Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-февралы № 66
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жөнөтүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 327-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгер келишимде башкача каралбаса, күрөө укугу күрөөгө коюлган мүлктү пайдалануудан алынган түшүмгө, продукцияга жана кирешелерге карата колдонулат.".
2. 328-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күрөө жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- келишимдин тараптары;
- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин баяндамасы, ал милдеттенменин максимум суммасы менен чагылдырылышы мүмкүн;
- күрөөнүн предметинин аны идентификациялоо үчүн жетиштүү жалпы баяндамасы;
- кыймылсыз мүлк же катталууга тийиш болгон мүлк күрөөгө коюлган учурда - андай мүлктү күрөө берүүчүгө таандык кылуучу укук, анда укукту белгилөөчү документтердин реквизиттерин, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда аныкталчу башка шарттарды көрсөтүү менен.
Эгер күрөө кармоочунун укугу күрөө кагазы менен ырасталса, анда ал күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.".
3. 331-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацындагы "өткөрүп берип жатканда тараптар макулдашкан акчалай наркына салыштырганда" жана, "ал эми мындай макулдашуу болбогондо -" деген сөздөр алып салынсын.
4. 332-статьянын 1-пункту "киреше" деген сөздөн кийин ", эгер күрөөгө коюучу менен күрөө кармоочунун ортосундагы келишимде башкача каралбаса, аларга күрөө укугу колдонулат" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 334-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|