КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-февралы №68
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
416-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыймылсыз мүлк объекттеринин сатуу-сатып алуу келишими ушул Кодекстин 25-беренесине ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана мыйзамда каралган учурларды кошпогондо милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|