Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-февралы №79
2009-жылдагы жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта жүргүзүү боюнча чаралар тууралуу жана Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын жана айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрү менен камсыздоодо аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо, колдогу резервдерди пайдалануу боюнча жер-жерлерде көрүлгөн уюштуруу чаралары республикада 2008-жылдагы талаа жумуштарын жүргүзүү темпине жакшы таасир тийгизгендигин белгилейт.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 2008-жылы 1159,9 миң гектарды түзүп, 2007-жылга салыштырмалуу 31,1 миң гектарга же 2,8 процентке көбөйдү. Пайдаланылбаган айдоо аянты 2008-жылга салыштырмалуу 36,8 миң гектарга азайып, 108,2 миң гектарды түзгөн. Дан жана дан буурчак өсүмдүктөрү 2008-жылы 655,1 миң гектарга айдалып, 2007-жылга карата 107,2 процент түзүп, 44,0 миң гектарга көбөйгөн. Буудай себүү аянттары 392,5 гектарга чейин кеңейтилген же 2007-жылга салыштырмалуу 35,1 миң гектарга көбөйтүлгөн.
Ошону менен бирге республикада кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөө тенденциясы сакталууда. Дан өсүмдүктөрүнүн 2008-жылдагы түшүмдүүлүгүнүн иштелип чыккандан кийинки салмагы 23,2 ц/га түзгөн же 1,1 ц/га азыраак, анын ичинде буудай - 19,4 ц/га же 2007-жылдын деңгээлине карата 0,6 ц/га азыраак болгон.
Табигый-климатикалык катаал шарттар (апрелдеги үшүк, дан байлаган учурдагы кургакчылык, селдер жана мөндүрлөр) менен катар түшүмдүн төмөндөшүнө себүү материалдардын сапатынын төмөндүгү алып келүүдө. 2008-жылы республика боюнча өндүрүш айдоолору үчүн буудай 46 процент, арпа - 60 процент, текшерилбеген үрөн материалы, анын ичинде Талас облусунда тиешелүү түрдө 84 жана 83 процент, Чүй облусунда - тиешелүү түрдө 53 жана 61 процент пайдаланылган.
Баштапкы үрөнчүлүк чарбасын жүргүзүү укугу бар мамлекеттик үрөнчүлүк чарбаларынын финансы-экономикалык абалынын оордугунан жазгы арпанын супер элита жана элита үрөндөрүнүн өндүрүш көлөмү кескин кыскарган, сорт жаңылоо жана сорт алмаштырууну жүргүзүүдө жагымсыз жагдайлар түзүлүп жатат. Республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын буудайдын супер элита жана элита үрөндөрүнүн керектөөсү 1205 тонна болсо, иш жүзүндө 269 тонна, же 22,3 процент сатып алынган, ал эми арпанын супер элита жана элита үрөндөрүнүн керектөөсү 600 тонна болсо, анын 40 тоннасы, же 6,6 проценти сатып алынган.
Сорт алмаштыруу туруктуу жүргүзүлбөйт, натыйжада республиканын үрөнчүлүк чарбалары төмөнкү түшүмдүүлүк касиеттеги - аз түшүм берүүчү жана нан бышыруулук, технологиялык сапаттары төмөн үчүнчү жана жалпы репродукциядагы үрөн материалдарын өндүрүүдө.
Жылдан жылга жазгы арпа менен буудайдын сертификацияланган үрөнүнүн көлөмү азаюуда. Республика боюнча 2009-жылдын жазгы себүүсү үчүн буудайдын үрөнүнө керектөө - 32,6 миң тоннаны түзсө, иш жүзүндө 20,8 миң тонна даярдалган же 11,8 миң тонна жетишпейт; жазгы арпанын үрөнү боюнча - тиешелүү түрдө 20,9 миң тонна, 10,1 миң тонна, 10,8 миң тонна жетишпейт. 2008-жылдын апрелиндеги үшүктөрдөн жана жайкы кургакчылыктан Чүй облусунун чарбаларында себүү үчүн жазгы буудайдын үрөнү 3,5 миң тонна, жана жазгы арпа үрөнү - 8,0 миң тонна жетишпейт. Нарын облусунда кургакчылыктын жана суунун аздыгынын натыйжасында себүү үчүн жазгы буудайдын үрөнү - 3,6 миң тонна, жана жазгы арпа үрөнү - 1,8 миң тонна жетишпейт.
"Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан берилген каражаттардан "2009-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрдү күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августундагы № 446 токтому менен биринчи жана экинчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларына кредит берүү үчүн 60,0 млн.сом жиберилген, кредит жана салык боюнча карызы болгондуктан 89 чарбанын ичинен 16 чарба гана 7 млн.сом суммасына кредит алышкан.
Жазгы-талаа жумуштарын 2009-жылы уюшкандыкта жүргүзүү жана республиканын үрөнчүлүк чарбаларын жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү буудай менен арпанын жогорку сапаттагы үрөн материалдары менен камсыздоодо аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө 2009-жылдагы жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта жүргүзүүнү камсыздашсын.
2. 2009-жылы айыл чарба жумуштарына даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү боюнча № 1 тиркемеге ылайык курамда республикалык штаб (мындан ары - Республикалык штаб) түзүлсүн.
Республикалык штабдын жумушчу органы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги болуп белгиленсин.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары:
- 2009-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн № 2 тиркемеге ылайык аткаруу үчүн кабыл алышсын;
- 2009-жылга себүү аянттарынын тиешелүү түзүмдөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткиришсин;
- облустарда жана райондордо ушул сыяктуу жумушчу штабдарды түзүшсүн;
- төмөнкүлөрдү камсыздашсын:
жумушчу штабдардын ыкчам жана иштиктүү иштешин;
Республикалык штабдын жумушчу органдары белгиленген форма боюнча айыл чарба жумуштарын жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө оперативдүү маалыматты жума сайын берүүнү;
себүүчү, жер иштетүүчү жана транспорттук айыл чарба техникасынын өз учурунда даяр болушун;
пайдаланылбаган айдоолордун ишке максималдуу киргизилишин;
ички чарбалык сугат системасынын ным топтоочу жана вегетациялык сугат жүргүзүүнү баштоого даярдалышын;
күйүүчү-майлоочу материалдардын, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо каражаттарынын зарыл көлөмдөгү запастарынын топтолушун.
- 2009-2011-жылдарга үрөнчүлүк айдоо үчүн аянттарын жана ушул токтомдун № 3 тиркемесине ылайык күздүк жана жазгы себүү үчүн буудайдын жана арпанын сорттуу үрөнүн өстүрүү боюнча тапшырмаларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткиришсин;
- дыйкан жана фермер чарбаларында буудай жана арпанын экинчи жана үчүнчү репродукциясындагы сорттуу үрөндөрүнүн өстүрүлүшүн уюштурушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жазгы буудайдын жана арпанын супер элита жана элита үрөнүн сатып алуу (түз сатып алуу ыкмасы менен) үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 504 "Кыргыз Республикасынын "2008-2010-жылдарга карата буудайдын үрөнчүлүгүн өнүктүрүү" мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен каралган каражаттардын чегинде 21,9 млн.сомду эки жумалык мөөнөттө бөлүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги:
