КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы №76 «Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө»бирдиктүү терезе«принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-февралы №76
Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы №464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №315 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясы жөнүндө" токтомуна ылайык, тышкы соода операциялары боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун тиркелген техникалык-экономикалык негиздемеси жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун 1-фазасын ишке ашыруу боюнча тиркелген иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары менен бирдикте:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чара көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ишкана түзүү мүмкүндүгүн караштырсын жана 2009-жылдын II кварталынын аягына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү сунуш киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |