Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-февралы №74
"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине жана 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., №5, 420-берене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 70-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Убактылуу сактоочу кампалардын инфраструктурасына, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2. 101-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Убактылуу сактоочу кампалардын инфраструктурасына, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
3. 320-беренеде:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароонун натыйжалары боюнча товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалыматтарга жана берилген документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бир түргө келтирүү каражаттарынын бүтүндүктөрү же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилеринин бузуулары аныкталганда кароону жүргүзгөн бажы органынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү формада акт түзүлөт. Кароонун жыйынтыгы менен актынын экинчи нускасы товарлар жана (же) транспорттук каражаттарына карата ыйгарым укукка ээ болгон жакка тапшырылат.";
- 5-пункттан кийин "1." жана "2." деген цифралар тиешелүү түрдө "6." жана "7." деген цифраларга алмаштырылсын;
- 9-пункттун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бажылык жеткире кароонун натыйжалары боюнча товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалыматтарга жана берилген документтерге туура келбегендиги же товарлардын жана товарлардын бузулушун көрсөтүүчү белгилер аныкталганда бажы органынын кызматкерлери тарабынан эки нускада жеткире кароо актысы түзүлөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|