- ушул токтомдун 4-пунктунда аталган каражаттарга жазгы буудайдын жана арпанын супер элита жана элита үрөнүн, анын ичинде "Мамлюк" сортундагы жазгы арпанын, анын ичинен Россия Федерациясынын Ставрополь крайынан 60 тонна - супер элита, 120 тонна - элита үрөнүн сатып алсын;
- сатып алынган жазгы буудайдын жана арпанын супер элита жана элита үрөнүн процентсиз товардык кредит түрүндө 2009-жылдагы жазгы себүүнүн сортун жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн № 4 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду аркылуу тиешелүү кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк милдеттенмелерди тариздөө менен 2009-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларына бөлүштүрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте мамлекеттик карыз каражаттар (Япония Өкмөтүнүн грантынын линиясы жана Кытай Эл Республикасынын гранты боюнча 10 жылдын ичинде төлөө мөөнөтү менен берилген кредиттерден тышкары) боюнча карызды жоюунун эсебине сунуштаган үрөнчүлүк чарбалардан жана башка чарбакер субъекттерден жазгы буудай жана жазгы арпанын биринчи, экинчи, үчүнчү репродукциядагы үрөнүн мүмкүн болушунча максималдуу көлөмдө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүн республикалык мамлекеттик үрөн фондуна топтосун;
- үрөндүн сорттуу жана себүү сапатына шайкеш келүүсүн текшерсин:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жазгы буудайдын жана жазгы арпанын үрөнүн пайдалануу боюнча сунуштарды товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссияга киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик эки жумалык мөөнөттө:
- үрөн материалына байланыштуу ички рынокто түзүлгөн кырдаалга талдоо жүргүзсүн;
- жазгы буудайдын жана жазгы арпанын төмөнкүдөй сорттуу үрөндөрүнө сатып алуу бааларын белгилесин:
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон;
2009-жылдын жазгы себүүсүнө пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан сатып алынган.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жазгы буудай жана жазгы арпанын үрөндөрү түрүндөгү товардык кредиттерди алуучулар менен документтерди тариздесин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 79 токтомуна № 1 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри - штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри - штабдын төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору;
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | Н.Айтмурзаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №79 токтомуна №2 тиркеме |
Өсүмдүктөрдүн аталышы | Республика боюнча | Анын ичинде облустар боюнча | ||||||
Баткен | Жалал- Абад | Ысык- Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | ||
Айдоо аянты | 1166,47 | 61,70 | 147,40 | 184,50 | 106,14 | 164,90 | 102,21 | 399,62 |
Дан эгиндер бардыгы | 658,84 | 39,60 | 73,70 | 101,10 | 33,94 | 95,30 | 61,30 | 253,90 |
анын ичинен буудай | 411,80 | 22,90 | 47,50 | 77,30 | 23,60 | 72,90 | 16,60 | 151,00 |
Арпа | 121,40 | 6,40 | 1,20 | 22,70 | 10,20 | 5,80 | 0,50 | 74,60 |
Жүгөрү | 76,30 | 6,30 | 21,80 | - | 0,10 | 14,90 | 6,50 | 26,70 |
Дан буурчакта | 41,10 | 1,90 | - | 0,70 | - | 0,20 | 37,70 | 0,60 |
Башкалар | 8,24 | 2,10 | 3,20 | 0,40 | 0,04 | 1,50 | - | 1,00 |
Кант кызылчасы | 0,80 | - | - | - |
|
| 0,10 | 0,70 |
