Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 6-февралы №78
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
1-берене.
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-жыл, 13-май, № 33) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-берененин 1-бөлүгүндөгү "20 миң сомдон көп эмес" деген сөздөр "100 миң сомдон көп эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 20-беренеде:
- 2-бөлүктөгү "Депозиттерди коргоо системасына кирүү үчүн банк" деген сөздөр "Депозиттерди коргоо системасынын катышуучу банкы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "системасына кирүүнүн" деген сөздөр "системанын катышуучу банкы үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-бөлүктө:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Улуттук банктан банк ишин жүргүзүү укугуна лицензия алгандан жана банк тарабынан Депозиттерди коргоо фондуна мүчөлүк акыны которгондон кийин, Улуттук банк банктын депозиттерди коргоо системасына катышууга билдирмесинин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен банк лицензиясы берилгенин тактоочу билдирүүнү Агенттикке жөнөтөт. Улуттук банктын билдирүүсү банкты депозиттерди коргоо системасына катышуучу банктын реестрине каттоо үчүн негиз болуп саналат. Агенттик белгиленген тартипте каттоодон өткөргөн учурдан тартып банк депозиттерди коргоо системасына катышуучу болуп калат";
үчүнчү абзац алып салынсын.
3. 21-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Банкты депозиттерди коргоо системасында каттоо аны катышуучу банктардын реестрине киргизүү жолу менен Агенттик тарабынан жүзөгө ашырылат".
4. 21-берененин 5-бөлүгүндөгү "24-беренесине" деген сөздөр "25-беренесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 23 жана 24-беренелер күчүн жоготту деп табылсын.
6. 25-берененин 8-бөлүгү "жумушчу күндөн кечиктирбестен" деген сөздөрдөн кийин "банктын борбордук (башкы) офисинин кире беришине жана операциялык залдарга, филиалдарына, сактык кассаларына жана" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 26-беренеде:
- 2-бөлүктүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1) Өкмөт - 76 процент;
2) иштеп жаткан банктар - 24 процент.";
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Депозиттерди коргоо фондусуна, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Депозиттерди коргоо фондусунун максаттуу өлчөмүнүн банктар салууга тийиш болгон бөлүгүн кошо алганда, Депозиттерди коргоо фондунун ушул Мыйзамдын 43-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген максаттуу өлчөмүнүн суммасынын 100 проценти өлчөмүндө бир жолку төлөмдү чегерет.
Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан депозиттерди коргоо системасына өтүшкөн катышуучу банктар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы милдеттенмелер жөнүндө келишим түзөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чегерген Депозиттерди коргоо фондусундагы коммерциялык банктардын үлүшүн жоюуга чейин банктар Депозиттерди коргоо фондусуна ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген төлөмдөрдү жүзөгө ашырышат. Банктардын аталган төлөмдөрү Депозиттерди коргоо фондусуна түшкөндөн кийинки үч жумуш күндүн ичинде Агенттик тарабынан ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төлөгөн сумма толугу менен жоюлганга чейин республикалык бюджетке багытталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төлөгөн сумма толугу менен жоюлган күнгө чейин катышуучу банкка карата гарантиялык учур келип жеткенде Агенттик ушул катышуучу банк тарабынан берилген гарантиялык учур келип жеткен күнгө карата катышуучу банктын жалпы депозитардык базасы жөнүндө маалыматтын негизинде ушул Мыйзамдын ушул беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Депозиттерди коргоо фондуна ушул катышуучу банк тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон сумманы эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен келишимге кол койгон катышуучу банкка карата гарантиялык учур келип жеткен шартта активдерди бөлүштүрүү процессинде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык Агенттик тарабынан эсептелген катышуучу банктын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы милдеттенмелеринин суммасы "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген төлөмдөрдүн кезегине ылайык кредиторлордун кезеги боюнча бешинчи орунда жоюлууга тийиш.".
8. 29-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында:
- "Мүчөлүк акылар" деген сөздөр "Мүчөлүк акылардын өлчөмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- "2-пунктта" деген сөздөр алып салынсын.
9. 32-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
10. 33-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"33-берене. Агенттиктин эсептери жана инвестициялык саясаты;
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана коммерциялык банктардын төлөмдөрүнүн эсебинен Депозиттерди коргоо фондусун толуктоо үчүн каралган Агенттиктин эсеби, Улуттук банкта ачылууга жана тейленүүгө тийиш.
Агенттиктин операциялык чыгымдары жана башка сарптоолору үчүн каралган анын банктык эсептери коммерциялык банктарда ачылат.";
- 3-бөлүк "2 пайызынан" деген сөздөрдөн мурда "депозиттерди коргоо фондусунун максаттуу өлчөмүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 43-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Бул Мыйзамдын гарантиялык учур келип жеткендигине жана анын натыйжаларына тийиштүү ченемдери, ушул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата иштеп жаткан бардык банктардын кепилденген депозиттеринин, бул Мыйзам күчүнө кирген күнгө чейинки акыркы отчеттук күнгө карата эсептелген 15 процентине барабар Депозиттерди коргоо фондусунун максаттуу маанисине жеткенден кийин гана күчүнө кирет.".
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн кийин 30 күндүн ичинде "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 26-беренесинин 4-пунктунда каралган Депозиттерди коргоо фондусуна төлөмдөрдү жүзөгө ашырсын.
3. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып иштеп жаткан коммерциялык банктар Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банктар деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын билдирмесинин негизинде Агенттик иштеп жаткан банктарды депозиттерди коргоо системасынын катышуучу банктарынын реестрине киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|