Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-февралы №70
"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64 жана 65-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорду кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., №2, 97-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери болуп эсептелген инженердик-техникалык кызматтар үчүн милдеттенмелерди аныктоо жолу менен ишке ашырылуучу жөнгө салуу, ушул субъекттер чыгаруучу (сатуучу) товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөнү толук көлөмдө канааттандыруу мүмкүн эмес болгон учурда инженердик-техникалык камсыздоонун тиешелүү тармактарын өнүктүрүүнү ишке ашыруу;".
2. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8-берене. Табигый жана уруксат берилген монополиялар
субъекттеринин милдеттери
1. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери аларга карата ушундай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыгарууга (сатууга) табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин мүмкүнчүлүктөрү болгон учурда ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулуучу товарларды чыгарууга (сатууга) айрым керектөөчүлөр (абоненттер) менен келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери болуп эсептелген инженердик-техникалык кызматтар инженердик-техникалык тармактарга кошулууга техникалык шарттарды берүүгө жана аларга карата ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулуучу товарларды чыгарууга (сатууга) керектөөчүлөр (абоненттер) менен келишим түзүүгө милдеттүү.
2. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери монополияга каршы органга же мамлекеттик жөнгө салуунун тармактык органына төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
- инвестициялардын, бизнес-пландардын долбоорлорун, капиталдык салымдардын пландарынын долбоорлорун;
- монополияга каршы орган жана мамлекеттик жөнгө салуунун тармактык органдары тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө өзүнүн иши жөнүндө учурдагы отчетторду.
3. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери болуп эсептелген инженердик-техникалык кызматтар мыйзамда белгиленген тартипте архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына электр-, жылуулук-, газ-, суу менен жабдуу жана суу бөлүү жаатындагы инженердик-техникалык камсыздоонун бардык болгон жана пландалуучу тармактарынын схемаларын жана толук маалыматты берүүгө милдеттүү.
Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери болуп эсептелген инженердик-техникалык кызматтар мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына ресурстардын болушу жөнүндө маалыматтары менен инженердик-техникалык тармактардын схемаларын жайгаштырууга милдеттүү. Бул маалымат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча да берилет.
4. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери басмырлоочу шарттарда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга укуксуз.".
3. 9-берененин I бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүү эрежелерине, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилүүчү товарлар (кызмат көрсөтүүлөр) берилүүчү инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын өнүгүшүнө мамлекеттик контролдоону жүргүзөт;
- табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери болуп эсептелген инженердик-техникалык кызматтардын алар аркылуу ушул товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) берүү ишке ашырылуучу инженердик-техникалык камсыздоонун болгон жана пландалуучу схемалары, товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) болушу жөнүндө маалыматты беришине мамлекеттик контролдоону жүргүзөт.".
4. 10-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттерине милдеттүү түрдө тейленүүгө тийиш болгон керектөөчүлөр (абоненттер) менен келишимдерди түзүү, түзүлгөн келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) берүү ишке ашырылчу инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын өнүктүрүү тууралуу аткарылышы милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү жиберүүгө;".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|