Пахта | 28,50 | 0,30 | 18,50 | - | - | 9,70 | - | - |
Тамеки | 4,12 | 0,60 | 0,40 |
|
| 3,10 | - | 0,02 |
Май өсүмдүктөрү | 67,10 | 4,80 | 26,90 | 0,40 | 0,20 | 22,60 | 2,80 | 9,40 |
Картөшкө | 84,90 | 2,10 | 7,00 | 34,00 | 6,20 | 9,80 | 15,00 | 10,80 |
Жашылча лар | 42,00 | 2,30 | 6,80 | 2,30 | 0,70 | 6,40 | 3,80 | 19,70 |
Бахча өсүмдүктөрү | 5,61 | 0,30 | 1,50 | - | - | 1,60 | 0,01 | 2,20 |
Тоют өсүмдүктөрү | 274,60 | 11,70 | 12,60 | 46,70 | 65,10 | 16,40 | 19,20 | 102,90 |
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр | Н. Айтмурзаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 79 токтомуна № 3 тиркеме |
Облустардын, райондордун аталышы жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү | Камсыздандыруу жана өтмө запастарын эске алуу менен кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө болгон жылдык керектөө, тонна | Үрөн себүү үчүн талап кылынуучу сугат айдоо, га | Үрөн себүү үчүн үрөн чарбаларындагы сугат айдоо, га | Үрөн себүү үчүн жетишпеген сугат айдоо, га | Дыйкан жана фермер чарбаларында үрөн себүү үчүн айдоо бөлүү боюнча тапшырма | ||
2009-ж. | 2010-ж. | 2011 -ж. | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
Республика боюнча | 142791 | 49422 | 22392 | 27030 | 6758 | 9460 | 10812 |
буудай | 115084 | 38342 | 16388 | 21954 | 5488 | 7684 | 8782 |
арпа | 27707 | 11080 | 6004 | 5076 | 1270 | 1776 | 2030 |
Баткен облусу | 6002 | 2086 | 292 | 1794 | 448 | 628 | 718 |
буудай | 4704 | 1567 | 219 | 1348 | 337 | 472 | 539 |
арпа | 1298 | 519 | 73 | 446 | 111 | 156 | 179 |
Баткен району | 1135 | 386 | 44 | 342 | 85 | 120 | 137 |
буудай | 1015 | 338 | 38 | 300 | 75 | 105 | 120 |
арпа | 120 | 48 | 6 | 42 | 10 | 15 | 17 |
Кадамжай району | 1926 | 642 | 170 | 472 | 118 | 165 | 189 |
буудай | 1926 | 642 | 170 | 472 | 118 | 165 | 189 |
Лейлек району | 2941 | 1058 | 78 | 980 | 245 | 343 | 392 |
буудай | 1763 | 587 | 47 | 540 | 135 | 189 | 216 |
арпа | 1178 | 471 | 31 | 440 | 110 | 154 | 176 |
Жалал-Абад облусу | 11295 | 3781 | 1541 | 2240 | 560 | 784 | 896 |
буудай | 11041 | 3680 | 1508 | 2172 | 543 | 760 | 869 |
арпа | 254 | 101 | 33 | 68 | 17 | 24 | 27 |
Аксы району | 805 | 268 | 137 | 131 | 33 | 46 | 52 |
буудай | 805 | 268 | 137 | 131 | 33 | 46 | 52 |
Ала-Бука району | 1863 | 621 | 252 | 369 | 92 | 129 | 148 |
буудай | 1863 | 621 | 252 | 369 | 92 | 129 | 148 |
Базар-Коргон району | 1426 | 478 | 131 | 347 | 87 | 121 | 139 |
буудай | 1380 | 460 | 126 | 334 | 83 | 117 | 134 |
арпа | 46 | 18 | 5 | 13 | 4 | 4 | 5 |
Ноокен району | 1713 | 571 | 486 | 85 | 21 | 30 | 34 |
буудай | 1713 | 571 | 486 | 85 | 21 | 30 | 34 |
Сузак району | 4030 | 1352 | 407 | 945 | 237 | 330 | 378 |
буудай | 3900 | 1300 | 390 | 910 | 228 | 318 | 364 |
арпа | 130 | 52 | 17 | 35 | 9 | 12 | 14 |
Токтогул району | 575 | 192 | 32 | 160 | 40 | 56 | 64 |
буудай | 575 | 192 | 32 | 160 | 40 | 56 | 64 |
Тогуз-Торо району | 518 | 176 | 46 | 130 | 33 | 45 | 52 |
буудай | 460 | 153 | 39 | 114 | 28 | 40 | 46 |
арпа | 58 | 23 | 7 | 16 | 5 | 5 | 6 |
Чаткал району | 365 | 123 | 50 | 73 | 19 | 25 | 29 |
буудай | 345 | 115 | 46 | 69 | 18 | 24 | 27 |
арпа | 20 | 8 | 4 | 4 | 1 | 1 | 2 |
