Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-февралы №73
"Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-пунктуна жана 65-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., №3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-статья. Автордук, техникалык жана мамлекеттик
архитектуралык-курулуштук көзөмөл
1. Кыргыз Республикасынын аймагында курулчу объекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте автордук, техникалык жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга тийиш.
2. Курулуш объекттеринин опурталдуулук даражасы боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө же курулуш жумуштарын аткарууда техникалык көзөмөлгө алынчу категорияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Курулушка автордук көзөмөл эксплуатацияга киргизилчү курулуш объекттеринин архитектуралык-курулуштук, технологиялык же башка техникалык чечилиштери долбоордук чечимдерге ылайык келишин камсыздоо максатында ишке ашырылат.
4. Курулуш жумуштарынын аткарылышына техникалык көзөмөл архитектуралык-курулуштук, технологиялык же башка техникалык чечилиштердин шайкештигин камсыздоо максатында ишке ашырылат.
5. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл курулуш процессинде аткарылчу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайыктыгын текшерүү максатында ишке ашырылат.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|