындагы "тоскоолдуксуз" деген сөз "мыйзамдарда каралган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 15-берененин 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга милдеттүү актыларды жөнөтүү";
3. 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кылган кызмат
адамдардын иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн
даттануу
Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кылган кызмат адамдардын иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Коркунучтуу өндүрүш объектилеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2001-жылдын 28-ноябры, № 84) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 22-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "жана мамлекеттик аткаруу бийлигинин башка органдары өз ыйгарым укуктарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын "Калдык сактоочу жайлар жана
кен калдыктары жөнүндө" Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2001-жылдын 4-июлу, № 48) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 12-берене төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын абалын контролдоо тартиби жана жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Калктын санитардык-эпидемиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2001-жыл, № 6, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
47-берененин биринчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "тоскоолдуксуз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын "Дары-дармек каражаттар жөнүндө" Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Дары-дармек каражаттар жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 31-беренеде:
биринчи бөлүгү "дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканаларды текшерет" деген сөздөрдөн мурда "ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тууралуу мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2005-жыл, № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 12-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2003-жыл, № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-берененин биринчи бөлүгүнүн алтынчы абзацы алып салынсын.
2. 11-берененин экинчи бөлүгүнүн он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, ошондой эле коомдук контроль органдарынын өкүлдөрүн уюмдагы эмгекти коргоо шарттарын текшерүү жана өндүрүштөгү кырсыктар менен кесиптик ооруларды териштирүү үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө;".
3. 17-берененин экинчи бөлүгүнүн жетинчи абзацы "токтотуу" деген сөздөн мурда "мыйзамда белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
4. 18-берене күчүн жоготту деп табылсын.
5. 19-берененин биринчи бөлүгүндөгү "эмгекти коргоо чөйрөсүн контролдоочу мамлекеттик органдар менен бирдей укукка ээ болуучу" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын "Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 44-беренеде:
экинчи абзацындагы "белгиленген тартипте кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы "текшерүү" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|