Ысык-Көл облусу | 33743 | 11595 | 2664 | 8931 | 2233 | 3126 | 3572 |
буудай | 28477 | 9490 | 2233 | 7257 | 1815 | 2540 | 2302 |
арпа | 5266 | 2105 | 431 | 1674 | 418 | 586 | 670 |
Ак-Суу району | 9865 | 3373 | 945 | 2428 | 607 | 850 | 971 |
буудай | 8589 | 2863 | 803 | 2060 | 515 | 721 | 824 |
арпа | 1276 | 510 | 142 | 368 | 92 | 129 | 147 |
Жети-Өгүз району | 4960 | 1717 | 312 | 1405 | 351 | 492 | 562 |
буудай | 3994 | 1331 | 240 | 1091 | 273 | 382 | 436 |
арпа | 966 | 386 | 72 | 314 | 78 | 110 | 126 |
Ысык-Көл району | 4798 | 1637 | 458 | 1179 | 295 | 413 | 471 |
буудай | 4223 | 1407 | 394 | 1013 | 254 | 354 | 405 |
арпа | 575 | 230 | 64 | 166 | 41 | 59 | 66 |
Тоң району | 3090 | 1054 | 810 | 244 | 62 | 85 | 97 |
буудай | 2711 | 903 | 688 | 215 | 54 | 75 | 86 |
арпа | 379 | 151 | 122 | 29 | 8 | 10 | 11 |
Түп району | 11030 | 3814 | 139 | 3675 | 919 | 1286 | 1470 |
буудай | 8960 | 2986 | 108 | 2878 | 720 | 1007 | 1151 |
арпа | 2070 | 828 | 31 | 797 | 199 | 279 | 319 |
Нарын облусу | 9871 | 3472 | 1588 | 1884 | 472 | 659 | 753 |
буудай | 7138 | 2379 | 1080 | 1299 | 324 | 455 | 520 |
арпа | 2733 | 1093 | 508 | 585 | 148 | 204 | 233 |
Ат-Башы району | 1349 | 506 | 130 | 376 | 94 | 132 | 150 |
буудай | 502 | 167 | 43 | 124 | 31 | 43 | 50 |
арпа | 847 | 339 | 87 | 252 | 63 | 89 | 100 |
Ак-Талаа району | 1692 | 574 | 297 | 277 | 69 | 97 | 111 |
буудай | 1543 | 514 | 264 | 250 | 63 | 87 | 100 |
арпа | 149 | 60 | 33 | 27 | 6 | 10 | 11 |
Жумгал району | 1881 | 637 | 268 | 369 | 92 | 129 | 148 |
буудай | 1723 | 574 | 241 | 333 | 84 | 116 | 133 |
арпа | 158 | 63 | 27 | 36 | 8 | 13 | 15 |
Кочкор району | 3185 | 1141 | 478 | 663 | 166 | 232 | 265 |
буудай | 1998 | 666 | 277 | 389 | 97 | 136 | 156 |
арпа | 1187 | 475 | 201 | 274 | 69 | 96 | 109 |
Нарын району | 1764 | 614 | 415 | 199 | 51 | 69 | 79 |
буудай | 1372 | 457 | 307 | 150 | 38 | 52 | 60 |
арпа | 392 | 157 | 108 | 49 | 13 | 17 | 19 |
Ош облусу | 20419 | 6875 | 1237 | 5638 | 1410 | 1973 | 2255 |
буудай | 19359 | 6451 | 1150 | 5301 | 1326 | 1855 | 2120 |
арпа | 1060 | 424 | 87 | 337 | 84 | 118 | 135 |
Алай району | 431 | 162 | - | 162 | 41 | 56 | 65 |
буудай | 151 | 50 | - | 50 | 13 | 17 | 20 |
арпа | 280 | 112 |
| 112 | 28 | 39 | 45 |
Араван району | 2517 | 839 | 82 | 757 | 190 | 265 | 302 |
буудай | 2517 | 839 | 82 | 757 | 190 | 265 | 302 |
Кара-Суу району | 6023 | 2015 | 502 | 1513 | 379 | 529 | 605 |
буудай | 5910 | 1970 | 487 | 1483 | 371 | 519 | 593 |
арпа | 113 | 45 | 15 | 30 | 8 | 10 | 12 |
Кара-Кулжа району | 1151 | 410 | 71 | 339 | 86 | 118 | 135 |
буудай | 751 | 250 | 43 | 207 | 52 | 72 | 83 |
арпа | 400 | 160 | 28 | 132 | 34 | 46 | 52 |
Ноокат району | 4789 | 1599 | 340 | 1259 | 316 | 440 | 503 |
буудай | 4739 | 1579 | 333 | 1246 | 312 | 436 | 498 |
арпа | 50 | 20 | 7 | 13 | 4 | 4 | 5 |
Өзгөн району | 5508 | 1850 | 242 | 1608 | 402 | 563 | 643 |
буудай | 5291 | 1763 | 230 | 1533 | 384 | 536 | 613 |
арпа | 217 | 87 | 12 | 75 | 18 | 27 | 30 |
Талас облусу | 4450 | 1486 | 788 | 698 | 175 | 244 | 279 |
буудай | 4390 | 1462 | 772 | 690 | 173 | 241 | 276 |
арпа | 60 | 24 | 16 | 8 | 2 | 3 | 3 |
Бакай-Ата району | 1230 | 413 | 207 | 206 | 52 | 72 | 82 |
