Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-февралы №67
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 30-статьянын бешинчи бөлүгүндө "жыйырма" жана "жүз" деген сөздөр иретине жараша "жүз" жана "эки жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2. 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 326-1-статья менен толукталсын:
"326-1-статья. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына
кошулууга техникалык шарттарды берүүдөн мыйзамсыз
баш тартуу же белгиленген тартипте бербөө, ошондой
эле инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына
кошулуунун тартибин бузуу
Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулууга техникалык шарттарды берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу же белгиленген тартипте бербөө, ошондой эле инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулууга техникалык шарттарды берүүдөн негиздүү баш тартууну белгиленген тартипте кабарлабоо, -
кызмат адамдарына жүз эсептик көрсөткүчтүн эсебинде администрациялык айып салууга кириптер кылат.
Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуудан мыйзамсыз баш тартуу же инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун белгиленген тартибин бузуу, -
кызмат адамдарына жүз эсептик көрсөткүчтүн эсебинде администрациялык айып салууга кириптер кылат.
Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле иштер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
эки жүз эсептик көрсөткүчтүн эсебинде администрациялык айып салууга жана кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотууга кириптер кылат.".
3. 404-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"404-статья. Лицензияны же уруксатты берүүдөн мыйзамсыз баш
тартуу же белгиленген тартипте бербөө
Лицензияны же уруксатты берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу же белгиленген тартипте бербөө, ошондой эле лицензия же уруксат берүүдөн негиздүү баш тартылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлабоо, -
кызмат адамдарына жүз эсептик көрсөткүчтүн эсебинде администрациялык айып салууга кириптер кылат.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле иштер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
эки жүз эсептик көрсөткүчтүн эсебинде администрациялык айып салууга жана кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотууга кириптер кылат.".
4. 452-статьядагы "он" деген сөз "жүздөн эки жүзгө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 454-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"454-статья. Курулушка мыйзамда каралган уруксат албастан
объекттерди куруу
Курулушка мыйзамда каралган, макулдашылган долбоордук документтердин жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда экспертизанын оң корутундусунун негизинде берилчү уруксат албастан объекттерди куруу, -
мыйзамсыз түрдө салынган объекттерди бузуу менен жеке жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга эки жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү администрациялык айыпты салууга кириптер кылат.".
6. 456-статьяда:
- биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "экиден бешке чейин эсептик көрсөткүчтүн" деген сөздөр "объектти баштапкы абалына келтирүү менен жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүгү алып салынсын.
7. 465-статьядагы "бекитилген долбоордук документацияга ылайык объектини калыбына келтирүү менен аткарылган иштердин наркынын ондон жыйырма пайызы өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "объектти баштапкы абалына келтирүү менен жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 466-статьянын экинчи абзацындагы "курулушту токтотуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "белгиленген тартипте кабыл алынганга чейин курулушту токтотуу менен жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 468-1-статья менен толукталсын:
"468-1-статья. Долбоордук документтерди иштеп чыгууда долбоорлоо
ченемдерин бузуу
Долбоорлоо уюму же долбоорлоочу долбоорлоо документтерин иштеп чыгууда долбоорлоо ченемдерин бузса, -
жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга кириптер кылат.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ушул иш аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
эреже бузууну оңдоо же жеке жакты тийиштүү лицензиясынан же квалификациялык сертификатынан ажыратуу менен жеке жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эки жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.".
10. 469-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"469-статья. Объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландоо
шарттарын берүүнүн, долбоорлоо документтерин
макулдашуунун жана экспертизалоонун тартибин бузуу
Кызмат адамдары объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын берүүнүн, долбоорлоо документтерин макулдашуунун жана экспертизалоонун тартибин бузушу, -
кызмат адамдарына жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган иштер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
эки жүз эсептик көрсөткүчтүн эсебинде администрациялык айып салууга жана кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотууга кириптер кылат.".
11. 470-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.
12. 471-статьяда:
- экинчи абзацындагы "экспертизанын корутундусун жок кылуу менен жүргүзүлгөн иштердин наркынын ондон жыйырма пайызы" деген сөздөр "экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу менен жүз эсептик көрсөткүчтүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган иштер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
эки жүз эсептик көрсөткүчтүн эсебинде администрациялык айып салууга жана кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотууга же мындай иште иштөөгө үч жыл бою тыюу салууга кириптер кылат.".
13. 472 жана 473-статьялар күчүн жоготту деп эсептелсин.
14. 474-статьяда:
- экинчи абзацындагы "жол берилген тартип бузууну жана бракты күнөөлүү адамдын эсебинен оңдоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүндө" деген сөздөр "жол берилген эреже бузууну оңдоо менен жетимиш беш эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган иштер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
эреже бузууну оңдоо же жеке жакты тийиштүү лицензиясынан же квалификациялык сертификатынан ажыратуу менен жеке жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эки жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.".
15. 475-477-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"475-статья. Көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерди
өзгөртүү менен курулуш объекттерин,
реконструкциялоонун, арналышын өзгөртүүнүн жана кайра
пландоонун объекттерин пайдаланууга кабыл алуунун
тартибин бузуу
Көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен курулуш объекттерин, реконструкциялоонун, арналышын өзгөртүүнүн жана кайра пландоонун объекттерин пайдаланууга кабыл алуунун тартибин бузуу, -
кызмат адамдарына жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган иштер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
эки жүз эсептик көрсөткүчтүн эсебинде администрациялык айып салууга жана кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотууга кириптер кылат.
476-статья. Жаңы курулуш объектин, көлөмдүк-пландык жана
конструкциялык чечимдери өзгөртүлгөн
реконструкцияланган, арналышы өзгөртүлгөн объекттерди
белгиленген тартипте эксплуатацияга кабыл албастан
пайдалануу
Жаңы курулуш объектин, көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдери өзгөртүлгөн реконструкцияланган, арналышы өзгөртүлгөн объекттерди белгиленген тартипте эксплуатацияга кабыл албастан пайдалануу, -
Объект белгиленген тартипте кабыл алынганга чейин аны пайдаланууну токтотуу менен юридикалык жактарга же жеке жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга эки жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
477-статья:
"477-статья. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл
органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо же өз убагында
аткарбагандык
Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо же өз убагында аткарбагандык, -
Эреже бузуулар жоюлганга чейин курулушту токтотуу менен юридикалык жактарга элүү эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган иштер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
Эреже бузууну оңдоо же жеке жакты тийиштүү лицензиясынан же квалификациялык сертификатынан ажыратуу менен жеке жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.".
16. 478 жана 482-статьялар күчүн жоготту деп эсептелсин.
17. 525-статьяда:
- биринчи бөлүгүндө:
"статьянын биринчи бөлүгүндө" деген сөздөр алып салынсын;
"455-475, 477-480, 482-486" деген цифралар иретине жараша "455-469, 471, 474, 475, 477, 479, 480, 483-486" деген цифраларга алмаштырылсын;
- экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органынын жетекчиси;".
18. 534-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "326" деген цифра "326-1" деген цифрага алмаштырылсын.
19. 541-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "454-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр алып салынсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|