буудай | 1190 | 397 | 198 | 199 | 51 | 69 | 79 |
арпа | 40 | 16 | 9 | 7 | 1 | 3 | 3 |
Кара-Буура району | 1237 | 413 | 331 | 82 | 21 | 28 | 33 |
буудай | 1217 | 405 | 324 | 81 | 20 | 28 | 33 |
арпа | 20 | 8 | 7 | 1 | 1 | - | - |
Манас району | 1190 | 396 | 210 | 186 | 47 | 65 | 74 |
буудай | 1190 | 396 | 210 | 186 | 47 | 65 | 74 |
Талас району | 793 | 264 | 40 | 224 | 56 | 78 | 90 |
буудай | 793 | 264 | 40 | 224 | 56 | 78 | 90 |
Чүй облусу | 57011 | 20127 | 14282 | 5845 | 1462 | 2045 | 2338 |
буудай | 39975 | 13313 | 9426 | 3887 | 972 | 1360 | 1555 |
арпа | 17036 | 6814 | 4856 | 1958 | 490 | 685 | 783 |
Аламүдүн району | 3938 | 1372 | 1290 | 82 | 21 | 28 | 33 |
буудай | 3072 | 1014 | 955 | 59 | 15 | 20 | 24 |
арпа | 896 | 358 | 335 | 23 | 6 | 8 | 9 |
Жайыл району | 10298 | 3616 | 1322 | 2294 | 573 | 803 | 918 |
буудай | 7538 | 2512 | 912 | 1600 | 400 | 560 | 640 |
арпа | 2760 | 1104 | 410 | 694 | 173 | 243 | 278 |
Кемин району | 4334 | 1576 | 669 | 907 | 227 | 317 | 363 |
буудай | 2356 | 785 | 335 | 450 | 133 | 157 | 160 |
арпа | 1978 | 791 | 334 | 457 | 94 | 160 | 203 |
Москва району | 8432 | 2967 | 2270 | 697 | 174 | 244 | 279 |
буудай | 6085 | 2028 | 1544 | 484 | 127 | 169 | 188 |
арпа | 2347 | 939 | 726 | 213 | 47 | 75 | 91 |
Панфилов району | 8028 | 2882 | 3152 | +270 | - | - | - |
буудай | 4946 | 1649 | 1797 | +148 | - | - | - |
арпа | 3082 | 1233 | 1355 | +122 | - | - | - |
Сокулук району | 12127 | 4299 | 1659 | 2640 | 664 | 924 | 1052 |
буудай | 8279 | 2760 | 1062 | 1698 | 425 | 594 | 679 |
арпа | 3848 | 1539 | 597 | 942 | 239 | 330 | 373 |
Ысык-Ата району | 6866 | 2381 | 3720 | +1339 | - | - |
|
буудай | 5477 | 1825 | 2864 | +1039 | - | - | - |
арпа | 1389 | 556 | 856 | +300 | - | - | - |
Чүй району | 2958 | 1034 | 200 | 834 | 208 | 292 | 334 |
буудай | 2222 | 740 | 140 | 600 | 150 | 210 | 240 |
арпа | 736 | 294 | 60 | 234 | 58 | 82 | 94 |
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр | Н. Айтмурзаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №78 токтомуна №4 тиркеме |
Облустардын аталышы | Жогорку репродукциядагы сорттуу үрөндүн бөлүнүшү, тонна | Бюджеттик каражаттардын суммасы, миң сом | |||||||||
буудай | арпа | буудай | арпа | бардыгы | |||||||
супер элита | элита | бардыгы | супер элита | элита | бардыгы | супер элита | элита | супер элита | элита |
| |
Баткен облусу | 4 | 10 | 14 | - | 3 | 3 | 196,0 | 350,0 | - | 120,0 | 666,0 |
Жалал-Абад облусу | 15 | 25 | 40 | 5 | 12 | 17 | 735,0 | 875,0 | 250,0 | 480,0 | 2340,0 |
Ысык- Көл облусу | 20 | 45 | 65 | 5 | 25 | 30 | 980,0 | 1575,0 | 250,0 | 1000, 0 | 3805,0 |
Нарын облусу | 38 | 65 | 103 | 5 | 22 | 27 | 1862,0 | 2275,0 | 250,0 | 880,0 | 5267,0 |
Ош облусу | 7 | 10 | 17 | 5 | 5 | 10 | 343,0 | 350,0 | 250,0 | 200,0 | 1143,0 |
Талас облусу | 4 | 15 | 19 | - | 3 | 3 | 196,0 | 525,0 | - | 120,0 | 841,0 |
Чүй облусу | 31,3 | 60 | 91,3 | 40 | 60 | 100 | 1533,7 | 2100,0 | 2000,0 | 2400, 0 | 8033,7 |
Республика боюнча | 119,3 | 230 | 349,3 | 60 | 125 | 185 | 5845,7 | 8050,0 | 3000,0 | 5000, 0 | 21895,7 |
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр | Н. Айтмурзаев |